НАТО саммити: G7 Украинанын коопсуздугу үчүн милдеттенме алды

НАТО саммит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

«Чоң жетиликтеги» өлкөлөрдүн лидерлери жана Украинанын президенти Вильнюстагы саммиттин соңку күнүндө Украинага аскердик жардам жана анын коопсуздугунун кепилдиги жөнүндө декларацияга кол коюшту.

G7 өлкөлөрү Украинанын коопсуздугун камсыз кылууга жана Россия тараптан агрессия болсо дароо жардамга келүүгө милдеттеништи. Бирок азыркы согуш бүтүп, келечекте кайра болушу мүмкүн агрессия жөнүндө сөз болууда.

Президент Зеленский декларацияны Украинанын «маанилүү жеңиши» деп атады. Анын алдында ал НАТОнун саммитинин жыйынтыгы жакшы болду, бирок идеалдуу болбой калды деп жаткан. Себеби Украина альянска киргенге расмий чакыруу алган жок.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес, саммит көрсөткөндөй. маселе Украина НАТОго кабыл алынары жөнүндө эмес, ал качан ишке ашат, кеп ошондо турат деп айтты.

G7 декларациясы: үч башкы механизм

НАТО саммит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

G7 өлкөлөрүнүн лидерлери кол койгон декларацияда үч башкы механизм каралды.

Алар Украинанын өзүнүн өлкөнү коргоого жөндөмдүү куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшүн жана келчекте Россия тараптан болуучу агрессиянын алдын алууну камсыз кылат. Бул үчүн “жетилик” заманбап куралдарды (ПВО, артиллерия, бронетехника ж.б.) берет, украиндердин аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрөт; чалгын жаатында кызматташтык болот; кибер коопсуздук жагынан дагы жардам берет.

G7 Украинанын экономикасын бекемдөөгө колдоо көрсөтөт, анын ичинде өлкөнү кайра куруу жана энергетикалык коопсуздуктуу камсыз кылуу милдети да бар.

«Жетилик» Украинага азыркы россиялык агрессиянын кесепеттерин жоюу үчүн техникалык жана финансылык жардам берет.

Декларацияда Украинага да бир катар милдеттер жүктөлдү. Киев өз кезегинде ар кыл тармакта масштабдуу реформаларды жүргүзүп, коррупция менен күрөшүп, укук коргоо органдарынын, соттордун ишин, мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө тийиш. Украина ошондой эле демократия жолунан тайбай, укуктун үстөмдүгү, адам укугу менен сөз эркиндигин сакташы керек. Коргонуу жаатында реформаларды улантып. Армияны модернизациялап, куралдуу күчтөрдүн үстүнөн жарандык көзөмөлдү камсыз кылууга тийиш болот.

Саммиттин биринчи күнү НАТОнун өлкөлөрү Украинанын кабыл алына турган убактысын айтышкан жок, бирок анын орду келечекте альянстын ичинде деп гана ырасташты.

НАТО – Украина Кеңеши

күндү күтөбүз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, НАТОнун башкы катчычсы Йенс Столтенберг: "Бүгүн биз өнөктөштөр катары жолугуп атабыз, бирок союздаштар катары жолуга турган күндү күтөбүз"
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Вильнюста жаңы түзүлгөн НАТО-Украина Кеңешинин биринчи жыйыны болду.

НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери бул кеңеш буга чейин иштеген НАТО - Украина комиссиясынын ордуна түзүлгөнүн, бул Украинаны альянска кабыл алууга карай жасалган кадамдардын бири экенин билдиришти.

Бул кеңеште, алардын айтымында, Украина союздаштар менен теңата катышып, керек болсо анын жыйынын өзү да чакыра алат.

«Бүгүн биз өнөктөштөр катары жолугуп атабыз, бирок союздаштар катары жолуга турган күндү күтөбүз»,-деди НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг президент Зеленский менен бирге өткөргөн басма сөз жыйынында.

Анын башында Столтенберг кыска сөз сүйлөп, НАТОнун максаты - Украинага россиялык агрессиянын мизин майтаруу үчүн жардам берүү жана анын болочокто болтурбоо деп билдирди.

Ошол эле убакта НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери Украина каалагандын баарын эле бере албай турганын да ишарат кылышты. Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы Джеймс Ландейл жазгандай, Вильнюстагы саммитте «жок» деген сөз «жокту» билдирет, НАТО Киевдин кысымына көнгөн жок, Украинаны ыкчам кабыл алгандан көрө стратегиялык сактыкты туура деп тапты.

Самиттин алдында Украинанын президенти Зеленский НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери анын өлкөсүн качан кабыл аларын айтпай жатышканына ачык эле нааразылык билдирди.

Зеленскийдин кескин билдирүүлөрү саммиттин чечимине таасир этиш үчүн айтылган менен Украинанын кээ бир европалык өнөктөштөрүн кабатыр кылды.

Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Киев Батыштын берип жаткан жардамына көбүрөөк ырахматын айтса жакшы болмок деп сүйлөндү. (КС)