Британдык ишкер Шон Дейли Максим Бакиевдин күнөөсүн далилдей алабы?

Шон Дейли
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шон Дейли

Кыргызстанда иштеп жүргөндө ок тийип, аз жерден ажал таап кала таштаган британдык ишкер аны өлтүрүүгө буюртма берген деп Лондондун чет жакасында 3,5 миллион фунт стерлинг турган үйгө көчүп барган миллионер менен соттошуп жатат.

55 жаштагы Шон Дейли ден-соолугуна оор жаракат келтирди деген негизде Кыргызстандын бийликтен кулаган президентинин уулу Максим Бакиевге каршы жарандык доо арыз менен сотко кайрылды. «Өлтүрүү максатында белгисиз адамдын кол салышы жоопкер тарабынан уюштурулган» деп айтылат анын доо арызында далил катарында.

Максим Бакиевдин коргоочулары өз кезегинде Дейлинин колунда тийиштүү далилдери жок дешет. Максим Бакиев бул кол салууга өзүнүн тиешеси бар экенин четке кагууда жана анын өлкөсүндө болгон бул окуя боюнча сот иши саясий максатта өткөрүлгөн деген жүйөсүн келтирүүдө.

Максим Бакиевдин атасы Курманбек Бакиев 2010-жылы жазында элдик көтөрүлүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган. Анын үй-бүлөсү Беларуска качкан, ал эми Максим Улуу Британияга жеке менчик учагы менен учуп келип, баш паанек сураган. Шон Дейли анын үйүнөн 60 чакырым жердеги Кингстондо Максим Бакиевке жашоого уруксат берилгенине күйбөгөн жери күл болууда.

Шон Дейли күнөөлөп соттошуп жаткан Максим Бакиевдин Лондондун чет жакасындагы үйү.

Сүрөттүн булагы, Global Witness

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шон Дейли күнөөлөп соттошуп жаткан Максим Бакиевдин Лондондун чет жакасындагы үйү.

2006-жылы Шон Дейли Кыргызстанда жашап жүргөндө, бир күнү түн ортосунда үйүнө келип, жааган окко туш келген. Ал анда , Оксус алтын кен компаниясынын кызыкчылыгын сүрөп, Кыргызстанда алтын казууга уруксат берчү лицензия алыш үчүн аракет кылып жүргөн болчу. Дейли ошондогу боорун тепчиген октон дагы эле сакайа электигин, дайыма ооруп жана катуу стресстен жабыркап жүргөнүн айтууда.

Кыргыз сотторунун документтерине караганда, Жерүй кенин иштетүү лицензиясын Шон Дейлинин компаниясына атаандаш фирма утуп кеткен. Шон Дейлинин айтымында, анын компаниясына атаандаш чыккан компаниянын артында Максим Бакиев турган.

Кыргыз соттору өткөн жылы лицензиянын коррупциялык жол менен берилгенин жаап-жашырыш үчүн, Шон Дейлини өлтүрүүгө буйрук берген деп, Максим Бакиев менен анын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн сыртынан соттоп, күнөөлүү деп табышкан. Бакиевди коргогон адвокаттар соттун чечимин тааныбай турганын билдиришкен. Алардын ишениминде даттанган тараптын далилдери жок жана айыптоо Бакиевдин сыртынан мыйзамга тийиштүү түрдө жүргүзүлбөгөн соттун негизинде жазалууда.

Иш сотто каралып бүткүчө, тараптардын эч кимиси комментарий бербей турушат.

Дейлинин иши антикоррупциялык Global Witness уюмунун да көнүл борборунда турат. Кингстондогу үй Бакиевдин менчигиндеби же жокпу, так эмес, анткени ал Белизде жайгашкан компания тарабынан сатып алынган.

Global Witness уюмунун өкүлү Чидо Данн: Максим Бакиевдин жана анын миллиондорун толук иликтеп чыгыш керек. Кыймылсыз мүлк агенттери алар жашынган кагаздагы компанияларды эле эмес, кыймылсыз мүлктү реалдуу сатып алгандарды жана андагы коррупциялык кыңыр иштердин баарын текшерип тактап чыгышы керек»,-деди.