"Тамакка эле ууланып калды". Өлүмгө жеткирген окуянын оор сабагы
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бир заматта агамдан айрылдым”
Айгүл Сулайманова агасын жоктоп, заматта эле бир тууганынан айрылып калганын айтып, күйүткө батып турат. Оору-сыркоо, кырсыксыз туруп эле ажырап калганы ого бетер оор тийгендей. Алар ушунун баары сапатсыз консервадан болду деп жатышат.
Той-аш күчөп, кышка камылга деп үй шартында жапырт салат, консерва камдап жаткан учурда бул маселе ого бетер актуалдашты.
Дарыгерлер дагы, азык-түлүк боюнча адистер дагы чу дегенде эле үй шартында кышка салат камдайм дегендерге коңгуроо кагууда. Алар идиштерди тазалоо, зыянсыздандырууда атайын жабдуу болмоюн өтө кооптуу деп эскертишүүдө.
Жакында эле Нарын районунун тургуну ботулизмден улам каза болуп калганын маалым болду. Ушундан улам тууган уругу тамак-аш коопсуздугуна тыкыр көзөмөл керек деп Би-Би-Сиге кайрылышты.
Окуя 21-августта катталган. Өздөрүнүн айтымдарына караганда, үй бүлө Кыргызстанда жана Казакстанда өндүрүлгөн Аджико приправасын жегенден кийин жапырт ууланган.
Приправаны мурун алып жүргөн эле базардагы күркөлөрдүн биринен алышкан экен. Аны үй-бүлөнүн дээрлик баардык мүчөсү камырга кошуп жеген.
Көп убакыт өтпөй үйдүн 67 жаштагы кожоюну чыкыйы, кеңилжери ооруп, муунуп, көзүнө кош көрүнө баштаганын айткан.
“Балдары дароо ооруканага алып жөнөшкөн. Дарыгерлер инсульт деген диагноз коюп, неврология бөлүмүнө жаткырган. Ал жерде үч күн кармап жатып алышып, анан инфекциялык ооруканага которуп жатышпайбы. Эмне үчүн дартын так аныктай алышпайт? Ботулизмдин алгачкы белгилерин дарыгерлер эмес, медициналык билими жок мен дагы билем. Барганда эле жеңем башка үй-бүлө мүчөлөрүндө дагы ушундай эле белгилер болуп жатканын кайра-кайра айткан, бирок эч ким ага кулак төшөгөн эмес”,- деди каза болгон кишинин бир турган карындашы Айгүл Сулайманова.

Сүрөттүн булагы, Айгүл Сулайманова
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сулайманованын айтымында, бир үй-бүлөдөн жети киши ууланган. Баары тең ооруканага, айрымдары жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып эми гана үйлөрүнө чыгып келген.
Алардын абалы дагы өтө начар экенин, шалдырап азыркы күнгө чейин тамак иче албай жатышканын айтат.
“Бир бир тууганымды ооруканага көрсөтөйүн деп Бишкекке алып келдим. Араң эле жаны турат. Дагы бир кичинекей кызыбыз тамак жей албай эзип, оозуна куюп жатабыз. Аны реанимациядан палатага которбостон дароо үйгө чыгарып жибериптир. Дагы бир агамдын дене табы көтөрүлүп, бир колу көтөрүлбөй жатат”,- деди ал.
Жакынын жоготкон үй-бүлө ууланууну жеген приправалардан көрүп жатат. Бирок Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин корутундусунда сөз болуп жаткан азыктан ботулизм таякчалары аныкталбаганы жазылган.
“Батулизм баардык консервадан чыкпайт да. Мүмкүн таңгактап жатканда банканын ичине бир нерсе түшүп кеткен болушу мүмкүн. Эми анысы аз келгенсип ошону өндүргөн Sonun (Сонун) компаниясы силер бизди айыптап жатасыңар, мен милицияга арызданам деп мени коркутуп жатат”,- деди Айгүл Сулайманова.
“Күнөөбүз жок экени аныкталса арызданабыз”

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Окуядан кийин маалымат алуу үчүн аты аталган Sonun (Сонун) компаниясына чалып көрдүк. Адатта мындай ишканаларга байланышка чыгып, пикир алуу бир топ машакат.
Бирок бул компанияга телефон чалганыбызда өзүн менеджермин деп тааныштырган Венера атуу кызматкер дароо жооп берди. Окуя компанияны дагы кабатыр кылып жатканын айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу жолдонгонун билдирди.
Алардын колунда ууланууга байланыштуу расмий органдар чыгарган корутунду жок болгондуктан комментарий бере албай турганын айтты.
“Биздин дарекке өтө олуттуу айыптоо коюлуп жатат. Тиешелүү органдардан экспертизасынын жыйынтыгын күтүп жатабыз”,- деди ал.
Арадан көп убакыт өтпөй өзүн ишкананын жетекчисимин деп тааныштырган Шайлоогүл Маялиева атуу аял редакцияга телефон чалды.
“Маалымат биздин абройго абдан чоң шек келтирип жатат. Бул АКШга чейин экспорт болгон биздин негизги азыктарыбыздын бири. Биз бул маалыматты интернеттен көрүп алып нес болдук. Эгер күнөөбүз жок экени аныкталса, арызданабыз. Бирок өндүргөн продукциянын кесепетинен адам өмүрү кыйылып жатса анда айыбын тартабыз”,- деди Маялиева.
Ишкер алардын өндүрүшү Кыргызстанда жаңы технологияны колдонуп, эл аралык стандартка жооп берген негизги компаниялардын бири экенин айтып кетти.
“Мен 100 пайыз ишенем андай нерсе биздин азыктардан чыкпайт. Аджико 130 градус температурага чейин стерилизация болот. Бул табигый азыктан жасалгандыктан оозун ачкандан кийин үч күн гана сакталышы керек. Болбосо бузулуп кетет. Ал эми оозу ачылбаса кандай шартта болбосун тура берет. Бул биз үчүн дагы түшүнүксүз болуп жатат ”,- деди ал.
Ботулизм жана анын белгилери

