Таластагы үрөй учурган кылмыштын чоо-жайы

ИИМ жарыялаган сүрөт

Сүрөттүн булагы, mvd.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ИИМ жарыялаган сүрөт

Таластагы үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам кармоо учурунда жок кылынганын ички иштер министрлиги билдирди.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Ал тоо аралап качып кетүүгө аракет кылган учурда жок кылынганы айтылат.

Буга чейин ИИМ 27 жаштагы аял төрт жаштагы кызы жана эки жарым жаштагы уулу менен киши колдуу болгонун билдирген.

Маркумдун үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

Кылмышка шектүү мурда соттолгону айтылды, ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну.

Ак-Башат айылынын тургуну Каныбек Ашырбеков үрөй учурган окуя тууралуу Би-Би-Сиге учкай маалымат берип, эки баласы менен киши колдуу болгон келин шектүүнүн бир тууган инисинин аялы экенин айтты. Ашырбековдун айтымында, шектүү мурда тууганын бычактаганы үчүн камалып чыккан.

Үрөй учурган окуя Талас облусунун Айтматов районундагы (мурдагы Кара-Буура) Ак-Башат айылында 24-майга караган түнү болгон.

Окуянын чоо-жайы

Окуя болгон жерге жетип барган милиция төмөнкүлөрдү аныктады:

Шектүү жаран Ак-Башат айылынын тургуну, 1976-жылы туулган. Мурда бир тууганы менен мүлк талашып, ортодо чыр чыккан.

2018-жылы кылмышка шектүү өзүнүн инисин бычак менен өлтүрүүгө аракет жасаган. Бирок бул аракети ишке ашпай калган.

Бул факт боюнча кылмышка шектүү киши Кара-Буура райондук сотунун чечимине ылайык адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

2023-жылдын март айында соттун чечими менен пробация аркылуу эркиндикке чыккан.

2024-жылдын 23-майында болжол менен түнкү он бирде өч алуу максатында инисинин үйүнө барган. Үйүндө иниси болгон эмес, бирок инисинин аялын жана балдарын мыкаачылык менен өлтүрүп, тоо тарапка изин жашырып кеткен.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү киши кармоо учурунда жок кылынган.