"Троя аты". TikTok'тон дүйнө эмнеге чочулап жатат?

Тик-Ток

Сүрөттүн булагы, Getty Images

TikTok тиркемесинин дүйнөдөгү колдонуучуларынын саны бир миллиарддан эбак эле ашкан. Бул платформа кеминде 150 өлкөдө иштейт.

Кээ бир өлкөлөр андан коркунучту көрүп, жаба баштады. Биринчи болуп Индияда жабылган. АКШнын армиясына аны колдонууга тыюу салынган. Өзбекстанда жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамды бузгандардын кара тизмесине кирген, ага өзбек IP-адрестеринен кире алышпайт.

Эми Кыргызстан да аны жапкан жатат. Маданият министрлиги балдардын психикасына терс таасир тийгизет деп ага тыюу салган чечим чыгарды.

"Tik Tok колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат. Аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат. Алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет", — деп жазылган министриликтин маалыматында.

Tik Tok тиркемесин жабуу чечимин эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарышы керек.

TikTok тиркемесине каршы өлкөлөр

Индия өзүнүн жарандарына Кытай иштеткен социалдык сайтты колдонууга 2020-жылы тыюу салган. Өкмөт бул тиркеме суверенитетке, коргонууга жана бүтүндүккө коркунуч келтирет деп негиздеген.

Кытай Индиянын касташкан өлкөлөрүнүн бири экени белгилүү, ошондуктан өкмөт өзүнүн калкынын кас маанайдагы мамлекеттин таасири алдында калышын каалаган жок.

Эки өлкөнүн ортосунда чек аранын талаштуу аймактарында алигиче кагылышуулар болуп келатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Пакистан 2020-жылы TikTok'ту моралдык бузуку, уятсыз жана вульгардуу контент деп тыюу салган. ByteDance зыянду контентке бөгөт коюуга кепилдик бергенде он күндөн кийин гана кайра уруксат берилген.

Өзбекстанда TikTok жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамды бузгандардын кара тизмесине кирген, ага өзбек IP-адрестеринен кире алышпайт.

Россия 2022-жылы TikTok россиялык колдонуучуларга видео жүктөгөнгө, түз эфир өткөргөнгө, башка өлкөлөрдүн колдонуучуларынын видео менен аккаунттарын көргөнгө тыюу салган. Буга Россиянын Украинага басып кириши жана анын артынан кабыл алынган "фейк жөнүндөгү мыйзам негиз болгон.

Ал эми АКШда дагы кытайдын тиркемесине кастарын тиккендер көп. 2019-жылы америкалык армияда аны колдонууга тыюу салынган. 2020-жылы 7-августта президент Трамп TikTok тиркемесине каршы күрөш жөнүндө жарлык чыгарган. АКШнын бийликтери TikTok жарандардын жеке маалыматтарын коргобой, үчүнчү жакка берет деп шектенүүдө.

Бирок ошол эле жылы 27-сентябрда Вашингтондун соту бул тыюуга бөгөт койгон. АКШнын жаңы президенти Байден тиркемени колдонууга уруксат кылган.

Бирок азыркы тапта TikTok видео тиркемеси эски туңгуюкка кайрадан кептелгендей кырдаал жаралды.

Мурдагыдан айырмасы - эми тыюу салуунун зарылдыгы өзгөчө өсүп чыкты. Үч жылдай мурда президент Трамп сунуштаган тыюу салуу учурунда дүйнө жүзү боюнча кардарлар TikTok тиркемесин дээрлик 800 миллион жолу өз уюкфондоруна жүктөп алышкан болчу. Ал эми азыркы тапта бул тиркемени 3,5 миллиард жолу уюкфондорго жүктөштү. Бул тууралуу Sensor Tower деп аталган жана тиркемелер жаатын иликтеп келе жаткан компания кабарлады.

2023-жылы Тик-Токтун маселеси Конгрессте өзүнчө дагы каралды. TikTok'тун башкы аткаруучу директору АКШ конгрессиндеги угууга биринчи жолу катышып, жарга такаган суроолорго жооп берди.

