"Мектеп көчүрүлөт дегенди укканда бир күн кечке ыйладым". Азиз балдардын интернаты шаардын четине көчөбү?

Солдо Жылдыз Жакаева, оңдо жатак-мектепке өкмөт мүчөлөрү барган учур

Сүрөттүн булагы, courtesy

    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Бишкектин борборундагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатты Чоң-Арыкка көчүрүүгө аракет жасап жатышат. Бул тууралуу айрым ата-энелер билдиришүүдө.

Агартуу министрлиги болсо мектепти көчүрүүгө каршы кайрылуу түшө электигин кабарлады.

Би-Би-Си мектептин ордуна кезектеги көп кабаттуу үйлөр курулушу мүмкүн деп чочуп жаткан ата-энелер менен баарлашып, министрликтин жообун укту.

Эки өрүм чачы белине жетейин деп калган алты жашар Бермет мектепке бара элек. Азыр бала бакчада. Бирок ата-энеси аны окууга даярдап жатат. Бул үчүн Токмоктогу үйүн сатып, жаңы эле Бишкектен 17 пайыз үстөк менен мектеп-интернаттын жанынан ипотекага батир сатып алышкан экен. Эки көзү тең көрбөй калган Берметтин чон апасы ЖылдызЖакаева мектеп-интернат шаардын четине көчөт экен деген кабарды уккандан бери шаабайы сууп, капа болуп жүргөнүн айтат:

"Эртең менен кызыбызды сабакка жетелеп барып, кайра жетелеп кетип туралы деп алдын ала мектепке жакын жерден батир сатып алдык эле. Интернатка таштабайбыз. Үй-бүлөнүн жылуугунун сезип, өз бир туугандары менен чоңойсун деп аракет кылып жатабыз. Батир алганда аябай сүйүнгөнбүз. Мектепти чоң Чоң-Арыкка көчүрөт деген кабарды угуп алып бир күн кечке ыйладым, бир жума жаман болуп жүрдүм. Бул да болсо кудайдын сыноосу экен. Неберемдин көзү азиз болуп калды. Берметтей кичинекей эмес, чоң кишилер да автобус менен алыс жерге барганда тыгында кабылып, кыйналып жатышканын көрүп жатабыз го. Кызымды Чоң-Арыкка кантип ташыйбыз?" – деп көзүнөн жаш алды Жылдыз Жакаева.

"Тынч уктай албай калдым"

Гүлзада Намиеваны болсо мектеп-интернаттын жанынан кезиктирдик. Ал 5-класстагы уулун үйүнө алып кеткени келиптир. Ал дагы мектеп көчөт экен деген кабарды укканын, ошондон бери жанын коёрго жер таппай жатканын айтты.

"Мен биринчи топтогу майыпмын, өзүм да ушул мектепти бүткөм, балам да ушул мектепте окуйт. Ушул мектептин шаардын четине көчүрүлөрүн угуп, аябай капа болуп турам. Тынч уктай албай калдым. Эмне дегенде көзү көрбөгөн үй-бүлөрлөрдүн көбү үйлөрүн сатып, ушул мектептин тегерегине көчүп келген. Өзүңдүн көзүң көрбөсө, балаңдыкы да көрбөсө, нары-бери жүрүү өтө кыйын. Ошончо алыс жерге кантип барабыз. Жашообузду жеңилдетпей эле татаалдаштырып жатышат".

Гүлзада менен сүйлөшүп турганда, ак таягы менен жерди шилеп, шаша-буша Таштанбек Умралиев да келип калды. Эки көзү тең таптакыр көрбөгөн байке Аутизм, Даун синдрому бар балдарга укалоо кызматын көрсөтүп иштейт экен. Жумушу шаардын түндүк четинде, Дордой тарапта. Күн сайын иштен чыгып, 5-класста окуган кызы Айлинди үйүнө алып кетет. Айлиндин да көзү жакшы көрбөйт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бул мектеп балдар үчүн өтө ыңгайлуу жерде. Бир тарабында Совет көчөсү жайгашкан, ал жерден 15-16 автобус каттайт. Тигил жагы Белниский көчөсү, ал жакта да транспорттун агымы үзүлбөйт. Жакында мектептин жээгиндеги тротуарды ондоп беришкенде мүдүрүлгөнүбүз азайып, өкмөткө ыраазы болуп калдык эле. Эми балдарды Чоң-Арык же Воронцовкага көчүрүп койсо кандай болот?! Ал жакта мындай инфраструктура жок. Экинчиден, бул жерде канча жылдан бери иштеген, адистешкен, тажырыйбалуу мугалимдер бар. Алар да шаардын ар кайсы жеринде жашайт. Алар алыска барып иштебей коёт го деп коркуп турам. Балдар болсо түрдүү ийримдерге, маселен, музыкалык мектептерге барышат. Айрымдары оор илдет менен жабыркайт, алардын өмүрү ооруканаларга байланган, үзгүлтүксүз дарыланып турушу керек. Алар кантет?"

Бир нече күн мурун социалдык тармактарда азиздердин мектеп-интернаты шаардын четине көчүшү ыктымал деген маалымат тараган.

