"Чектен чыккандык". Киото туристтерди эми гейшалардын көчөсүнө киргизбейт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эгер качандыр бир сиз Жапониянын байыркы баш калаасы Киотого барып калсаңыз, анда Гион деген атактуу райондун кууш жолдорунда жүзүн агартып алып, оюлуу жибек кимоно кийип, жолугушууга шашып бараткан гейшаны көргөн болушуңуз мүмкүн.
Муну адамдар"сыйкырдуу учур" деп аташат. Жапон маданиятынын ажайып бөлүгү болгон гейшалар - ар кандай салттуу өнөрдүн түрлөрүнө, бий менен музыкага машыккан кесипкөй артисттер.
Бирок Киото гейшалардын районундагы кээ бир көчөлөргө туристтерди киргизбей жапкан жатат. "Апрелде биз бул көчөлөргө баспагыла деп туристтерге эскерткен белгилерди орното турган болдук",-деди AP агенттигине жергиликтүү райондун өкүлү Исокадзу Ота.
Гидди ээрчиген туристтер Гиондун көчөлөрүндө топурап көп жүрөт. Бул абдан популярдуу жай: ийри-муйру көчөлөр, көркөмдүү храмдар, гүлбактар жана чайханалар. Бул жерде гейшалар жана алардын окуучулары - майколор, спорттук кимоно кийип (салтуу жапон кийими), чачтарын жасатып алып, музыка ойношуп, бийлеп турушат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Камера көтөргөн адамдар Гиондун көчөлөрүндө топурап, бий сабагына же кечки сый тамакка бараткан гейша аялдарды сүрөткө тартып алыш үчүн жол тосушат.
'Ашыкча-туризм'
Жабышчаак туристтер тууралуу арыздар көптөн бери болуп келатат: жергиликтүү бийликтер "чектен чыккан туристтер" гейшаларды ээрчип, аларды сүрөткө түшүүгө мажбурлап, кээде аларды кимоносуна чейин кармалап жиберген учурлар болорун айтууда.
Коронавирустун пандемиясынан улам туризм басаңдай түшкөндө бул маселе анчалык актуалдуу болбой калды эле. Бирок туризм кайрадан жанданганда эски маселе кайра калкып чыкты.
Гион шаарынын түштүк тарабындагы райондук кеңештин катчысы топураган туристтер кээде "папарацци" болуп, туурасы бир же эки метр араң болгон кууш көчөлөрдөн гейшаларды тооруп жатканын айтууда.
Бул райондун коомдук көчөлөрү туристтерге ачык эле, ошондуктан бул райондо жана Киотонун калган бөлүгүндө Жапонияннын жана бүт дүйнөнүн туристтери жайнап жүрөт.
Жапонияга өткөн жылы жапон даамын татканы, Фудзи тоосу менен Сакура гүлүн көргөнү жана анын жогорку технологиялык электроникасына кызыккан 25 миллион турист келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2019-жылы келген туристтер 32 миллионго жеткен, бирок пандемияда 2021-жылы 250 миңге чейин түшүп кеткен. Бул жылы болсо туристтер саны 2019-жылдагы рекорддон да ашып түшөт деп күтүлүүдө.
Бул Гиондун көп жашоочуларын ойго салды. Бир нече ай мурда жергиликтүү кеңеш "Киото - тематикалык парк эмес" деп билдирип, жайнап келген туристтерди жадырап тосуп алгыдай маанайы жоктугун билдирди. (МА)




