Араб дүйнөсүндөгү алгачкы аял өкмөт башчы, вакцинага каршы жалган маалыматтарды өчүргөн YouTube

30-сентябрга карата Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү окуялардын топтому.

Журналистикага тийиштүү мыйзамдарды өзгөртүүгө медиа коомчулук каршы

Кыргызстанда медиа коомчулук массалык маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салган маанилүү мыйзамдарды шашылыш карабай, өзгөртүүсүз калтырууну өтүнүүдө. Бүгүн медиа уюмдар Бишкекте өткөргөн жыйында бийлик органдарына ушундай кайрылуу кабыл алынды.

“Медиа коомчулукту өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө инвентаризациялоого жаткан 359 мыйзамдын ичинен ММКлардын жана журналисттердин ишин жөнгө салган мыйзамдардын ( “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”) биринчи кезекте караштырылып жаткандыгы тынчсыздандырууда”,-деп айтылат кайрылууда.

Жыйында журналисттик мыйзамдарды инвентаризация кылуу боюнча иш чаржайыт жүрүп жатканы, ага концептуалдык мамиле болбой жатканы жөнүндө айтылды. (КС)

Кыргыз киночулары Ташкенттеги эл аралык сынакта

Кыргыз киночулары Ташкенттеги эл аралык сынакта

Сүрөттүн булагы, kyrgyzcinema.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз киночулары Ташкенттеги эл аралык сынакта

Учурда Ташкент шаарында “Жибек жолунун бермети” аттуу эл аралык кинофестиваль өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан атайын делегация катышууда. Бул тууралуу кинематография департаменти билдирди.

Фестивалдын алкагында кыргыз киносунан 7 толук метраждуу жана 5 даректүү тасма көрсөтүлүп, 1 кыскаметраждуу тасма сынактык программага катышат. Андан тышкары, “5 күн ичинде кино” программасында жаш режиссерлор Караш Жанышов менен Чынгыз Сулумбеков катышууда.

Аталган фестиваль Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан демилгеленип, киножаратмандардын эл аралык тажрыйба алмашуусун максат кылган. (MD)

Тунисте араб дүйнөсүндөгү биринчи аял премьер-министр болду

Нажле Боден

Сүрөттүн булагы, Reuters

Тунистин президенти Кайс Саид 63 жаштагы Нажле Боденге өлкөнүн өкмөтүн жетектөөнү тапшырды. Ал араб дүйнөсүндөгү биринчи аял премьер-министр болуп калды.

Жаңы өкмөттүн алдында коррупция жана мамлекеттик мекемелерди чырмаган ээнбаштык менен күрөшүү милдети турат.

Эки ай мурда президент өкмөттү отставкага кетирип, парламенттин ишин токтотуп койгон эле. Өлкөдө экономикалык кырдаал начарлагандыктан эл ичинде каршылык күчөп кеткен болчу. Анын үстүнө коронавирус пандемиясына каршы көрүлгөн чаралар да чаржайыт болуп жаткан.

Өткөн аптада президент Саид президенттик ыйгарым укуктарын кеңейтерин жарыя кылган. Аны парламент спикери жана “Ан-Нахда” исламчыл партиясынын лидери бийликти узурпация кылды деп айыптап келатат. (КС)

YouTube вакцинага каршы жалган маалыматтарды өчүрөт

YouTube

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

YouTube компаниясы уруксат берилген бардык вакциналар жөнүндө жалган маалыматтарды өчүрмөкчү. Компания коронавирус вакцинасы тууралуу калп маалыматтарга карата бөгөтүн күчөтүп жатат.

Компаниядан айтышкандай, уруксат берилген вакциналар кооптуу, алар аутизмге, ракка же тукумсуздукка алып барат деген маалыматтар өчүрүлө турган видеолорго кирет.

Жобого вакцинага каршы инфлюенсерлердин барагын жабуу да киргизилген.

Технологиялык компаниялар жалган маалыматтар менен күрөшүү боюнча өз сайттарында жетиштүү деңгээлде иш алып барбай жатат деп сынга кабылган.

Июлда АКШнын президенти Жо Байден социалдык тармактар туура эмес маалымат таратып, адамдардын эмдөөгө шектенүү менен мамиле кылуусуна салымы чоң болгонун айткан. Байден компанияларды бул маселе боюнча чара көрүүгө чакырган эле.

Google компаниясына таандык болгон YouTube коронавирус вакциналары боюнча жалган маалыматтарды тараткандарды бөгөттөө боюнча ишинин натыйжасында өткөн жылдан бери 130 миң видео өчүрүлгөнүн айтты.

“Биз YouTube сайтында медициналык темада жалган маалыматтарды тараткандарга чара көрүүнү күчөттүк. Ал жобо жергиликтүү саламаттык сактоо мекемеси жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан уруксат берилген жана коопсуз деп таанылган учурда колдонулган вакциналарга тиешелүү”, - деп билдиришти компаниядан. (EA)

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлөт

Кыргызстанда 715 миң пенсионер бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Соцфонд төрагасы Жаныбек Орозалиев бүгүт өткөн маалымат жыйынында орточо эсеп менен пенсия 455 сомго көтөрүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында өлкөдөгү орточо пенсиянын суммасы 6 миң 248 сомдү түздү.

1-октябрдан тарта 4785,4 сомдон аз алгандарга 200 сомго чейин, ал эми бул суммадан көп алгандарга 500 смого чейин акча кошулат.

Соцфонддон такташкандай, өлкөдө эң аз пенсия 1 миң 840 сомду түзөт. Мындай өлчөмдө пенсияны 14 миң жаран алат.

Кыргызстанда эртең, 1 -октябрда карылар күнү белгиленет. (EK)