АКШ, Улуу Британия, Канада жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн расмий жетекчилери мамлекеттик кызматкерлердин уюкфондорунан ТикТок аттуу видео бөлүшүү платформасын өчүртүп жаткан кезеңде, Европанын бир катар өлкөлөрүндө ага тыюу салышты.

Ал эми TikTok'тун башкы директору Шоу Цзы Чью TikTok коопсуз экендиги тууралуу бир нече ай бою билдирүүлөрдү жасап келатат.

Кытай өз кезегинде АКШны тез өнүгүп келе жаткан TikTok компаниясын муунтуу үчүн кибер коркунучту өтө апыртып баяндап жатат деп айыптады.

Ал эми Кошмо Штаттар интернеттеги бул коомдук тармак тыңчылык максатта колдонулушу ыктымал деген санааркоого батып турат. Бул кырдаалда TikTok платформасы АКШда мажбурлоо менен сатылышы же ага таптакыр тыюу салынышы мүмкүн.

TikTok жана Douyin тиркемесине Шанхайдагы технологиялык гигант ByteDanceээлик кылат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, TikTok жана Douyin тиркемесине Шанхайдагы технологиялык гигант ByteDanceээлик кылат

Эми TikTok'тун киберкоопсуздукка коркунучу жөнүндө үч кооптуу өңүттү айта кетели. Буга TikTok тиркемесин башкарган компания эмне деп жооп кайтарат?

"Ашыкча" көлөмдөгү маалымат чогултат

TikTok'тун басма сөз катчысы болуп иштеген Брук Оберветтер (Brooke Oberwetter) деген айым Би-Би-Сиге курган маегинде бул тиркеменин маалымат чогултуу тажрыйбасын заманбап өнөр жай тажрыйбаларына толук дал келет деп баса айтты.

Сынчылар бул тиркемени өз кардарларынан өтө зор көлөмдөгү маалыматтарды жыйнап алып жатат, деп айыпташат.

Internet 2.0 аттуу австралиялык киберкомпаниянын изилдөөчүлөрү тарабынан 2022-жылдын июлунда жарыяланган киберкоопсуздук баяндамасы, адатта, далил катары келтирилип жүрөт.

Окумуштуулар TikTok тиркемесинин булактык баштапкы кодун изилдеп чыгышты. Алардын баяндашынча, бул тиркеме чын эле "ашыкча маалымат чогултуу" менен алектенүүдө.

Талдоочулардын айтымында, TikTok компаниясы өз кардарларынын жайгашкан жери, алар кайсы жабдууну колдонуп жаткандыгы жана кардардын жабдуусунда башка кандай тиркемелер бар экендиги сыяктуу кошумча маалыматтарды чогултуп жатат.

Бирок, Citizen Lab тарабынан жүргүзүлгөн окшош тест: "башка популярдуу социалдык медиа платформаларына салыштырмалуу, TikTok колдонуучулардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө үчүн окшош маалыматтарды чогултат" деген жыйынтыкка келген.

Арийне, Citizen Lab компаниясы жана Жоржия Технология институту жарыялаган соңку иликтөөдө бул сыяктуу маалымат чогултуу иш-аракети интернеттеги башка тиркемелер жана программалар аркылуу деле жүзөгө ашырылып келет, деген бүтүм чыгарылган.

TikTok'тун кытай версиясы Douyin ошол эле форматты жана кодду колдонот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, TikTok'тун кытай версиясы Douyin ошол эле форматты жана кодду колдонот

Кытай өкмөтү ТикТокту тыңчы катары колдонушу мүмкүн

TikTok'тун жогоруда айтылган басма сөз катчысы Брук Оберветтер Би-Би-Сиге өз компаниясы Кытай өкмөтүнөн толугу менен көз карандысыз экенин белгиледи жана "Кытай өкмөтүнө кардарлардын жеке маалыматтарын берген эмеспиз жана сураса деле биз эч качан бербейт болчубуз", - деди.

Бул жооп купуялык боюнча адистердин кыжырын келтирсе да, арабызда көпчүлүгүбүз купуя маалыматтарды берүүнү интернеттин коомдук тармактары менен ар бир кардар түзүп жаткан келишим катары кабыл алабыз.

