Украинадагы согуш: Чехияга келген кыргыздар мекенине бекер кайтарылат

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Украинадагы согуштан качкан кыргызстандыктар Польша, Германия, Чехия жана Венгрияга кире качышууда.

Чехияга Украинадан 90га жакын кыргыз жараны качып келди

Сүрөттүн булагы, Daminova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чехияга Украинадан 90га жакын кыргыз жараны качып келди

Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Саадаткан Даминова Би-Би-Сиге ал жакка келген кыргызстандыктардын ал-акыбалы тууралуу маалымат берди:

Би-Би-Си: Украинадагы кыргызстандыктардын канчоосу Чехияга барды жана алар кайсы жерде баш калкалап жатат?

С.Даминова: Азыркы учурда Карловы-Вары шаарында 32 кыргызстандык бар. Алар бул жерге 7-мартта алынып келинген. Кечээ дагы 57 кыргыз Кутна Хора деген шаарга келип, кризистик борборлорго жайгаштырылды. Келгиндер менен Чехиянын ИИМи, бейөкмөт уюмдары иштеп жатат.

Ошону менен учурда Чехияда эле 90го жакын кыргыз мекендешибиз бар. Аларды МОМ уюмунун "Өз эрки менен мекенине кайтуу" программасы аркылуу Кыргызстанга жиберели деп атабыз.

Качкын кыргыз жарандары Карловы Вары жана Кутна Хора шаарларына жайгаштырылды

Сүрөттүн булагы, Daminova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Качкын кыргыз жарандары Карловы Вары жана Кутна Хора шаарларына жайгаштырылды

Би-Би-Си: Негизи эле качкындарды Чехия кандай кабыл алды?

С.Даминова: Карловы-Вары шаарында кармалып турган кыргызстандыктардын кээ биринде эле Украинада жашаганга уруксаты бар экен. Аз эле кыргыз мигранттары украин жарандыгын алышыптыр. Андай мигранттарга Чехия бекер турак-жай камсыздап берди.

Ал эми лагерде калган кыргыздарга тамак-ашын камдап берип атышат. Кыргыздардын көбү чочко этин жебегендиктен бул жердеги диаспора өкүлдөрү ортого акча чыгарып, тамак-аш алып берип жатабыз. Андан тышкары байпак, жылуу кийим, жуунуп-тазалануучу буюмдарды сатып бердик. Көп мекендештерибиз, үйүнөн качып чыгып, ашыкча буюмдар ала кеткенге деле жетишпептир.

 Кутна Хорадагы кыргыздарга деле тамак-аш берилет делди, бирок алар кошумча азык-түлүк алып жатканын айтышты. Чехия милициясына Украина менен Кыргызстан ортосунда визасыз режим иштегенин айттык. Коопсуз жер деп качып келишти дедик, билетин алып берсеңер эле кетет деп жатабыз.

 Би-Би-Си: Украинадан качкан айрым жарандар Евробиримдиктен жарандык сурап жатканы белгилүү. Кыргызстандыктар арасында да андай суранычтар менен чыккандар болдубу?

С.Даминова: Кыргыз мигранттарында Европага кирсек эле бизге виза, жарандык берилет деген жаңылыш ойлор болуп жатат. Бирок бул туура эмес маалымат. Алардын бул жерде калуусу мүмкүн эмес нерсе. Себеби, Кыргызстанда согуш болбой эле да. Андыктан аларды өз өлкөсүнө кайтарылат делди.

Чехиядагы кыргыздардын “Ала-Тоо” диаспорасы бул жердеги ИИМ менен тыгыз иштешебиз. Алар бизге “Өз ыктыяры менен кайтуу” деген программанын негизинде Европа фондусунан акча бөлдүрүп мигрант качкындарды мекенине кайтаралы деп жатышат. Бул үчүн виза жасап берип, авиабилет алып беришет. Аларды азыр Түркия аркылуу Бишкекке кайтаруу жолу каралып атат.

Украинадагы кыргыз элчиси Идирис Кадыркулов

Сүрөттүн булагы, Daminova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы кыргыз элчиси Идирис Кадыркулов (оңдон солго экинчи)
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Украинада согуш болору алдын ала болжонгон, бирок ал жактагы кыргыз жарандарынын көбү өлкөдөн чыгып кете албай калып калышына ким күнөөлүү?

С.Даминова: Негизи согуш чындап чыгып кетет деп ким ойлоптур, баарыбыз эле бейкам жүрбөдүкпү. Украинадагы кыргыз элчилиги катуу иштеди. Мисалы, ал жактагы бир да жараныбыз жабыркаган жок да. Туш-тараптан кыргыздарды чогултуп, автобуска салып алып, өзү машинеси менен коштоп алып чыгып жатты.

Украинадагы кыргыз элчиси Идирис Кадыркулов 600 кыргызстандыкты Украинанын туш-тарабынан чогултуп, коопсуз жерлерге алып чыгып кетип атат. Мына кечээ жакында Львоводон Венгрия кыргыздардын бир тобун автобус менен алып келишти.

Венгрияга келген кыргыздар өздөрү жайланышып, баш калка таап жатышы керек экен. Айрымдары жай таба албай кайра эле Украинага кирип кетип жатышыптыр. Биз Венгрииядагы студенттен, ыктыярчылар менен сүйлөшүп, жай таап берүүсүн суранып жатабыз. Акчасы жокторду кризистик борборлорго жайгаштырганга аракет кылып жатышат.

Украинадан качкын кыргызстандыктар Польша, Германияга да барып жатышат.