"Мен сокурлугума эч качан багынбайм". Көзү көрбөгөн жөө күлүктүн тагдыры

Сүрөттүн булагы, WALI NOORI
Вали Нури 2009-жылы минага жарылганда Афганистанда британдык армияда котормочу болуп иштеп жаткан. Ошол жарылуудан ал 20 жашында сокур болуп көрбөй калды.
Бала кезинде ал Кабулдун тоолорунда чуркап ойногонду жакшы көрөт эле, көрбөй калгандан кийин ал эми таптакыр чуркай албай калам деп ойлогон.
Кийин Улуу Британияга көчүп келгенден бери анын жашоосу өзгөрүп, кыйынчылыкка каршы майтарылгыс эрк менен күрөшүүдө.
«Мен өлүп калышым мүмкүн экенин билгем»

Сүрөттүн булагы, WALI NOORI
Мен Кабулда өстүм, абдан жакшы мушкер болчумун жана дайыма чуркап формамды кармап жүрчүмүн. Мектепти аяктагандан кийин университетке тапшырайын дедим, бирок менин үй-бүлөм жакыр жашачу эле. Атам иштей алчу эмес, үйдө менин беш кыз жана эркек бир тууганым бар эле, тое тамак ичпей, ачкалыктын азабын көп тарттык.
Ошентип, 18 толгондо мен британ армиясына котормочу жана маданий кеңешчи болуп орноштум. Мен мектепте англис тилин жакшы окуган элем. Менин ишим британ армиясына, афган күчтөрүнө жана жергиликтүү жарандарга бири-бири менен сүйлөшкөнгө жардам берүү болчу. Бул абдан маанилүү иш эле.
Бир жолу менден Гильменд провинциясына барасыңбы деп сурашты. Мен ал жакта ажал тооруп турганын билсем дагы макул болдум. Бул чыныгы тозок эле. Буктурмадагы кол салуудан күнүгө көп адам өлүп жаткан эле.
Мен кайгуулда жүргөндө жасалма жардыргыч затты басып алганымда эки жыл иштеп койгон элем. Жарылуудан асманга ыргып барып, кайра түштүм. Мен өлдүм деп ойлодум, кандайдыр бир түшкө окшоп да кетти. Бети башымды бүт сынык басып калды, оозумдагы 28 тишим баары ыргыды.
Дем албай калдым, бирок колумду оозумдун тереңине салып, минанын сыныгын алып чыктым. Мен эчтеке көрбөй калдым. Мени тик учак менен алып кетишкен экен. Кабулдагы аскердик госпиталда эки апта комада жаттым.
«Мен жашоом бүттү деп ойлодум»

Сүрөттүн булагы, WALI NOORI
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дарыгерлер мени жашап кетет деп ойлошкон эмес. Мен көзүмдү ачканда сүйлөй албадым, атымды кагазга жазып берип, менин досума телефон чалып, эмне болгонумду жеткиришсин дедим.
Атам менен апам биринчи жолу келгенде аларга аябай кыйын болду. Мен эптеп отурдум да аларга жылмаюуга аракет кылдым. Бирок дагы деле сүйлөй албайт элем.
Баграмдагы авиабазага госпиталга которулуп, америкалык дарыгерлерден дарыландым. Мен мойнума коюлган түтүк менен дем алып жаттым. Бир ай болгондон кийин мени Индия менен Пакистандын ооруканаларына жиберип, көзүмдү айыктырууга аракет кылышты. Бирок бул мүмкүн эмес болуп чыкты.
Бул абдан оор болду, менин караңгылык чулгаган күндөрүм башталды. Мен мурда чуркаганды жакшы көрчү элем, эми андан да ажырадым. Жапжаш кезимде майып болуп жалгыз калдым. Акыры Афганистанга кайттым. Мен эми жашоомду кантип улантарымды да билген жокмун, мага эч ким турмушка чыкпайт деп дагы ойлодум.
Бирок 2012-жылы мен сүйлөшүп, бир жакшы кыз менен турмуш курдум. Ошол күндөн бери менин аялым мага чоң тирек болуп калды. Ал менин колумдагы таякты ыргытып жиберди дагы «Мен сенин таягыңмын» деди. Ал абдан мээримдүү. Ар бир жолу мен муңая түшкөнүмдө ал: «Мен жаныңдамын, көңүлүңдү ач» деп айтып турат. Биздин үч сонун балабыз бар.
«Канзаада Гарри менен жолугушууну эч унутпайм»

