Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев каза болду

Сүрөттүн булагы, КТРК
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды. Ал 86 жаш курагында оорудан улам каза болгонун Би-Би-Сиге кино чөйрөсүндөгү жакындары кабарлады.
Маркум 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунда туулган.
Мар Байжиев III даражадагы "Манас" жана "Данакер" ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз кинематографиясынын отличниги болгон.
Ал драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, кино жана театр режиссёру катары белгилүү.
Байжиев «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларын жазган. «Эрөөл» пьесасынын сюжетине эки опера түзүлгөн. Ошондой эле «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.
Анын сценарийи боюнча улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган.
Автордун аңгемелери боюнча башка студияларда дагы кыска метраждуу бир нече көркөм фильмдер ишке ашырылган. «Акмактардын поезди», «Окуя» көркөм фильмдердин, «Великий эпос» ж.б. документалдуу фильмдерин тарткан. Айрым фильмдери эл аралык фестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыган.
Мар Байжиев Касымалы Жантөшевдин, Тоголок Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон жана «Манас» эпосунун орус тилинде чыгышын даярдоого катышкан.