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ботулизм – тамак-аштан уулануунун бир түрү. Бирок кадимки бактериялык уулануудан кооптуу. Бул адамдын нерв системасын жабыркатуучу өтө коркунучтуу оору.
Ботулизм таякчалары аба жок жана жылуу жерде тез өөрчүйт. Андыктан ал консерваларда көп кездешет.
Дарыгерлердин айтымында, анын негизги белгилери инсультка окшошуп кетет. Ошон үчүн айрым дарыгерлер дартты аныктоодо адашып калат.
Организмге кандай таасир берет?
Кош көрүнөт, көз тумандайт, ооз кургап, адам муунат, жутканда кыйналат. Сүйлөө бузулат, дем алуу кыйындайт, булчуң алсырайт.
Өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө, өлүмгө алып келиши толук ыктымал.
“Ботулизмди бактериялык уулануу сыяктуу антибиотик менен дарылоого болбойт. Аны ботулизмге каршы атайын дары менен гана жеңсе болот”,- деди Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Нагзүл Абамуслимова.
Агасынан айрылып, алты бир тууганынын аман-эсен сакайып кетүүсүн тилеп отурган Айгүл Сулайманова санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин корутундусуна жана доктурлардын дартты дароо аныктай албай калганына нааразы болуп Саламаттык сактоо министрлигине арыз таштаганын билдирди.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти болсо окуя тууралуу буларды айтып берди:
“Эки Аджиконун тең калдыктары, сатып алган дүкөндөгү приправалар алынып, лабораторияга жөнөтүлдү. Жыйынтыктын негизинде ботулизмдин таякчалары табылган жок. Уулануу эмнеден улам келип чыкканы такталып жатат. Бирок бейтаптар бир гана ошол консерваны жегенбиз деп айтышууда”,- деди Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Алтынай Молдобек кызы Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Жабырланган тарап
Бармак басты, көз кысты...
Соңку жылдары Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайларда массалык ууланууга байланыштуу бир нече ушуга окшогон окуялар катталды. Негизги себептери санитардык нормаларды жана тамак-аш коопсуздугун сактабагандыктан экени айтылып эле жүрөт.
Айрымдар буга жоопкерчиликсиз мамиле деп кафе, ресторандарды же азыктарды таңгактаган ишканаларды айыптаса, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ишине сын айтып, бармак басты, көз кысты кылышат дегендер дагы жок эмес.
Жакында эле милиция Чүй облусунда Ысык-Ата районунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери пара алуу боюнча шектелип кармалганын маалымдады. Анда ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, текшерүүлөр менен коркутуп жергиликтүү кафелердин биринин ээсинен ай сайын 10 000 сомдон акча талап кылып турганы айтылган.
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу актуалдуу маселе бойдон калууда. Тамак-аш өнөр жай ишканаларында продукциянын сапаты, санитардык нормалардын сакталышы, тиешелүү органдар тарабынан көзөмөлдүн жетишсиздиги тууралуу коомдо сын айткандар дагы аз эмес. Айрыкча той-аш күчөп турганда бул кафеден же тигил ресторандан адамдар массалык ууланыптыр деген жаңылыктарды көп эле окуп калабыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Статистика эмне дейт?
Расмий маалыматка калаганда 2023-жылы тамак-аштан ууланган 211 учур катталып, 589 киши жабыркаган. Анын арасынан 74 учур үй шартында болуп, жабыркагандар 235 кишини түзгөн. Үй шартында уулангандардын арасынан 49 киши ботулизмге кабылып, бир киши каза болгон. Коомдук жайларда ботулизмге кабылган учур катталган эмес.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, жыл башында ишкерлерди колдоо максатында киргизилген мораторий тамак-аш коопсуздугуна жооптуу болгон тармактардан алынып салды.
Мыйзамга ылайык, коомдук азык-түлүк менен камсыз кылып жаткан жактар жылына эң көп дегенде эки жолу текшерилет. Андан тышкары эгер кандайдыр бир күмөн саноо же ден соолугуна зыян келтирген учурлар болсо жарандар аталган департаментке арыз менен кайрылса болот.












