Мадагаскар президенти: армия бийликти басып алууга аракет кылууда

Демонстранттардын талабын көптөгөн аскер кызматкери да кубаттап жатат

Сүрөттүн булагы, LUIS TATO/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демонстранттардын талабын көптөгөн аскер кызматкери да кубаттап жатат

Мадагаскар президенти Андри Радзуэлинанын администрациясы өлкөдө бийликти мыйзамсыз жана конституцияга каршы жол менен басып алуу аракети болуп жатканын билдирди.

Мындан бир нече сааттан кийин эле армиянын CAPSAT аттуу бөлүгү (кадрдык жана административдик-техникалык кызматтардын корпусу) өлкөдөгү аскердик жетекчиликти өз колуна алганын жана азыр кургактагы, абадагы жана деңиз күчтөрүн толугу менен көзөмөлдөп турганын жарыялады.

Кызыгы, дал ушул бөлүк 2009-жылы Мадагаскарда тутанган саясий кризисте чечүүчү роль ойногон. Дал ошол окуялардын натыйжасында Радзуэлина бийликке келген.

Мадагаскардагы алгачкы нааразылык акциялар 25-сентябрда башталган. Адегенде эл суу жана электр энергиясынын өчүрүлүшүнө нааразы болгон. Кийин өлкөдөгү жумушсуздуктун жогорку деңгээли, коррупция, кымбатчылык калктын өкмөттүн саясатына болгон жапырт нааразылыгын жараткан.

Ишемби күнү борбор калаа Антананаривонун четиндеги аскердик бөлүктөрдүн айрым жоокерлери казармаларын таштап, шаар мэриясынын алдына чогулган демонстранттарга кошулушту.

CAPSAT Антананариводогу нааразылык акцияларына катышкандарды таркатуу маалында коопсуздук күчтөрү күч колдонгонун кескин айыптады.

Ишемби күнү президенттик администрация тараткан билдирүүдө президент Андри Радзуэлина жана өткөн жумада дайындалган жаңы премьер-министр, армия генералы Руфин Зафисамбо кырдаалды көзөмөлдөп турганы айтылган.

БУУнун эсеби боюнча, нааразылык акциялары башталгандан бери 22 киши каза болду. Бирок Мадагаскар президенти бул санды "ката" деп атап, 12 адам каза тапканын билдирген. Радзуэлина алардын бардыгын "талоончулар жана көркоолор" деп мүнөздөгөн

Сүрөттүн булагы, LUIS TATO/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун эсеби боюнча, нааразылык акциялары башталгандан бери 22 киши каза болду. Бирок Мадагаскар президенти бул санды "ката" деп атап, 12 адам каза тапканын билдирген. Радзуэлина алардын бардыгын "талоончулар жана көркоолор" деп мүнөздөгөн

Андри Радзуэлина жекшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө: "Азыркы учурда республика аймагында бийликти басып алуу аракети жүрүп жатат. Бул Конституцияны жана демократиялык принциптерди толук бузуу болуп саналат" деп белгиледи.

Ал өлкөнү туруксуздаштыруу аракетин катуу айыптап, конституциялык тартипти жана улуттук суверенитеттүүлүктү коргоо үчүн өлкөдөгү бардык негизги күчтөрдү биригүүгө чакырды.

Ошол эле күнү CAPSAT фейсбук аркылуу тараткан билдирүүсүндө генерал Демосфен Пикулас Башкы штабдын жаңы жетекчиси болуп дайындалганын маалымдады.

Жекшемби күнү эртең менен CAPSAT лагерине жандармерия өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүү үчүн келгенден кийин ок атышуу болгону кабарланды. Учурда окуянын чоо-жайы тууралуу так маалымат бериле элек.