Арак менен нашанын айынан он миң айдоочу күбөлүктөн кол жууду

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Иллюстрациялык сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда соңку мезгилде алкоголь ичип же баңги зат колдонуп алып унаа башкаргандыгы үчүн кеминде 10 000 киши айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды дейт адис. Чындап эле ушундай болсо миңдеген мас айдоочу унаа башкарбай калгандан кийин жол кырсыктары азайдыбы?

Айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында катуу чаралар киргизилгенине бир жылдан ашты.

Деген менен айрым адистердин айтымында, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын саны дагы деле азайбай келе жатат.

Адамдан амал качып кутулбайт. Айдоочулук укуктан ажыратылгандар ойлоп тапкан түркүн айланы санарип ыкма тизгиндеп жаткандай.

“Соттук териштирүү жүрүп жатканда айдоочулук күбөлүгүмдү жоготуп алдым деген шылтоо менен бизге кайрылып, кайра башкасын алгандар болгон. Азыр такыр башкача болуп калды. Соттун өкүмү чыкканга чейин эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору толтурган протокол бирдиктүү электрондук система аркылуу дароо бизге келет”,- деди Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин өкүлү Антон Макеев Би-Би-Сиге.

“Акча маселени чечип жатат”

Дастан Бекешев

Сүрөттүн булагы, Facbook

Депутат Дастан Бекешев жогорудагы сандар расмий гана статистика экенин айтып, чындап келгенде мас болуп алып рулга отургандардын саны андан кыйла жогору деди.

“Беш-он эсе көп болушу мүмкүн. Көпчүлүгү акча менен маселени чечип жатат. Мүмкүн жол кырсыктары анча-мынча азайган чыгаар. Бирок жол кырсыгынын кесепетинен каза болуп, майып болуп калгандар дале көп. Мына шаар ичинде эле эреже бузган учурлар канча болуп жатканын иш жүзүндө көрүп жатабыз. Реалдуу статистиканы ала турган болсок жол эрежелерин бузуу, жол кырсыктары азайган жок”,- деди депутат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатканда айрым депутаттар аны иштебейт деп сынга алган эле. Алардын катарында Дастан Бекешев дагы бар болчу.

Бекешев жол кырсыктарын алдын алуунун эң жакшы жолу жарандардын бирин-бирин көзөмөлдөөсү деп эсептейт.

“Жарандарга эреже бузуп жаткан айдоочуну видеого тартып, атайын тиркеме аркылуу ЖКККББга жиберүүгө шарт түзүп берүү керек. Шыктандыруу иретинде айып пулдан түшкөн каражаттын 10 пайызы аларга берилиши керек. Бир-бирибизди көзөмөлдөп баштаганда гана жол эрежесин бузуу, жол кырсыктары өтө азаят. Атүгүл майда эреже бузуулар дагы катталбай калат”,- деди Бекешев.

Тилекке каршы соңку учурда жол кырсыктары күнүмдүк көрүнүшкө айланып калды. Өтө оор кесепеттер менен коштолгон окуялар жаңылыктардан байма-бай чыга баштады.

Бутунан тура албаган мас абалында унаа башкарып бара жатып инспекторлорго кармалып видеосу социалдык тармактарга тарап кеткендери дагы бар.

Алардын арасында айдаган кымбат машинасына же ээлеген кызмат ордуна, ак үй-көк үйдөгү тааныштарына таянгандар дагы жок эмес.

“Комплекстүү иш алып баруу”

Жол кырсыгы

Сүрөттүн булагы, ЖКККББ

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Касмамбетова маселени чечүү үчүн жапа тырмак, комплекстүү иш алып баруу керек дейт:

“Жаңы эреже киргенден бери айдоочулар арасында ичип алып унаа айдагандан этияттап калгандар бар. Бирок кескин түрдө өзгөрүү болду деп айтууга эртелик кылат. Үч жыл аралыгында каза болгондордун саны бир аз азайды. Бирок жаракат алгандардын саны ошондой эле”,- деди ал.

Былтыркы жылдын 8-мартынан тартып жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мурда мас абалында рулга отурган айдоочуларга 17 500 сом айып салынчу. Эми алар бир жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Мындай жорук дагы кайталанса, автоунаасы убактылуу айып короого токтотулуп, үч жылга чейин унаа башкарууга уруксат берилбейт.

Андан тышкары белгиленген ылдамдыктан саатына 60 чакырым ашыра айдагандарга мурун 7 500 сом айып пул салынчу. Учурда анын көлөмү 15 000 сомго жогорулаган. Каршы тилкеге чыккандарга мурда 5500 сом айып пул салынса, учурда 15 000 сом айып салынат. Ээнбаштык кылгандар мурда 7 500 сом айып төлөп келсе, былтыртан тартып ал сумма 15 миң сом болуп калган.

“Жол кырсыгы азайып жатат”

Жол кырсык

Сүрөттүн булагы, ЖКККББ

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ККККББ) болсо өлкө аймагында жол кырсыгы азайып жатканын айтат.

Муну алар бир жылдан бери иштеп жаткан жол коопсуздугун камсыздоо үчүн киргизилген жаңы эрежелеринин жыйынтыгы дешет.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен 1364 жол кырсыктары катталды. Кесепетинен 2000ге жакын жаран ар кандай жаракаттарды алып, 99 жаран каза болду.

“2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы жол кырсыктары 8 пайызга азайды. Жаракат алгандар 7 пайызга, каза болгондордун саны 20 пайызга азайды. Өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы 13 пайызга, жаракат алгандары 20 пайызга, каза болгондор 18 пайызга төмөндөдү. Өтө оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктары дагы 40 пайызга азайды”,- деди ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу.

Ошондой эле ал соңку үч айда 3754 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатып кармалганын айтты.

“Мунун баары айдоочулук укугунан ажыратылды деп айтууга болбойт. Алар башка беренелер боюнча айыпка тартылып, соттун чечими ар кандай болуп калуусу ыктымал”,- деп кошумчалады ал.

Калкынын саны менен салыштыра келгенде жол кырсыгы өтө көп катталган Кыргызстанда мас айдоочунун азабын тарткандар четтен чыгат. Ал тургай аягы өлүм менен аяктап, далайы майып болуп калды. Бир жагынан жолдун шарты начар десе, бир жагынан айдоочулук маданияттын өтө төмөндүгү дагы далай кырсыкка өбөлгө түзүп койбойбу деген беймаза суроо кабыргасынан турат.