Мамлекеттик маалымат каражаттары өз милдетин аткарып жатабы?

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Дастан Үмөтбай уулу, Би-Би-Си, Бишкек
Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун мамлекеттен каржыланган ММКларды жоюу жөнүндө сунушу чоң талкууга жем таштады. Коомдук тармактагы талкууда аны колдогондор да, каршы пикир айткандар да бар.
Эркин журналисттин эсебинде Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) менен “ЭлТРде” 1039 адам иштеп, мамлекеттик казынадан 536 миллион сом сарпталат. Исаков өз жүйөсүндө бул сарпталган каражаттар негизсиз жана өзүн актабайт деген.
"Өтө тар түшүнүк"

УТРКнын өкүлү Чынар Капарова улуттук каналды жаап салуу сунушун "чагымчылдык" деп атап, корпорациянын маданият тармагына кошкон салымы зор экенин айтууда.
"Улуттук телерадиоберүү корпорациясы "улуттук" деген макамдын өзү эле — улутту таанытуу, улуттун каадасын, салтын, үрп-адатын, тарбиясын, билимин, музыкасын, маданиятын, тарыхын дегеле ушунун баарын жайылтуу, жеткирүү деп айтылат. Улуттук, ушундай баалуу, маданий казына кимде бар? Бул УТРКда гана сакталган. Ошол сакталган нерсени биз бапестеп, кылымдардан кылымга чейин сактап бергенге аракет кылышыбыз керек. Лентага жазылгандардын баарын санариптештирип, жакшы сапатта сактап келе жаткан ушул УТРК. Фильмдерди сактап келе жаткан УТРК. Канчалаган тарыхий инсандарды, канчалаган биздин маданиятыбызга эмгеги сиңген инсандардын үнүн жазып калган бул — УТРК. Бүгүнкү күндө дагы улуттун жүзүн көрсөтүп жаткан УТРК. Анан эле саясий өңүттөн алып туруп, УТРКны жаап салуу керек деген өтө тар түшүнүк. Муну чагымчылдык деп эсептейм".
Ошондой эле анын жүйөсүндө улуттук каналды саясатты гана чагылдырат деп түшүнүү туура эмес.
Исаков Би-Би-Сиге берген маегинде Капарова жүйө кылган элди маданий маалыматтар менен камсыз кылууда УТРК өз милдетин атакара алган жок деп айтты.
"Эгемендүү болгонубузга 30 жыл болду. Ошол 30 жылдын ичинде кыргыздарды кыргыздарга тааныштырып бүтө алган жок да. Азыркы күнгө чейин биз дүйнөнү орустун көзү менен карап, орустун көзү менен таанып келе жатабыз. Европаны да орустун көзү менен тааныйбыз. Мисалы, азыркы күнгө чейин "биз оруска кошулуп алсак, жакшы жашайт элек" деген көз караштагы адамдар дагы деле көп. Улуттук өзүн-өзү таанытуу үчүн ушул күнгө чейин ушунча акча алып, бир тыйын салым кошо алган жок да. Элдин аң-сезимине револиция жасай албаса, элдин аң-сезимин тунута албаса, аң сезимин даарылай албаса колониялык аң-сезимден кетире албаса, анда биз неге буларга акча төлөп олтурабыз?"

