БУУнун жумушчу тобу журналист Махабат Тажибек кызын бошотууга чакырды

Сүрөттүн булагы, Social media
БУУнун өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу журналист Махабат Тажибек кызынын ишине байланыштуу корутундусун чыгарды. Жумушчу топ ага коюлуп жаткан айыптарды негизсиз деп таап, бул окуя Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жети беренесин, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын алты беренесин бузганын аныктады.
Жумушчу топ Кыргызстанды Тажибек кызын бошотууга, ага компенсация төлөөгө жана укуктарын калыбына келтирүү үчүн башка чараларды көрүүгө чакырды. Ошондой эле аны негизсиз камоо кандай шартта болгону боюнча толук жана көз карандысыз териштирүү жүргүзүп, укуктарын бузууга жооптуу адамдарга карата тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылды.
Мындан сырткары, жумушчу топ Кыргызстанды көз карандысыз медианы куугунтуктоону дароо токтотууга жана Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесин эл аралык адам укуктары нормаларына шайкеш келтирүү боюнча шашылыш мыйзамдык реформаларды жүргүзүүгө чакырды.
2024-жылдын 16-январда ИИМ Бишкекте эки маалымат каражатынын редакциясында тинтүү жүргүзүп, он бир кызматкерди кармап кеткен.
Алардын баары Кылмыш-Жаза кодексинин "Массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектүү катары айыпталган.
Ошо эле жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга жана долбоордун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан.
Temirov Live медиасынын журналисти Айке Бейшекеева менен долбоордун мурдагы кызматкери Актилек Капаровго үч жылдан пробациялык жаза берген.
Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорлорунун кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Сапарбек Акунбеков жана ушул эле долбоордун мурдагы кызматкерлери Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков толугу менен акталган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Журналисттерге карата мындай мамиле эл аралык укук коргоо уюмдарынын тынчсыздануусун күчөтүп, бир катар уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлап баратканы тууралуу билдирүүлөрүн байма-бай жарыялап келет.
Өлкө бийлиги болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, болуп келгенин жана боло берерин ар дайым айттууда.
27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темировдун жана Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.
Сот чечиминде аты аталган долбоорлордо манипуляциялык мүнөздөгү, бийлик органдарына болгон ишенимди солгундаткан, коомдук коопсуздукту бузууга жана жарандарды нааразылык акцияларына катышууга түрткөн материалдар жарыяланып турганы айтылган.
Аты аталган басылмалардын өкүлдөрү жана жактоочулары мындай чечимге макул эместигин, жогорку соттук инстанцияга кайрыла турганын билдиришип, окурмандарына эми алардын материалдарына лайк басуу, пикир жазуу же бөлүшүү коркунучтуу болуп калганын, мунун баары экстремисттик уюмдарды колдоо катары эсептелип калышы ыктымал экенин эскертишкен.