Бизге өз тейлөө кызматтарын акысыз сунуштоо үчүн алар биз жөнүндөгү билимди чогултушат да, бул билимди өздөрүнүн платформасын жарнамалап сатуу үчүн колдонушат, же интернеттин башка барактарында бизге өз өнүмүн жарнама кылууга аракет кылып жаткан башка фирмаларга биз тууралуу маалыматтарды сатышат.

Көйгөйдүн жөнү мындайча: TikTok тиркемесини ээси - Бээжинде жайгашкан ByteDance технологиялык дөө-шаа компаниясы.

Ал эми дүйнө жүзүнө кеңири таркалган башка негизги тиркемелер (Facebook, Instagram, Snapchat жана YouTube) деле окшош көлөмдөгү маалыматтарды чогултушат, бирок TikTok'тон башка бардык компаниялар АКШда негизделген.

Көптөгөн жылдар бою АКШнын мыйзам чыгаруучулары дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен бирге толук ишеним деңгээлине ээ болушкан: бул америкалык платформалар чогулткан маалыматтар улуттук коопсуздукту тобокелге салышы мүмкүн болгон карасанатай максатта эч качан колдонулушпайт.

Доналд Трамптын 2020-жылдагы буйругу ТикТоктун маалыматтарын чогултуу Кытайга "федералдык кызматкерлердин жана алардын өнөктөштөрүнүн жайгашкан жерлерин аныктоого, шантаж үчүн жеке маалыматтардын куржунун толтурууга жана тар корпорациячыл тыңчылыкты жүргүзүүгө" мүмкүндүк берет деген шектенүүнү өзүнө камтыйт.

Буга чейинки далилдер бул шектенүү - теория жүзүндөгү тобокелдиктин ишаарасына жатаарын гана көрсөтүп турат, бирок 2017-жылы Кытай тарабынан кабыл алынган жаңы мыйзамдын бүдөмүк бөлүгү кооптонууну жаратууда.

Кытайдын Улуттук чалгындоосу жөнүндө мыйзамдын жетинчи беренесинде Кытайдын бардык уюмдары жана жарандары Кытайдын чалгындоо аракеттерин "колдоосу, аларга жардам берүүсү жана алар менен кызматташуусу" керек деп белгиленген.

Бул сүйлөмдү TikTok тиркемесинен гана эмес, бардык башка кытай компаниялардан да шектенген кишилер көп ирет мисалга алышты.

Бирок, Жоржия Технологиялык институтунун изилдөөчүлөрү бул сүйлөм контексттен жулуп алынган деп ырасташат жана мыйзамда тиркемени колдонуучулардын жана жеке компаниялардын укуктарын коргогон эскертүүлөр да бар экенин белгилешет.

2020-жылдан бери TikTok тиркемесинин жетекчилери калайыкты кытай кызматкерлери кытайлык эмес колдонуучулардын маалыматтарына кире албайт деп бир нече ирет ишендирүүгө аракет кылышкан.

Бирок 2022-жылы декабрда ByteDance компаниясы өзүнүн Бээжинде жайгашкан бир нече кызматкерлери жок дегенде эки америкалык журналисттин жана "аз сандагы" башка кишилердин купуя маалыматтарын окууга жетишкендигин мойнуна алды. Бул мыйзамсыз кирүү тыңчылык максатында жасалган: ал кызматкерлер айрым кардарлар компаниянын ички маалыматын медиага жарыялап салуу үчүн TikTok тиркемесинин кызматкерлерине жолугушту беле же жокпу, деген маселени тымызын тактоо далалатын жасашкан сыяктуу.

TikTok'тун басма сөз катчысы Оберветтер айымдын айтымында, маалыматтар кампасына тымызын кирген кызматкерлер былтыр декабрда иштен бошотулган.

TikTok тиркемесин башкарган фирманын ырасташынча, кардарлардын купуя маалыматтары АКШда жана Сингапурда сакталат жана эч качан Кытайда сакталган эмес. Компаниянын айтымында, ал башка жерлерде да маалымат кампаларын жайгаштыруунун үстүндө иштеп жатат. Маселен, ал Ирландияда курулуп жаткан маалымат кампасында Улуу Британиянын жана Евробиримдиктин бардык кардарларынын маалыматтарын 2024-жылга карата иштетүүгө беленденүүдө.

