MH370: Эки жүздөн ашуун жүргүнчүсү менен жоголгон учактын табышмагы

Сүрөттүн булагы, BBC/ Lulu Luo
- Author, Жонатан Хед
- Role, Би-Би-Си Жаңылыктар кызматы, Куала-Лумпур
Акыркы он жылда "байланыш үзүлдү" деген эки сөз Ли Эрюнун жүрөгүн өйүп келди.
MH370 учагы анын уулу Янлин менен кошо жоголуп кеткенде Malaysia Airlines авиакомпаниясы ага ушул сөздөрдү айткан.
"Көп жылдар бою мен "байланыш үзүлдү" дегенде эмнени түшүнөсүз деп сурап келем? Мага кимдир бирөө менен байланышыңыз үзүлсө, аны менен кайра байланыша аласыз дегендей сезилет", - дейт Ли мырза.
Жубайы Лю Шуанфэн экөө — Пекиндин түштүгүндөгү айылдын фермерлери — авиация тарыхындагы эң чоң табышмак болуп калган окуяны түшүнүүгө аябай аракет кылышты.
2014-жылдын 8-мартында Куала-Лумпурдан бир саатка жетпеген убакытта Пекинди көздөй учкан кадимки түнкү рейсте учкуч Малайзиянын аба кыймылын көзөмөлдөөчүгө бейпил түн каалады. Бортунда 227 жүргүнчүсү жана 12 экипаж мүчөсү бар Boeing 777 учагы Вьетнамдын аба мейкиндигинен өтмөкчү болгон.
Андан кийин ал капыстан багытын өзгөртүп, бардык электрондук байланыштар үзүлгөн. Ал артка бурулуп, адегенде Малайзиянын үстүнөн, андан соң Инди океанынын алыскы түштүк тарабында күйүүчү майы түгөнүп калгыча учкан деп божомолдонгон.
Эң чоң жана эң кымбат издөө операциясы төрт жылга созулуп, бирок жоголгон учактын изин таба алган жок. Миңдеген океанографтар, аэронавтика инженерлери жана ышкыбоздор учуунун ар кандай маалыматтарын изилдеп, анын сапары кайда аяктаганын эсептөөгө аракет кылышты.
Борттогулардын үй-бүлөлөрү үчүн MH370 эмне болгонун издөө менен өткөн он жыл азаптуу болду.

Ли мырза бул кампанияны колдоо үчүн дүйнөнү кыдырып чыкты. Анын айтымында, ал акчасын аябай Европа менен Азияга, жоголгон учактын сыныктары табылган Мадагаскардагы пляждарга чейин барып келди.
Ал Инди океанына кыйкырып, Янлинге аны үйүнө алып кетүү үчүн ушул жерде экенин айтканын эстейт.
"Мен уулумду табуу үчүн дүйнөнүн акыркы чегине чейин барам" дейт ал.

Сүрөттүн булагы, BBC/ Lulu Luo
Алтымыштан ашкан жубайлар Кытайдын Хэбэй провинциясынын элет жеринде жашайт. Кирешесинин көбү балдарынын окуусуна кетчү, ушундан улам алардын эч качан саякаттоого акчасы болгон эмес.
Янлинь алардын айылындагы университетке барып, кийин чет өлкөдө жумушка орношуп, Малайзияда телекоммуникациялык компанияда иштеген биринчи адам болчу.
Ал Кытайга виза алуу үчүн кайтып келе жаткан маалда учак жоголуп кеткен. "Бул окуя болгонго чейин биз жакынкы Ханьдань шаарына эч качан барган эмеспиз" дейт Ли мырза.
Азыр көздөрү каныккан саякатчылар башка үй-бүлөлөр менен бирге он жылдык кайгылуу датаны белгилөө үчүн Малайзияга кайтып келишти.
Янлинь учактагы 153 кытайлык жүргүнчүнүн бири эле. Анын ата-энеси — Малайзия өкмөтүнүн кепилдик төлөмдөрүнөн баш тартып, Кытайда авиакомпанияны жана учак чыгаруучу компанияны жана башка тараптарды сотко берген кыркка жакын кытайлык үй-бүлөнүн арасында.
Он жылдан ашык убакыттан бери жабыр тарткандардын жашоосу уланып келүүдө, бирок алар өздөрүн да жоголгон учакка байланып калгандай сезишет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Грейс Натан Улуу Британияда юриспруденциядан акыркы экзаменди тапшырып жаткан кезде MH370 жоголуп кеткен. Анын апасы Энн учакта болчу. Бүгүнкү күндө ал — Малайзияда дасыккан адвокат жана эки жаш баланын энеси.
Куала-Лумпурдагы мааракелик эскерүү аземинде ал үйлөнүү тоюнда алтарга баратып апасынын сүрөтүн кармаганын жана эки оор кош бойлуу кезинде анын кеңешин сагынганын эстеди.

