Коронавирус каршылыктары Тунистин өкмөт башчысын кызматтан кетирди

Тунисте миңдеген кишилер жекшембиде өкмөткө нааразачылык билдирип көчөлөргө чыгышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тунисте миңдеген кишилер жекшембиде өкмөткө нааразачылык билдирип көчөлөргө чыгышты

Өлкөдөгү каршылык акцияларынан кийин Тунистин президенти өкмөт башчыны кызматтан алып, парламенттин ишин токтотту.

Өкмөттүн коронавирус кризисин жөнгө салуудагы чабалдыгына кыжырданып миңдеген адамдар көчөлөргө агылып, жекшемби күнү полиция менен тирешти.

Президент Каис Саид жаңы премьер-министрдин жардамы менен өзүнө жоопкерчиликти аларын жана өлкөгө тынчтыкты орноторун билдирди.

Бирок каршылаштары анын кадамын мамлекеттик төңкөрүш катары баалады.

“Тунис коомуна тынчтык орноп, мамлекет коопсуз абалга кайтканга чейин ушундай чечимдерди кабыл алдык”, — деди президент Саид коопсуздук боюнча ыкчам жолугушуу өткөргөндөн кийин телекөрсөтүү аркылуу.

Өкмөт башчы Хишам Машиши кызматтан алынганы боюнча жаңылыктар чыгары менен жекшемби күнү кечинде нааразы болгондор майрамдап киришкен. Президент Саид баш калаада топтолгондорго барып кошулган.

Миңдеген адамдар Тунис жана башка шаарларда башкарып отурган партияга каршы акцияга чыгышып, “Кетсин!” деген ураан-чакырыктар менен парламенттин тарашын талап кылышкан.

Коопсуздукту камсыз кылган күчтөр парламент менен анын айланасындагы борбордук көчөлөрдү тосуп коюшкан. Дал ушул жерлерде Тунисте 2011-жылы өкмөткө каршы көтөрүлүш болуп өткөн.

Полиция акцияга чыккандарга көздөн жаш агызуучу газ атып, айрымдарын камакка алган. Башка шаарларда болсо тирешүүгө чейин барышкан. Митингчилер бийликте турган Эннахда (Кайра жаралуу) партиясынын кеңселерине бастырып киришип, компьютерлерди талкалашкан жана Тозеур шаарындагы штабын өрттөп салышкан. Партия өкүлдөрү кол салууну айыптап, “башаламандык салып, кыйратууга” аракет кылган “кылмышкер топторду” күнөөлөшкөн.

Тунисте акцияга чыккандар “Кетсин!” деген чакырыктар менен парламенттин тарашын талап кылышкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акцияга чыккандар “Кетсин!” деген чакырыктар менен парламенттин тарашын талап кылышкан

Куралдуу күч колдонуу эскертүүсү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент Саид мындан ары дагы зордук-зомбулук күчөй берсе, анда ага аскердик күч колдонуларын убадалады. “Ким курал-жарак кармап... бир ок чыгара турган болсо, куралдуу күчтөр ок менен жооп берерин эскертип коёюн”, — деди ал.

Анын айтымында, парламент “коркунучка кептелген” болсо, анда ага конституция парламенттин ишин токтотуп коюуга уруксат берет. Бирок тунис парламентинин спикери Рашид Ганнуши президентти “революцияга жана конституцияга каршы төңкөрүш” уюштурууда деп айыптады.

“Институттар азырга чейин өз күчүндө турат деп эсептейбиз жана Эннахданын колдоочулары менен Тунистин эли революцияны коргомокчу”, — деген Эннахданын лидери Ганнуши Рейтерс маалымат агенттигине.

Он жыл мурда Тунистеги көтөрүлүш демократиянын пайдубалына негиз болуп, бул аймактагы “араб жазы” катары белгилүү болгон революцияларга чыйыр салган эле.

Бирок андан кийин көбүрөөк жумуш орундары түзүлүп, мүмкүнчүлүктөр жаралат деген үмүттөр акталбай калган. Он жылдан кийин Тунис терең экономикалык кризисте жана Африкадагы өтө тездик менен каптап бараткан коронавирус менен күрөшүп жатат. Өткөн апталардан бери вирус жуктургандардын саны тездик менен өсүп, аксап аткан экономикага ого беш бетер күч келтирген.

Өкмөт башчы Хишам Мешиши өткөн аптада саламаттык сактоо министрин кызматтан алса да бул элдин нааразычылыгын басаңдата алган эмес. (EA)