TikTok тиркемеси "маңкурт" кылышы ыктымал

TikTok'тун басма сөз катчысы Оберветтер айым: "Биздин жамааттык өзөккү жоболорубуз өз коомубузга же алда канча кеңири алкактагы коомчулукка зыян келтирчү туура эмес маалыматты жайылтууга тыюу салат", - деди.

2022-жылдын ноябрында АКШнын Федералдык Тергөө бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй америкалык мыйзам чыгаруучуларга: "Кытай өкмөтү... таасир көрсөтүү амалдары үчүн колдонулушу мүмкүн болгон сунуштоо алгоритмин көзөмөлдөй алат", - деп айткан.

TikTok'тун жергиликтүү шериги болгон Доуин (Douyin) тиркемеси Кытайда гана иш-аракет жүргүзөт жана бул тиркеме кытайлык бийликтер тарабынан өзгөчө катаал цензураланып келет. Бул жагдай да кооптонууну ого бетер күчөтүүдө.

Негизинен, Кытайдын ичиндеги бардык интернеттик коомдук тармактар бийликтер тарабынан катаал цензурага алынган. Эгерде шойкомдуу делген маалымат тиркемеге чыкчу болсо, интернет полициясынын кезметте турган жоокерлери бул тиркеменин тиешелүү мазмунун өчүрүп салат.

TikTok'тун жогорку сереге чыгаарынын алдыңкы мезгилинде бул тиркемеде чуу жараткан цензуралык учурлар катталган. Маселен, АКШдагы бир кардар Бээжиндин Шинжаң-Уйгур автоном районундагы мусулмандарга жасаган ырайымсыз мамилесин белгилеп, талкуулаганы үчүн эле анын TikTok тиркемесиндеги эсеби убактылуу тоңдурулган.

Citizen Lab компаниясынын изилдөөчүлөрү ТикТок менен Доуинди бири-бирине салыштырышты. Алар TikTok тиркемеси Доуиндин саясий цензурачыл турумундай турумду ээлебейт экен, деген жыйынтыкка келишкен.

"TikTok платформасы кардардын катын ачык-айкын окуй турган цензураны колдонбойт", - дешет изилдөөчүлөр.

Жоржия Технология институтунун окумуштуулары ошондой эле Тайвандын көз карандысыздыгы же Кытайдын премьер-министри Си Цзиньпин тууралуу азилдер жаатындагы темаларды издеп, мындай жыйынтыкка келишкен: "Бул темалык түрлөрдүн бардыгы жөнүндөгү видеолорду ТикТокто оңой тапса болот..."

Теориядагы тобокелдик

Корутундулап айтканда, TikTok'тун айланасындагы кырдаал теория түрүндөгү коркунучтардын бири жана теория жүзүндөгү тобокелдик болуп саналат.

Сынчылар болсо TikTok тиркемесин авторитардык Кытайдын демократиялык Батышка жөнөткөн "троялык аты" катары мүнөздөшөт. Балким, тынч маалда TikTok чөптөн жапыз болоор, бирок тагдыр чечээр учурда ал кубаттуу куралга айланышы ажеп эмес.

АКШ эгер TikTok тыюу сала турган болсо, бул тиркемеге олуттуу кесепетин тийгизиши мүмкүн, анткени, адатта, АКШнын үзөңгүлөштөрү анын мындай чечимдерин колдоого алып келишет.

Албетте, бул тобокелдиктер бир багыттуу көчөгө тете экендигин баса белгилей кетүү керек.

Кытай, маселен, АКШнын аракеттеги тиркемелери жана интернет барактары жаатында дээрлик эч "кабатырланбашы" керек, анткени Бээжин КЭРдин жарандарына АКШнын далай интернет барактарына кирүүгө бөгөт койгон жана бул тыюулар бир катар жылдардан бери күчүндө калып келүүдө. (TT, KC)