Жалп өчкөн жаш өмүрлөр: эксгумацияга жеткирген рэкетчилик

Иллюстрациялык сүрөт

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeinalova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрациялык сүрөт

Январдын этегинде Кант шаарында 16 жаштагы бала таяк жеп, өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Бишкекте болсо 8-класстын окуучусу ажатканада сабалып, 4-февралда ооруканада өмүр менен кош айтышты. Мындан аз өтпөй, 12-февралда Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу мушташтан каза болгон. Дагы бир нече бала жабыркаган. Бул сыяктуу ур-токмоктун дагы канчасы көмүскөдө калганын так айтуу кыйын.

Айтып оозду жыйганча эле Ноокат районунда 10-класста окуган кыз сабалып, мурду сынып, жаракатынан улам операция болгону тууралуу маалымат тарады. Апасынын айткандарына караганда, окуя 2024-жылдын 19-декабрында болгон. Узак убакыттан бери кыздар анын кызын басмырлап келген.

"Кызым мугалимдердин бирине кайрылып, алдын алуу үчүн жардам сураганы менен эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ошондо дароо көңүл бурулса бул окуя болбой калат беле",- деп кейийт кыздын апасы.

Райондук билим берүү бөлүмү дагы окуя болгонун ырастап, маалымат таратты. Анда бир нече кишиге карата чара көргөнү жазылган.

Сентябрдан бери борбор калаадагы мектептерде эле 41 мушташ катталган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүзел Турдубаева билдирген.

Трагедиялуу окуялар мектепте өкүмзордук, чоңсунуу күч алганын ашкереледи.

Иллюстрациялык сүрөт

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeinalova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрациялык сүрөт

Лидерлик менен "атамандыктын" айырмасы асман жердей

Адистердин пикиринде, тарбиянын жетишсиздиги, зомбулукту кадыресе көрүнүш катары кабыл алуу, лидердикти үстөмдүк менен чаташтыруу өспүрүмдөр арасындагы өкүмзордуктун бирден бир себеби болуп жатат.

Балдар арасында күч колдонуу – бул кыйындыктын белгиси деген көз караш популярдуу болуп калды. Балдар нагыз лидердик деген эмне экенин билишпейт. Ошондуктан алар кимдир бирөөнү басынтса, коркутса же күч колдонсо, аны лидерлик деп ойлошот. Чыныгы лидерлик башкаларга позитивдүү үлгү көрсөтүү экенин түшүндүрүү зарыл. Окуучуларга бош убактысын жемиштүү өткөрүүгө, лидерлик сапаттарын арттырууга мүмкүнчүлүк түзүп бербеген мектептерде зомбулуктун деңгээли жогору болорун көрүп жатабыз", – дейт "Балдардын укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова.

Мектепте психолог болуп иштеген Алтынай Кариеванын баамында, азыркы тапта ата-эне, мугалим жана баланын ортосунда тыгыз байланыш, баарлашалуу дээрлик жокко эсе. Ата-энелер балдарын материалдык жактан камсыздап, бирок эмоционалдык абалын этибарга алышпайт. Бир класста 40тан ашык балага сабак берген мугалим да ар бир балага өзүнчө көңүл бурганга дарамети жетпей калып жатат. Натыйжада, бала кылмыш жасаганга чейин анын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү чоңдор байкабай калууда:

Мен өз тажырыйбамда акчага көп басым жасалып жатканын байкайм. Чондор балдарга кымбат кийимдерди, кымбат телефондорду алып беришет. Ушуну менен ата-энелик милдетти жакшы аткарып жатабыз деп ойлошот. Бирок эмоционалдык жакындык жок болуп жатат. Мугалимдердин да түйшүгү көп. Бул профессионалдык күйүгүү. Же үйдөн, же иштен эс алышпайт. Мындай учурда балдарга көңүл буруп, эмоционалдык маанайын сезе алышпайт. Чарчаган мугалимдер өтө көп.

Чөнтөк телефонгө чырмалган балалык…

Психолог жоопкерчилик дайыма чоңдордо экенин, ата-эне баласына жетиштүү көңүл буруп, аны уга билгенди үйрөнүшү керек экенин эске салат. Болбосо бул боштуктун ордун телефон толтурууда. Бирок балдар аны туура пайдаланууну билбейт. Ал жакта эч кандай чек жок, жаңы жетилип келе жаткан өспүрүмдөрдү терс жолго түртө турган зыяндуу контент көп. Балдар ата-энеси туруп, жалгыз, онлайн жашоодо жашап жатат.

