Мектепте атылган ок. Фин коомун түпөйүл кылган оор суроолор

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Лора Гозци
- Role, BBC News
Баш калаа Хельсинкинин түндүгүндөгү Вантаа шаарында 12 жаштагы өспүрүм башка бир баланы өлтүрүп, экөөнү жарадар кылган атышуудан кийин Финляндиянын гезиттеринде тарбия наркы жана багыттары боюнча кызуу талкуу жанданды.
"Кандай окуялар мындай кылмышка алып келди?»
"12 жаштагы бала мылтыкты каяктан алды?»
"Окуянын алдын алса болот беле?»
Мына азыр ушул суроолор азыр талаш-талкуунун чордонунда турат.
Ал аңгыча, Вантаадагы окуялардын үрөй учурган чоо-жайы улам чубалып чыгып атат.
Бала ызы-чууну азайтып угузган беткап жана кулакчан тагынып жүргөн, бул анын атайы максат менен аракет кылганын көрсөтүп турат. Ал мектептин имаратынын ичинде ок аткан. Мектепте окуяга күбө болгон балдар аны менен күн сайын ошол жерде чогуу убакыт өткөрүп жүрүшкөндөр. Жаракат алган эки кыз дагы деле оор абалда ооруканада.
Эң таң калыштуусу, ок атып адам өлтүргөн кылмышкер 12 гана жашта.
Финляндияда мектепте окуучулар ок аткан башка да учурлар болгон: бул өлкөнүн тарыхында төртүнчү гана окуя.
Тампере университетинин жаштар боюнча изилдөөчүсү Томи Килакоски Би-Би-Сиге: "Ок аткан адам жана жабыркагандар чындыгында өтө жаш" деди. "Биз чындыгында балдар жөнүндө сүйлөшүп жатабыз - бул кейиштүү жана таң калтырат".
Анын айтымында, ырайымсыз кылмыштын жапжаш өспүрүмдүн колу менен жасалып жатканы "балдар, коом, жаштар жана бүтүндөй фин коомчулугу үчүн чоң шок" болду.
Шаршемби күнү полиция бала өзүнүн чөйрөсүндө басмырлоого туш болгондуктан курал колдонгонун айтып көрсөтмө бергенин жана алгачкы иликтөө да муну тастыктаганын билдирди.
Бул көптөгөн фин ата-энелерди тынчсыздандыра турган кейиштүү көрүнүш. Мектепте рэкетчиликти жок кылуу өтө кыйын жана ал кеңири жайылган. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Финляндияда 8,6 жаштан 10 жашка чейинки балдардын 11% жума сайын ар кандай түрдөгү кордук көрөт.
Албетте, рэкетчиликтин курмандыктары киши өлтүрүүгө барган учурлар сейрек, бирок рэкетчилик зордук-зомбулуктун эң жайылган көрүнүшү.
2007 жана 2008-жылдары 18 адамдын өмүрүн алган эки мектептеги атышуудан кийин, "адамдын кол салуу ниети" жөнүндө маалымат алса, полицияга кийлигишүүгө мүмкүндүк берген "алдын алуу системасы" түзүлгөн.
Бирок аталган система иштебей калганын Финляндиянын улуттук полиция комиссары Сеппо Колехмайнен моюнга алууга аргасыз болду.
Чыгыш Финляндия университетинин полиция укугу боюнча ассистенти Хенри Рикандер Би-би-Сиге фин полициясы жыл сайын иликтеп жаткан 60-100 потенциалдуу массалык атышуулардын 20га жакыны даярдыктын акыркы стадиясында экенин жана "олуттуу"деп каралышы мүмкүн экенин айтты.
Вантаадагы окуяга келсек, колуна ок атуучу курал алган өспүрүм, сыягы, эч кимге пландарын айткан эмес, ошондуктан байкалбай калган болушу мүмкүн.
Кандай болгон күндө да, бул окуя финдерди терең ойго салууда, кеп анын кайталанышына жол бербөө тууралуу болуп жатат.
Вантаадагы кылмышка шектелген балага мыйзам боюнча айып тагылбайт, ал социалдык кызматтардын көзөмөлүнө алынат. Ошондуктан Финляндия коомунда кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жашын 15 жаштан ылдыйлатууга чакырган адамдар болууда.
Өткөн жайда Финляндиянын ашынган оңчул партиясынан келген ички иштер министри Мари Рантанен 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында "кылмыштуулуктун айлампасын бузуу" үчүн жашты төмөндөтүү керек деп айткан.
Бирок башкалар мындай кадам кандайдыр бир профилактикалык натыйжа берет дегенге макул эмес.
Профессор Рикандер зордук-зомбулук эпизоддорун "расмий көзөмөл"эмес, социалдык кийлигишүү аркылуу алдын алуу керектигин айтты.
Башка адамдардын зыяндуу же кооптуу жүрүм-турумун спорттук клубдарда, мектептерде же үйдө байкоо оңой, дейт ал, бирок жаштардын "барга сайын күчөп аткан изоляциясы" эскертүү белгилерине көңүл бурулбайт дегенди билдирет.
"Эң негизгиси алдын алуучу тарбиялык аракеттер",- деди Томи Килакоски. "Мен балдарга жана жаштарга алардын өсүшүн колдоо менен кантип кызмат көрсөтө алабыз деген коомдук талкууну көргүм келет".
12 жаштагы өспүрүм ок атуучу куралды каяктан колуна алганы азырынча белгисиз. Бирок биз билендей, Финляндияда курал алуу кыйын эмес. Кең ачык талаалары жана токойлору менен Финляндия өзүн "мергенчилердин жана курал сүйүүчүлөрдүн" өлкөсү деп атайт.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Финляндияда 1,5 миллиондон ашык ок атуучу курал бар жана 430,000 ге жакын адам лицензия алган, башкача айтканда, Финляндиянын 5 миллион жаранынын дээрлик 5,6% курал-жарак алып жүргөнгө уруксаты бар. Аларга урукат берилген куралдардын санына чек жок.
Ушул убакка чейин курал мыйзамдарын катаалдаштыруу боюнча талкуулар көп болгон эмес. "Биз жаратылышка жакындыгыбыз менен сыймыктанабыз жана аңчылык мунун бир бөлүгү", - деген Томи Килакоски Финляндияда ок атуучу куралдар көп экенине карабастан ок атуулардын саны аз дейт.
Баланын туугандары эми балага тапанча-револьвер кантип тийгенин түшүндүрүшү керек болот. Финляндиянын мыйзамдарында ок атуучу курал "оңой уурдалбай тургандай кылып кулпуланышы керек"деп айтылат.
Ок атылган Виертола мектеби шаршемби күнү кайрадан ачылганда окуучулардын көпчүлүгү келишти. Кызыл чырым уюмунун волонтеру Italehti жаңылыктар сайтына айткан сөзүнө караганда, азыр окуучулардын баарынын оюнда "эмне үчүн ушундай болду" деген суроо турат.
Бир бала каза таап, эки кыз ооруканада оор абалда жаткандыктан, финдер убайым суроолорго жооп издеп жатышат. (МА)