Экранда учактын бир нече сыныктары бар болчу, алар андан табылган жалгыз физикалык далил болуп саналат. Мында ички түзүлүшү таң калыштуудай сыйрылган канаттын деңизде узак жаткан дат баскан бөлүктөрү да бар болчу.
Чогулгандардын арасында MH370 учагынын сыныктарын башкаларга караганда көбүрөөк тапкан Блейн Гибсон да болду.
MH370 дастанына тартылган тасмадагы каармандардын бири Гибсон мырзаны ышкыбоз авантюрист катары сыпаттаса болот. Ал Индиана Джонстун стилинде кийинип, Калифорниядагы үйүн сатуудан түшкөн кирешени саякатка болгон сүйүүсүн каржылоого, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө барууга жумшайт.
"Каргашага бир жыл болгондон кийин, ошого арналган иш-чарага катышып жатып, мен жээкте калкып жүргөн учактын сыныктарын издөө иштери уюшкандыкта жүргүзүлбөгөнүн билдим. Деги эле жарытарлык жүргүзүлгөн эмес. А кезде суу астынан издөө үчүн миллиондогон долларларды коротушкан. Мен, балким, бул учактын бир бөлүгүн жээкте жүргөн бирөө таап алса керек деп да ойлогом. Бирок муну эч ким кылбагандыктан, муну өзүм жасай алам деп ойлодум".
Ал бир жыл бою Мьянмадан Мальдив аралдарына чейинки пляждарды кыдырып, учактын арткы стабилизаторунун бир бөлүгүн Мозамбиктеги кум тилкесинен тапканга чейин издеди.
Ошол маалда Реюньон аралында канаттагы флаперон деп аталган дагы бир чоң бөлүкчө табылып, MH370 чындап эле Инди океанына кулап түшкөнүн тастыктаган маалымат берилген.
Табылган бөлүктөрдүн бардыгы MH370 жоголуп кеткенден кийин 16 ай же андан көп убакыт өткөндөн кийин Чыгыш Африканын ар кандай пляждарында жээкке сүрүлүп чыкканда табылган.

Сүрөттүн булагы, BBC/ Lulu Luo
Инди океанынын түштүгүндөгү басымдуу агымдардын анализи учактын сыныктары ал деңизге кулап түшкөн деп эсептелген жерден келген болушу мүмкүн экенин көрсөттү.
Малайзиянын мурдагы башкы тергөөчүсү Аслам Хан аларды кантип аныктаганын айтып берди. Кээ бир бөлүктөрдөгү сериялык номерлер өндүрүүчүнүн жазуулары менен дал келген, алар Malaysia Airlines Boeing учагына таандык экенин шексиз ырастаган.
Башкалардагы трафареттик белгилерде колдонулган өзгөчөлөнгөн шрифттер алардын авиа өндүрүүчүдөн чыкканына жакын экенин көрсөттү. Инди океанына бир дагы Boeing 777 кулаган эмес.
Флэперон табылганга чейин учактын багытын өзгөртүүсүнүн бирден-бир далили Малайзия менен Таиланддагы аскерий радардан алынган маалыматтар болгон, алар учактын Малай жарым аралынын үстүнөн батышты көздөй учуп баратканын байкашкан.
Андан кийин британиялык Inmarsat компаниясы түштүктү көздөй баратканда өзүнүн спутниктеринин бири менен MH370 ортосунда саат сайын жасалган алты пингди же "кол алышууну" аныктады. Учактагы башка бардык байланыштар өчүрүлгөн экен.
Бул сейрек маалыматтар учак менен спутниктин ортосундагы аралыкты эсептеп, кыйроого учураган болжолдуу жерди аныктаганга мүмкүндүк берди. Бирок бул өтө тынчы жок жана өтө терең деңиздин чоң аянты болчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
26 өлкөдөн 60 кеме жана 50 учак катышкан издөө иштери 2014-жылдын мартынан 2017-жылдын январына чейин созулган. 2018-жылдын башында АКШда жайгашкан Ocean Infinity аттуу жеке менчик компаниясы деңиз түбүн сканирлөө үчүн суу астындагы дрондорду колдонуп, издөө иштери дагы беш айга улантылган.
Так маалыматтын жоктугу MH370 бортунда болгон окуялар жөнүндө, ал барымтага алынган жана Орусияга, же балким, Диего Гарсия аралындагы АКШнын авиабазасына учуп барган, атып түшүрүлгөн дегенге чейинки көптөгөн теориялар жаралды.