Сүрөттүн булагы, WALI NOORI
Мен Афганистанда жашап иштегим келди, бирок андай шарт болбоду. Британ армиясы мага бир жылдык эмгек акымды төлөп берди, бирок менин жашоом кыйын эле. Мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам бергенге чамасы чак.
2014-жылы британ өкмөтү мага Улуу Британияга үй-бүлөм менен барып жашаганга укугум бар экенин кабарлады. Бул маселени чечкенге эки жыл кетти, ошондон биз Колчестерге көчүп келдик, артка эч бир кылчактаган жокпуз.
Мага бул жакта абдан жакты. Бул абдан жакшы жер, бул жактан мыкты досторду таптым, айрыкча Colchester Harriers чуркоо клубунда көп. Бейпилдикте жашап жатабыз.
Мен кайрадан чуркай аларымды түшүндүм, анткени чуркагандарды коштоп жардам берген адамдар бар. Бул менин эркиндигим менен психикалык саламаттыгымды кайтарып берди. Травманын айынан башым аябай ооруган учурлар болот, бирок мен чуркаганы чыкканда оорум унутула түшөт.
Мен Invictus Games мелдешине катышуу үчүн беш жыл күттүм. Өткөн жылы сентябрда Улуу Британиянын атынан чыгуу мага абдан сыймыктуу болду. Мен 100, 200, 400 жана 500 метр аралыкка чуркоодо төрт медаль жеңип алдым. Мен канзаада Гарри жана Меган менен тааныштым, алар абдан жылуу жана достук мамиле кылышты.
Гарри менин колумду кысканда мен анын ким экенин билген жокмун. «Бул ким» деп сурадым. Ал: «Мен канзаада Гарримин» деп жооп бергенде биз экөөбүз тең күлүп, бир топко кобураштык. Бул менин жашоомдогу эң бир керемет учур болду.
«Мен сокурлугума эч качан багынбайм»

Сүрөттүн булагы, WALI NOORI
Мен азыр чуркоодон 21 медаль жана сууда сүзүүдөн үч медаль жеңип алдым. Мен жашоомдо алдыга гана жүргүм келет, артка кылчайгым келбейт. Дайым өнүгүп, өркүндөгүм келет, эч качан кыйынчылыкка багынып отуруп калбайм.
Менин кыялым - Паралимпиада оюндарына катышуу. Мен ылдамдык жана башка критерийлер боюнча тандоон өттүм, бирок арыз берүүнүн акыркы мөөнөтүн өткөрүп жиберимпин. Бирок акыры буга катышам. Мен 2019-жылы Лондондо болгондой, алты чоң марафондо чуркагым келет.
Мен өзүмдүн жашоом жөнүндө китепти жаңы эле жазып бүттүм. Ал 12-сентябрда басылып чыгат. Ошондо мен көрбөй калганыма 15 жыл болот. Мен мектептерге, коллеждерге жана ар кандай топторго барып, армияны ветераны катары өзүмдүн тагдыр-таржымалымды айтып берип келатам.
Мен жакында Украинадан жарадар болгн ардагерлер менен дагы сүйлөштүм. Мен алган гонорарымды кайра Афганистанга жетим-жесирлерге жардам катары жөнөтөм.
Мен британ армиясына кошулуп кызмат кылганыма жана башыман өткөн оор кыйынчылыкка эч өкүнбөйм. Мурда мага аябай кыйын болуп жаткан, азыр баары жакшы. Мен өзүмдүн сокурлугума эч качан багынбайм. Мен адамдарды шыктандырууну улантып, майып болуу улуу максаттарга жетүүгө тоскоол боло албай тургандыгын далилдегим келет. (МА)

Сүрөттүн булагы, WALI NOORI