Сүрөттүн булагы, Facebook
"Мамлекеттик кызыкчылыкты коргогон ЖМК болуусу керек"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Журналист Жыргалбек Касаболотов мамлекеттик ЖМКлардын учурдагы ишин сынга алганы менен жоюунун зарылдыгы жок деп эсептейт:
"Аларды жоюп кереги жок. Бирок мамлекеттик маалымат саясаты дегендин өзүн такташыбыз керек. Бизде мамлекеттик маалымат каражаттарынын маалымат саясатында бийликте ким болсо, ошонун сөзүн сүйлөө деген түшүнүк калыптанып калган. Чын-чынына келгенде мамлекеттик, улуттук кызыкчылык андай эмес да. Улуттук кызыкчылык жөнүндө түшүнүк бере турган бирден-бир тараптар ушул мамлекеттик маалымат каражаттары. Бирок алар өздөрүнүн фукциясын аткарбай калды. Идеалында мамлекеттик кызыкчылык бийликтеги адамдардан жогору турушу керек. Ошол бийликтеги адамдын өзүн да сындай алгыдай болушу керек. Ошондо булар өзүнүн функциясын аткарган болот. Эгерде анын баарын жоюп сала турган болсо, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон, туруктуу бир да маалымат каражаты жок да".
Ал эми медиа серепчи Марат Токоев демократиялык мамлекеттерде мамлекеттик ЖМКлар болбой турганын айтууда:
"Негизи демократиялык жолдо өнүгүп жаткан өлкөлөрдө мамлекеттик телеканалдар деле болбойт. Мамлекет ЖМКлар менен өнөктөш катары эле иштешет. Демократиялык өлкөлөрдө мамлекеттик телеканалдардын ордун коомдук телеканал аткарат. Бирок коомдук телеканал бийликтин кызыкчылыгында эмес, мамлекетин кызыкчылыгында материалдарды даярдайт. Бизде көп учурда мамлекеттин кызыкчылыгы менен бийликтин кызыкчылыгын чаташтырышат".
Жабылуу алдындагы облустук гезиттер

Ал арада мамлекеттин каржылоосундагы облустук гезиттер биротоло жабылуу алдында турат. Маданият, маалымат жана туризм, жаштар саясаты министрлиги облустук гезиттерди жоюу жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.
Токтом долбоору колдоо тапса, "Баткен таңы", "Ош жаңырыгы", "Уш Садоси", "Эхо Оша", "Акыйкат", "Жалал-Абад тонги", "Талас байрагы", "Теңир-Тоо", "Чүй баяны", "Чуйские известия", "Ысык-Көл кабарлары", "Вести Иссык-Куля" гезиттери жабылмакчы.
Буга чейин облустук гезиттер облустук телерадиокомпаниялар менен кошулуп, ар бир областта бирден медиа борбор түзүлгөн. Анын максаты мамлекеттик маалымат каражаттарында бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүү жана санариптештирүү болгон. Бирок телерадиокомпаниялар менен гезиттердин оту күйүшпөй, гезитчи журналисттер медиа борбордо гезит каралбай калды деп Бишкекке көп арызданышты.
Ошондон кийин Маданият министрлиги аларды кайра ажыраштырып бөлүп салууга аргасыз болгон эле. Бирок баш редакторлордун баары бошотулуп, ордуна жаңылары дайындалган. Мында дагы кызматтан бошогон баш редакторлордун айрымдары нааразы болуп президентке чейин кат жазышты. Облустук гезиттердин редакцияларын жоюу жөнүндө токтом долбоору ошондон кийин болуп жаткан иш.
"Бирин-бири кайталаган телеканалдар биригет"
Облустук гезиттер сыяктуу эле ар бир облуста УТРК жана ЭЛТРдин бирден кабарчыларынан сырткары облустук, шаардык телеканалдар бар. Коомчулукта алар бири-биринин ишин кайталап, бир эле маалыматты таратып келгени сынга алынат.
Жакынкы күндөрү айрым телеканалдар УТРКнын курамына алынуу алдында турганын айтты Чынар Капарова.
"Облустук телеканалдар Маданият министрлигинин курамында болчу. Мына азыр акыркы кол коюулардан кийин толугу менен УТРКга өтөт. Алар УТРКга өткөндөн кийин жетекчилигибиз "облустук телестудиялар кантип бул жактагы кабарчылар менен бири-бирин кайталабай иштеп кетиши керек" деген реформанын үстүндө жакынкы аралыкта иштей баштайт".
Мындан улам мамлекет өзү каржылаган медиаларды ирилештирүүгө аракет кылып жатканы байкоого болот. Деген менен азарынча мамлекет каржылаган медиаларды биротоло жоюп салуу мүмкүн эмес дейт серепчилер.
Маданият, маалымат жана туризм, жаштар саясаты министрлиги Ыдырыс Исаковдун койгон сыны менен сунушуна расмий жооп берген жок. Коомдук тармактарда каршы пикирлер да токтой элек.












