Өлгөн атасын чат-ботко айландырган адам

James Vlahos

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Джеймс Влахос атасынан ажырп калуудан корккондуктан ушул бизнес идея башына келген
    • Author, Эгон Коссу
    • Role, Бизнес кабарчы

2016-жылы Джеймс Влахос суук кабар укту: анын атасы айыкпас рак дартына чалдыкканын доктурлар аныктады.

«Мен атамды жакшы көрчүмүн, мен аны жоготкум келген жок»,-дейт Калифорниянын Окленд шаарында жашаган Джеймс.

Ошондо ал атасы менен убакытты максималдуу түрдө колдонууну чечкен. «Мен аны менен оозеки таржымал долбоорун жасадым, анда мен бир нече саат бою анын жашоосун аудиотаржымал кылып жаздыра бердим».

Бул Джеймс жасалма интеллект тармагында иш баштап жаткан учурга туура келди, ошондуктан бул идея практикалык түрдө ишке аша баштады.

«Мен мындан кандайдыр бир интерактивдүү бир нерсе чыгара аламбы деп ойлондум», -дейт ал. « Анын эскерүүлөрүн жана адамдык эң сонун ой-сезимдерин жакшыраак сактоо керек эле»,

Джеймстин атасы 2017-жылы дүйнөдөн кайтты, бирок ага чейин Джеймс аны жасалма интеллектиси бар, атасынын жашоосун атасынын үнү менен айтып бере турган чат-ботко айландырууга жетишти.

James Vlahos with his dad John

Сүрөттүн булагы, James Vlahos

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Джеймс Вилсон атасынын эскерүүлөрүн бир нече сааттан жазып алып турган

Адамдарды жасалма жол менен тирилтүү үчүн технологиянын мындай колдонулушу илимий фантастикада көптөн бери изилденип келген, бирок КТ технологиясынын өнүгүшү менен азыр чыныгы жашоодо да мүмкүн болду. 2019-жылы Джеймс өзүнүн чат-ботун колдонуучуларга жакындары үчүн ушундай мүмкүнчүлүк берген тиркеме жана бизнеске айландырды.

Чат-бот аны атасынын өлүмүнүн азабынан куткарбаса да, жоктон көрө жогору деп көңүл жооткотот. "Ал кандайдыр бир бүдөмүк эскерүү эмес, бул мен каалаган учурда кайрылып сурай турган эң сонун интерактивдүү жыйнак".

HearafterAI колдонуучулары тиркемени смартфондо же компьютердин экранында көрүү үчүн жакындарынын сүрөттөрүн жүктөп алып жатса, адамдарды жасалма интеллект чат-ботторго айландырган дагы бир фирма бир топ алдыга кетти.

Түштүк Кореядагы DeepBrain адамдын жүзүн, үнүн жана манерасын видео жана аудиого тартып, анын негизинде Аватар жаратат.

"Биз адамдын окшоштугун баштапкы адамга 96,5% окшоштукка чейин клондойбуз" дейт Майкл Юнг, каржы директору. "Ошондуктан, үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон тууганынын жүзү менен үнүнөн жасалган аватар менен сүйлөшүүдөн ыңгайсыз болбойт".

Компания мындай технология "жакшы өлүү" маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болушу мүмкүн деп эсептейт. Адамдар акыры бир күнү келе турган ажалга даярданып, үй-бүлөлүк окуяларды жана эскерүүлөрдү "тирүү мурастын" бир түрү катары калтырышат.

Бирок, бул процесс арзан эмес жана колдонуучулар аватарды өз алдынча түзө алышпайт. Анын ордуна, алар тасмага тартуу жана аватар түзүү үчүн фирмага 50 000 долларга чейин төлөшү керек болот.

Мындай кымбат баага карабастан, кээ бир инвесторлор ал популярдуу болот деп ишенүүдө. Акыркы айлампада 44 миллион доллар чогулду.

Ошентсе да, психолог Лаверн Антробус эмоциялар курчуган учурда мындай " технологиясын" колдонууда этият болуу керек дейт.

"Жакыныңдан айрылуу айттырбай келет",- дейт ал. - Сизге баары ойдогудай сезилиши мүмкүн, бирок бир нерсе кайра артка тартышы ыктымал. Алардын үнүн жана сөздөрүн угууга мүмкүн турбайбы деген ой акылдан адаштырып коюшу мүмкүн".

Антробус айткандай, адамдар жоголгон жакын адамынын чат ботун колдонууга шашылбашы керек. "Мындай нерсени колдонуудан мурун, сиз өзүңүздү бекем сезишиңиз керек. Баарын өтө жай жасаш керек".