Рэкетчиликтин алдын алуу аракеттери жана кеңештер

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адам өмүрүн алган окуялардан кийин Билим берүү жана илим министрлиги сергек жашоо, мекенчилдик жана башка баалуулуктар жөнүндө материалдардын айрым темаларын мектеп программасына киргизүү пландалып жатканын кабаралды. Бул тармактагы адистер даяр программа бар экенин, чакан тренинг учурларында ал жакшы натыйжа бергенин билдиришүүдө.

Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу менен эки жыл мурун зомбулуксуз мамиле куруу жөнүндө китеп жазылган. Ал кыргыз, орус, англис тилинде жарык көргөн. Мектептеги ур-токмоктон арылуу үчүн дал ушул китепти кайра иштеп чыгып, билим берүү программасына киргизүүгө болот. Бул сабакта балдар зомбулуксуз мамиле курганды, эмоциясын башкара билгенди, жүйөлүү сын айтканды үйрөнүшөт, - деди "Онлайн Университет" платформасынын негиздөөчүсү Элира Турдубвева.

Мектептеги рэкетчиликтин алдын алууга көмөк көрсөтүү үчүн "Балдардын укугун коргоо лигасы" Бишкекте жана Чүй облусунда тренингдерди уюштурууну пландап жатат. Окууну студенттер арасындагы жаш лидерлер өтөт. Алар балдарга чыр-чатакты зомбулуксуз чечүүнүн жолдорун айтып беришет. Ушул тапта 20дай ыктыярчы мектептеги чоңсунууну токтотууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова дагы 30 киши керек издеп жатканын кошумчалады:

Себеби мугалимдер окутканда балдар бир жактуу эле маалымат алышат. Окуучулар тренингди өзү теңдүү балдар өтсө, башкача кабыл алышат. Себеби студенттер сабакты кызыктуу өтүшөт. Окуучулардын тилин таба алышат. Алар ушундай ийгиликти кантип жаратышканын, кантип теңтуштары менен ынтымакта, жагымдуу чөйрөдө чоңойгонун мисалдар менен айтып беришет.

Өлкөдө зомбулукка кабылган, ар түрдүү жардамга муктаж балдар үчүн 111 ишеним номуру бар. Ал күнү-түнү кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары Акыйткатчы институтунун 115 ишеним номуру да иштейт. Бирок ага иш күндөрү, жумуш саатында гана байланышуу керек. Назгүл Турдубекованын айтымында, бул номурларга көбүнчө ата-энелер кайрылат. Ошондуктан азыр балдар үчүн ыңгайлуу социалдык платформаларда канал ачуу зарылдыгы бар:

Балдар үчүн ишеним телефонун эмес, ишеним каналын ачыш керек болуп жатат. Себеби балдар деген телефон менен сүйлөшпөйт. Алар Телеграм, Вотсап, Инстаграм аркылуу сүйлөшөт. Ал гана эмес алар Фейсбук дагы колдонушпайт.

Адистер өкүмзордук көрсөткөн балага жаш курагына жараша чара колдонулушу керек деп эсептешет. Балдар укугун, милдетин жана жоопкерчилигин билиши керек. Мыйзам боюнча 14 жаштан жогорку өспүрүмдөр адамдын ден соолугуна жеңил жана оор зыян келтиргенде, өлүмгө жеткирген учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бала 16 жашка чыккандан кийин моралдык зомбулук үчүн да жаза алат.

"Эгер бала жаш кезинде зомбулук мамилеге көнүп, айлана-чөйрө аны колдоп, чара көрбөй келсе, бала чонойгондо да ушундай кылсам боло берет, эч ким жазалабай, мага баары мүмкүн деген менталдык тарбия менен чоңоет. Мындай балдар келечекте үй-бүлөсүндө да зомбулук көрсөтөт", - дейт Элира Турдубаева.

Рэкетчиликтин алдын алуу үчүн мектептерде коопсуздукка жетиштүү көңүл буруу керектиги көптөн бери айтылып келет. "Психикалык саламаттык" коомдук уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаева билим берүү тармагынын бюджетине анализ жасалган учурда коопсуздукка 0.001% гана каражат бөлүнгөнү аныкталганын, жеке билим берүү мекемелеринде бул көрсөткүч 4-12% экенин билдирген.

Коомчулукту нес кылган окуялардан кийин ар бир мектепте жашы жете электердин иши боюнча инспектордун кабинеттери түзүлөрү айтылды. Ар бир мектепке байкоо камералары орнотулары, бул система Ички иштер министрлигинин бирдиктүү тутумуна кошулары кабарланды. (AA)