Жарым кылым бою жуунбаган ирандык киши 94 жашында көз жумду

Аму Хаджи

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аму Хаджи

Би-Би-Си бул материалда жарым кылым бою жуунбаган, тамекини күркүрөтө тарткан адамдын окуясын баяндап жатып, эч кимди мындай жолго үгүттөбөйт.

Аму Хаджини ирандык журналиссттер "дүйнөдөгү эң кир киши" деп атап келишкен. Ал Фарс провинциясында жарым кылымдан ашуун жашап, жуунуп тазалануудан караманча баш тартып келген. Аму Хаджи мындай адатын суу менен самындан улам ооруп, өлүп калышым мүмкүн деген кооптонуусу менен түшүндүргөн.

Сөз болуп жаткан карыя ал чөлкөмдүн кызыктарынын бирине да айланып калгандай. Жергиликтүү эле эмес, Тегерандагы журналисттер дагы Аму Хаджиден маал-маалы менен кабар алып, анын кызык окуяларын окурмандарына жарыялап келишкен.

Жуунгандан тарта алсырай берген дешет

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жуунгандан тарта алсырай берген дешет

Мисалы, 2014-жылы англис тилдүү Tehran Times гезити андан маек алган. Ал маегинде Аму карыя чүткөрдүн (дикобраз аны жейре деп да аташат) этин тамшанып жей турганын жана жер алдындагы ийининде жашоону жактыраарын айткан. Ошентсе да кээде кең пейил кошуналары куруп берген алачыкка түнөй турганын кошумчалаган. Ал мындай адаттан тыш жашоо образын жаш кезинде бир нече жолу өтө эмоционалдуу соккуларга калбылганы менен түшүндүргөн.

Мунусу аз келгенсип ал карыя чылымды сая түшүп чеккен. Бир эле учурда манжаларына бир канча тамекини чогуу кармап алып тарткан. Узак жылдар бою самын менен жышыгычты көрбөй жүрүп, терисинен бери карарып, ыш-гөө басып кеткен. Анын мындай көрүнүшү өзүн ойлондуруп да койгон эмес. Ушунун баарын эске алганда ал жеген бүксүп кеткен эт, ичкен кир суусу анын саламаттыгына эч кандай таасир бербеген өңдөнөт.

Бирок мындан эки ай мурун айылдаштары ары жагынан, бери жагынан чыгып жатып карыяны жуунуга көндүргөн экен. Бирок айылдаштарынын ою оңунан чыккан жок. Жуунгандан тарта Аму Хаджи алсырай баштап, өткөн жекшембиде көз жумду. Анын өлүмүнүн так себеби айтылган жок, бирок анын гигиена боюнча күтүүсүз өзгөргөн абалы ага пайдасын тийгизбегенин боолгологонго болот.

Айрым интернет колдонуучулары бул окуя акылга сыйбай турган иш экенин айтып, ойдон эле чыгарылган деген пикирин да жазып жатышат. Аны менен катар эле жарым кылым бою жуунбаган кишинин абалы кандай болот болду экен деп түрдүү божомолдорду айтып, сыпаттагандар бар. Эн эле басымдуусу чындап эле жуунбай койсо бул киши дагы деле жашай берет беле, самын менен суу ушунчалык терс таасир эттиби деп суроо салышууда.

35 жыл бою тишин жуубаган индиялык кантти экен?

Мындан улам дагы бир суроо жаралды. Ирандык бул дүйнө капар кишини ваннадан баш тартуу боюнча рекордсмен деп эсептөөгө болобу? Айтмакчы, 2009 -жылы 35 жыл бою тишин жуубаган индус тууралуу дагы кабар чыккан эле. Ал да 35 жыл бою жуунбай, тиш жуубай жүргөнү маалым болгон. Аныкы да бул жагынан рекорд коё алат беле? Бул жагынан рекордго башкы талапкер боло ала турган ал адамдын азыр бар же жогун так кесе айтуу оор. Себеби ал көп убакыттан бери журналисттердин «дүрбүсүнө» илинбей, ал тууралуу кеп сөз да болбой калды.