Камак жана колдоо. Стамбул мэрине эмне болду?

Сүрөттүн булагы, BBC Türkçe
Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун "Жолубуз узун, толкунданып жатабыз, жаштыгыбыз да бар" деген кайрылуусун Республикалык Элдик Партия (CHP) X социалдык баракчасына бөлүшүп, Имамоглуну партиянын "президенттикке талапкери" деп расмий жарыяланды.
Партиянын төрагасы Өзгүр Өзел, президенттикке талапкерди аныктоо үчүн өткөргөн алгачкы шайлоого тилектештик урнасы менен кошо 15 миллионго жакын кишинин катышканын айтты.
Өзел 1 миллион 653 миң мүчөсүнөн сырткары 13 миллиондон ашуун киши добуш бергенин жарыялады.
Бул ачыкталган маалыматтар азырынча көз карандысыз булактар тарабынан тастыктала элек.
Өзел, бул көрүнүш "мөөнөтүнөн мурда болчу шайлоого" жол ачканын айтты.
Бул тууралуу Экрем Имамоглунун социалдык баракчасында да билдирүү жасалды.

Сүрөттүн булагы, BBC Türkçe
Билдирүүдө "Бүгүн түнү Сарачханеде жана өлкөмдүн төрт тарабында аянттарда колдоп жаткан миллиондогон адамдарга саламымды жолдойм. Ошол урна кайрадан келет, эл бийликке эстен кеткис сокку менен сабак берет" деп жазылган.
Ошондой эле партияга мүчө болбогондор үчүн кошумча "тилектештик урналары" даярдалган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
23-март күнү эртең менен камакка алынган Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу алгачкы шайлоого жалгыз талапкер катары катышты.
Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) мүчөлөрү бардык облус жана райондордо биригип 5960 урнада добуш беришти. Англиянын борбору Лондондо да добуш берүү уюштурулду.
Стамбулдун Кадыкөй районундагы жалгыз тилектештик фонду Жаферагада коюлду.
Стамбулдун Малтепе районунда добуш берүү үчүн колдоочулардын узун кезеги пайда болду.
Малтепеге добуш берүүгө келген Пынар Басык Айдоган Би-Би-Синин Түрк кызматына берген маегинде: "Демократияны коргоо жана адилеттүүлүк орнотуу үчүн келдик. Бул Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) же башка партиялуулуктун кармашы эмес",- деди. Ал демократияны жана жаштардын келечегин ойлогону үчүн шайлоого келгенин кошумчалады.
Баарын добуш берүүгө үндөп, "Учурда саясатка кош көңүл мамиле болбошу керек" деп чакырык таштады. "Биз башыбыздан өткөзгөндү балдарыбыз көрбөсүн деп күрөшүп жатабыз" деди ал.
Ал Имамоглуга коюлган айыптарды "ойдон чыгарылган" деп эсептей турганын айтты.
Пенсиядагы мугалим жана CHP жактоочусу экенин айткан Айсел Эргүн Имамоглуну абдан жакшы көрөрүн белгилеп, "Биз Республикалык Элдик Партиясын Ататүрктүн партиясы болгон үчүн жакшы көрөбүз, менин атам да CHP мүчөсү болгон",- деп кошумчалады.
Би-Би-Сиге маек курган Самие Сүрер улгайып калса да, балдарынын келечеги үчүн добуш берүүгө келгенин айтты: "Эгерде бул эл оозун ачпаса, аны жеп коет",- деди.

Сүрөттүн булагы, BBC Türkçe
Стамбулдун Үскүдар районунда да массалык топтолуу болду.
Добуш берүүгө келгендер аты-жөнүн жазып, колун коюп катышышты.
Жакаларына Республикалык Элдик Партиясы тараткан "Улут өз эркиндигин коргойт" деген стикерлерди тагып алган жарандар көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Үскүдар Күчүксу аймагындагы Диярбакыр Жүмбүш тилектештик коомунун аянтына орнотулган Республикалык Элдик Партиясынын алгачкы шайлоо урналары чоң кызыгууну жараткандардын арасында болду.
Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) Үскүдар аймактык төраганын орун басары Сөнмез Күпели бул урнада 4 миңден ашуун тилектештик добушу жана 1500дөн ашуун мүчө добушу колдонулганын билдирди.
Ар кандай жаш курактагы адамдар бар.
Измирде орнотулган урналар ар бир райондо жана кварталдарда бири-бирине жакын жайгаштырылды.
Кээ бир шайлоо участокторунда кезек узунураак болсо, башкаларында добуш берүү тезирээк жүрүп жатты.
Тилектештик урналарынан тышкары Республикалык Элдик Партиясынын мүчөлөрү үчүн өзүнчө урна орнотулду жана мүчө болууну каалагандардын арызын кабыл алуу үчүн атайын столдор коюлду.
Көптөгөн үй-бүлөлөр жана ар кандай жаш курактагы адамдар добуш берүүчү урналарды көздөй чогуу бара жатышканы байкалып жатты.












