Нигерия: Орозо кармабасаң - полиция кармайт

Officers of Islamic police in Nigeria - 13/3/24

Сүрөттүн булагы, Sani Maikatanga

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция орозо кармабаган мусулмандарды коомдук жайлардан, базарлардан көрүп калса кармап кетип жатат
    • Author, Мансур Абубакар
    • Role, Би-Би-Си Жаңылыктар кызматы, Кано

Хисбак деп аталган ислам полициясы жыл сайын орозо айында ресторан менен базарларды текшерип карайт.

Орозо убагында тамак ичип отурган он эркек жана бир аял камакка алынып, экинчи мындай кылбайбыз деп ант бергенден кийин гана бошотулду.

«Шейшембиде бизде он бир адам кармалды, анын бирөө арахис сатып андан жеп отурган аял экен. Аны көрүп калган адамдар бизге айтышты»,-деди Би-Би-Сиге Хисбанын кызматкери Лаваль Фагге.

«Шаар боюнча он эркек камакка алынды, алар негизинен эл кайнаган базардан кармалгандар».

Ал орозо кармабагандарды кармоо операциясы дагы улана турганын, бирок мусулман эместер жоопкерчиликтен бошотулганын айтты.

«Биз мусулман эместерди камабайбыз, анткени алардын тиешеси жок. Бирок алар орозо кармай турган мусулмандарга тамак даярдап берип атканын билип калсак, анда кылмышка күнөөлүү болуп калышы мүмкүн».

Ал эми биринчи күнү камакка алынгандар орозо тартибин бузбай турганын айтып убада беришкенден кийин бошотулду. Алардын айрымдарынын үй-бүлөсүнө барып көзөмөл кылгыла деп айтууга туура келди.

Жыйырма жыл мурда Нигериянын түндүктөгү он эки штатында шарият светтик мыйзамдар менен кошо иштеп баштаган. Бул жакта калктын көпчүлүгү мусулмандар.

Орозо айы - ислам календары боюнча тогузунчу ай. Ал исламда өзгөчө мааниге ээ.

Мусулмандар дал ушул айда Мухаммед пайгамбарга исламдын ыйык китеби болгон Курандын биринчи аяттары жеткирилген деп ишенишет.

Орозо кармоо исламда беш негизги парздын бири болуп саналат. Орозо күндүзгү убакта кармалат.

Орозо бул жылы 30 күнгө созулат. Орозо кармоо 11-мартта башталды, 9-апрелде аяктайт.

Нигерия буга чейин саясий олку-солку абалы менен дүйнөнүн назарында турду

2023-жылдын жайындагы саясий абал.

Батыш Африканын лидерлери Нигерде бийликти басып алган аскерий хунта мыйзамдуу түрдө шайланган президент Мохамед Базумдун бийлигин жети күндө калыбына келтириши керек деп билдиришкен. Андай болбосо аскердик күч колдонобуз деп коркутушкан эле.

Нигердеги төңкөрүш Африка Биримдиги, Батыш Африка аймактык блогу (ЭКОВАС), Евробиримдик (ЕБ) жана БУУ сыяктуу көптөгөн эл аралык уюмдар тарабынан кескин айыпталган.

Ошол тушта ЭКОВАС лидерлери кошуна Нигерияда чукул саммитке чогулуп, аймактагы кезектеги аскердик төңкөрүштөн кийинки ыктымалдуу чараларды талкуулашкан. Ага чейин Мали менен Буркина-Фасодо дагы бийликти аскерлер басып алган эле.

Саммиттен кийин жарыяланган билдирүүдө блок жалпысынан "төңкөрүштөрдү таптакыр кабыл албоо" саясатын карманат жана мыйзамдуу президентти бийликке кайтаруу талабы аткарылбаса, "конституциялык тартипти калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөт" деп эскерткен.

Анда, "мындай чаралар күч колдонууну да камтышы мүмкүн" жана Батыш Африканын аскер башчылары операцияны пландаштыруу жана өз аракеттерин координациялоо үчүн "чукул арада" чогулууга тийиш деп белгилеген эле. (КС)