Deepbrain AI

Сүрөттүн булагы, Deepbrain AI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блул аял кореялык фирма Deepbrain AI түзгөн кары туугандын аватарын кармалап көрүп жатат

Жакындарыбыздан айрылганда кайгыруу, аза күтүү ар бирибизде ар башка болот, бирок бул биздин жалпы тажрыйбабыз жок дегенди билдирбейт.

Бюрократия - алардын бири. Жакын адамыңыз колдонгон банктар, ишканалар жана социалдык медиа сайттары сизден анын эсептерин жабуу жана башка иштерди аткаруу үчүн көптөгөн документтерди толтурууну талап кылат эмеспи.

Түштүк Девондон келген 41 жаштагы Элеонора Вуд: "Мен жыйырмадан ашык компанияны карап чыктым жана алардын ар бирине чалып, башыма келген жоготуу жөнүндө сүйлөшүшүм керек болчу",- дейт. Анын күйөөсү Стивен өткөн жылдын март айында катуу оорудан кийин каза болгон.

"Кээ бир фирмалар дароо түшүнүп, көп эзгилебей жардам беришти. Ал эми айрымдары компеттенттүү эмес жана такыр эле мерез экен. Мен ансыз деле кайратымдан тайып турганда алар мени ого бетер стресске салып, азабымды беришти".

Дүйнөдөн кайткан жакын адамыңдын артында калган административдик иштердин машакатын азайтуу үчүн Settld жардам берет. Ал жеке менчик сектордун уюмдары менен маркумдун атынан байланышкан Улуу Британиянын онлайн платформасы.

Колдонуучу керектүү документтерди жана байланышка керектүү болгондордун тизмесин жүктөйт. Андан кийин автоматтык түрдө электрондук каттарды жазат жана жөнөтөт. Андан кийин кайра кирип, тиешелүү фирмалар жооп бергенин жана маселелер кандай чечилгенин текшере аласыз.

Ал банктардан баштап социалдык тармактарга жана коммуналдык ишканаларга чейин 950 уюм менен иштейт. Вики Уилсон аны 2020-жылы чоң энеси каза болгондон кийин негиздеген.

"Административдик түйшүктүү жеңилдетүү үчүн технологияны канчалык көп колдонсок, ошончолук жакшы болот" дейт ал. "Кимдир бирөө каза болгондо биз болжол менен 300 саатта 146 тапшырманы аткарабыз».

"Адатта, жумушту бүтүрүү үчүн тогуз ай керек. Биз бул иштин болжол менен 70% автоматташтырылышы керек деп эсептейбиз".

Vicky Wilson and her late grandmother

Сүрөттүн булагы, Settld

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Settld түзүү идеясы Аика Вилсонго анын чоң энеси өлгөндөн кийин келди

Жакын адамың өлгөндөн кийинки келген оорчулукту көтөрүү, жеңүү менен байланышкан дүйнөлүк технологиялар сектору учурда 125 миллиард доллардан ашык суммага бааланат деп билдирет TechRound техникалык жаңылыктар сайты.

Башкы редактор Дэвид Соффердин айтымында, коронавирус пандемиясы бул тармактагы өсүшкө өбөлгө болду.

"Covid адамдарга жашоонун маанисин баса белгиледи",- деп белгилеп, анын өлүм жөнүндө сүйлөшүүгө кээ бир тыюулардан чыгууга жардам бергенин айтууда.

Бул өз кезегинде технологиялык жетишкендиктерди адамдык жоготуулардын кайгысын тартууда, акыркы сапарга узатууда жана аны эскерип жүрүүдө колдонууга түрткү берди.

"Бир эле учурда көптөгөн адамдарга кабар берүү, үн жазуулары же визуалдык билдирүүлөр менен адамдарды эстеп калуу маанилүү",- дейт ал.

Бирок Соффер мырза бул тенденциянын дагы терең мааниси бар деп эсептейт. "Технология технологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн өнүккөндө, бул жакшы нерсе" дейт ал. "Бирок алар аза күтүү, кайгыруу сыяктуу технологиялык эмес көйгөйлөрдү чечүүгө келгенде, бул анда технологиянын чыныгы максаты болот".

Бирок оор жоготууга учурап, сай-сөөгүң сыздап, карайлап турганда адамдын жөлөк болуп, жакшы сөз айткан колдоосун алмаштыра турган эч нерсе жок.

"Технология адамдардын жакындарынан айрылган учурда бири-бирине боор тартуу, кам көрүү жана баалоо сезимдери сыяктуу салттуу сапаттарын алмаштыра алат деп элестете албайм",-дейт Антробус. (МА)