"Ата-энелердин арасында кийинки жылы мектеп-интернатты Чоң-Арыкка көчүрүшөт, ал эми бошогон жерге башка объект же ГИК тарабынан көп кабаттуу үйлөр салынышы мүмкүн деген маалымат тарады. Мектеп администрациясы азырынча бизге расмий так маалымат берген жок, бирок бул кептерге ишенбей коюуга да негиз жок", – деп жазган Тредс социалдык түйүнүнө Нурия Курманалиева.

Мындай кептин чыгышына эмне негиз болду?

"Автобус уюштуруп берүүнү убада кылышкан"

Искендер Султаналиевдин баракчасынан алынды

Сүрөттүн булагы, facebook

4-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйынын өткөргөн. Расмий маалыматта өзгөчө адамдарга көрсөтүлүп жаткан жардамдар жөнүндө гана айтылган.

Бирок "Феномен" коомдук фондунун президенти Искендер Султаналиев Фейсбуктагы баракчасына бул жыйында мектеп эмне себептен шаардын четине көчүрүлгөнү жатканы жөнүндө суроо көтөргөнүн, премьер-министр жана вице-премьер мунун себебин түшүндүрүп, мектеп "заманбап эл аралык стандарттарга" ылайык, бассейни, тренажёрдук залы, балдар үчүн фитнес-клубу жана башка шарттары менен куруларын белгилешкенин жазды.

"Биз майыптыгы бар балдардын көптөгөн ата-энелери үчүн шаар сыртындагы мектепке баруу абдан татаалдашарын эске салдык: жол кире кымбат, жол ыңгайсыз, такси менен жетүү көп учурда мүмкүн болбойт. Ошондуктан өкмөт өкүлдөрү шаар ичинде жашаган окуучулар үчүн күн сайын мектепке ташыган атайын акысыз мамлекеттик автобус уюштуруларын убада кылышты. Ал эми аймактарда жашагандарды дүйшөмбү күнү эртең менен жеткирип, жума күнү кечинде кайра алып кетүү караларын билдиришти", – деген Искендер Султаналиев.

Жатак мектепте кызы 1-класста окуган, көзү азиз Каухар Тобокел кызы муну менен маселе чечилбей турганын айтууда:

"Автобус уюштурган күнү да маселе чечилбейт. Себеби ар ким шаардын ар кайсы жеринде жашайт. Бирөө Дордойдо, бирөө Кызыл-Аскерде дегендей. Мектепке жүз бала келсе, 100 автобус уюштуруп бере албайт да. Балдарды бир точкадан алып кетишет. Биз ошол жерге жеткиришибиз керек, ал жерге кайра эле транспорт менен барабыз. Кышта бири-бирин күтүп үшүп калышат. Ошондуктан автобус уюштуруп беребиз деген сөздөрү мени канааттандырбайт. Бүгүн ансыз деле ушул жерге тайгаланып жатып араң жеттим. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, сиздерден суранабыз, мектебибизди көчүрттүрбөй, ушул жерге эле жаңы имарат куруп бериңиздер".

Би-Би-Си жатак мектептин директору Мээрим Мадиярова менен сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок ал Агартуу министрлигине кайрылуу керектигин айтып, сасык тумоого байланыштуу "карантин" киргенин жүйө келтирип, мектептен чыгып кетүүбүздү суранды.

Агартуу министрлиги мектеп-интернат эч жакка көчпөйт деп так кесе айткан жок.

"Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернат учурда штаттык режимде ишин улантууда. Чоң-Арыкка көчүрүү боюнча Агартуу министрлигине маалымат же кайрылуу түшкөн жок. Эгерде мындай демилге пайда болсо, ал белгиленген тартипте каралат", – деп жооп берди.

8-сентябрда МинКаб төрагасы Касымалиев, курулуш министри Орунтаев, агартуу министри Кендирбаева мектеп-интернатка барган.

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 8-сентябрда МинКаб төрагасы Касымалиев, курулуш министри Орунтаев, агартуу министри Кендирбаева жатак-мектепке барган.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев быйыл 8-сентябрда сөз болуп жаткан мектеп-интернатка барган.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, аны курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева коштоп барган. Алар окуу корпустарын, жатакананы, окуу устаканаларын, спорттук аянтчаны, ашкананы, спорттук жана жыйындар залдарын жана медициналык пунктту көрүп чыгышкан.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында 1939-жылдан бери иштеп келе жаткан мектеп-интернат комплекстүү жаңылоону талап кылары белгиленген. Мектептин имаратын көрүп чыгуу учурунда Адылбек Касымалиев бардык зарыл талаптарга жооп берген жаңы заманбап мектеп-интернатын куруу боюнча сунуштарды даярдоону баштоону тапшырды", – деп айтылган маалыматта.

Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернат Агартуу министрлигине карайт. Республикалык бюджеттен каржыланат.

Мектеп-интернат 1939-жылы түптөлгөн. Бул жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 220 окуучу билим алууда. Алардын жарымы ошол жерде жатып окуйт, жарымы үйлөрүнөн барып келип билим алышат. Мектепке 6-7 жаштагы балдар кабыл алынат. Жалпысынан 61 педагог эмгектенет.

Мектептин жалпы аянты 9300 чарчы метр, же дээрлик бир гектарга жакын. Анын ичинде 2 710 чарчы метрин гана курулуш ээлеп турат.