14 жаштагы кыз өлүмгө уруксат сурады

Сүрөттүн булагы, Valentina Maureira
Валентина Маурейра аттуу кыз Чилинин президенти Мишель Бачелетке Фейсбук аркылуу видео кайрылуу жолдоп, өлүмгө уруксат сурады.
Валентинага коюлган диагноз боюнча кыздын олуттуу муковисцидоз деген тукум куучулук оорусу бар. Ал өпкөгө, бөйрөккө таасир этет.
Кыз бир катар опрерациядан өтүп, учурда салмагы 35 кг болуп калган. Ал ооруга каршы күрөштөн чарчаганын айтат.
Өспүрүм кыз өз кайрылуусунда Бачелет айым менен тез арада сүйлөшүшү керектигин да айткан.
“Балким президент мага өмүр бою уктатуучу дары берүүгө уруксат берет”, - дейт кыз өз видео кайрылуусунда.
Бирок, Чилинин мыйзамдары дарынын жардамы менен өз өмүрүн кыюуга тыюу салат.
Би-Би-Сиге ал телефон аркылуу берген интервьюсунда, өзү да, үй-бүлөсү да ушу күнгө чейин тукум куучулук оорусу менен күрөшүп келгенин айткан: “Мен ооруума каршы күрөшүүдөн абдан чарчадым. Аягында кандай жыйынтык болоорун да билем. Бул мен үчүн абдан азаптуу нерсе”.
Андан сырткары өспүрүм кыз видеодо улуу агасы да ушундай оорудан улам алты жашында көз жумганы тууралуу айтат.
Жакында эле Чилинин борбору Сантьягодогу ооруканалардын биринен кезиктирген досу да каза болуптур.
“Ал менин эң жакын досторумдун бири болчу. Абдан азап чекти жана бул мага чоң таасир калтырды”, - дейт кыз.
Муковисцидоз оорусу Кавказ элинде кездешкен, аягы өлүм менен бүткөн тукум куучу оору.
Организмдеги биологиялык белгилер өзгөрүп, дем алуу органдары аркылуу бактериялардын кириши менен козголгон оору.

Анын белгилери: басылбаган жөтөл, дем алуунун оорлошу жана улам кайталанган жугуштуу көкүрөк оорулары.
Жакшы тамактана албай калган организм аз салмактуулук, бойдун өспөй калышы, ичтин катышы жана ичеги-карын ооруларына алып келет.
Валентинанын атасы Фреди Маурейранын айтымында, биринчи баласы Майкл төрт жыл ооруканада жатып, 1996-жылы көз жумган.
“Ал ооруканага эки жашында кабыл алынган. Ал учурда баланын салмагы 2-3 килограмм болчу”, - дейт Валентинанын атасы.
Анын экинчи кызында да ушундай эле ген бар. Бирок анын дени сак. Валентинага болсо алты жашында коркунучтуу оору бар деген диагноз коюлган.
Учурда дүйнө жүзү боюнча 100 миңдей адам бул оору менен жабыркайт.
Дарыгерлердин айтымында, өспүрүмдүн үч органын алмаштыруу керек: бөйрөгүн, өпкөсүн жана уйку безин. Анын үй-бүлөсү дале болсо донор табылат деген ниетте.
2009-жылы Мадонна Чилиге гостролдоп келгенде кыздын атасы ага кайрылуу жолдоп, Валентинаны Америкага алып барып, органдарын алмаштырууну суранган.
Мадоннадан жооп болгон эмес. Бирок Чили бийликтери жана белгилүү инсандары акча чогултушкан. Алар 650 миң доллар чогултканы менен, операцияга жетишсиз болгон.
Кыздын атасы Фреди: “Кызым мага ата, мен операциядан абдан тажадым, менин органдарымды алмаштырса да жашап кетет деген кепилдик жок го?! А эгер операция жасап жаткан учурда мен өлүп калсамчы?”, -дейт.
Өспүрүм кыздын атасы жана апасы кызы тартылган видео кайрылууну көргөндө нес болгонун айтышты.
Бирок эмне болгон күндө да алар Валентинанын бардык чечимин колдошот.
Азырынча президент Бачелет кыздын видео кайрылуусуна жооп кыла элек. Бирок анын маалымат катчылары Би-Би-Сиге билдиргендей, расмий жооп сөзсүз болот.