Француз журналисти Флоренс де Чанжи көргөзмөгө коюлган MH370 учагынын бөлүктөрүн карап: "Бул уятсыздык", - деп кобурады.
Чанжи айым MH370 тууралуу басылып чыккан жүздөн ашык китептин арасынан кылдат изилдеген китепти жазган.
Анын ырасташынча, учак бурулуп түштүккө кеткен деген гипотезанын баары жасалма. Ал табылган сыныктар MH370тен эмес деп эсептейт. Ал борттогу жүк боюнча суроолорду коюп, китебинде учак ошол жүктүн айынан Түштүк Кытай деңизинин үстүндө америкалык учактар тарабынан атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн деп болжолдойт.
Бирок, эгерде Малайзия жана Inmarsat тарабынан берилген радар жана спутник маалыматтары так эмес болсо жана учак түштүккө уча берген болсо, анда аны ал жакка кимдир-бирөө атайылап айдап кеткени тууралуу бир гана жүйөлүү түшүндүрмө бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Синин "Учактар эмне үчүн жок болуп баратат" деген жаңы даректүү тасмасында франциялык эки аэрокосмостук адис, бири тажрыйбалуу учкуч, учуу симуляторунун жардамы менен Боинг 777 учагынын Малайзиянын аба жол кыймылын көзөмөлдөөсүнөн чыгып, Түштүк Кытай деңизинин үстүнөн жасаган чукул бурулушун кайра карап чыгышты. Алар муну дасыккан жана тажрыйбалуу учкуч гана жасай алмак деген тыянакка келишти.
Бул MH370 учагы Малайзиядан Вьетнамдын аба мейкиндигине өтүп баратканда жасалганын, учкуч маневрды жашырууга аракет кылганын көрсөтүп турат. Ал Вьетнамдын аба кыймылын башкарган органдары учак алар менен байланыша электигин билдиргенге чейин бир аз убакыт болорун билген.
Борттогу бардык адамдар гипоксиядан, кычкылтектин жетишсиздигинен эс-учун жоготуп койгон, байкалбаган басымдын түшүүсүнөн адамдар жабыркаган, же капыстан болгон катастрофалык өрт же жарылуу байланышты үзүп, учкучтарды артка кайтууга аргасыз кылган деген — башка теориялар да бар. Бирок татаал маневрлар, андан кийин жети саат бою түштүккө үзгүлтүксүз учуу бул жоромолдорду жокко чыгарат.
Бирок учкучтардын бири учакты жана анын бардык жүргүнчүлөрүн атайылап өлүмгө кыйды деген ойду кабыл алуу кыйын. Бир дагы учкучтун мындай аракетти түшүндүрө турган байланышы болгон эмес.
Ушуга окшогон так эмес божомолдор үй-бүлөлөргө көп азап алып келди.
"Мен муну эң жаман душманыма да каалабайт элем", - дейт Жакита Гонсалес, MH370 учагынын командири Патрик Гоместин жубайы.
"Биз америкалык селкинчекке түшкөндөй болуп келе жатабыз. Алар издөөнү биринчи баштаганда, бир нерсе көрүшкөнүн укчубуз, анда үмүтүбүз чоң болчу. Ошондон кийин "жок, бул MH370 эмес" дей башташты. Ага да көндүк. Ар бир жолу бирөө үстүбүздө туруп, демибизди үзүп алгандай болду".
Малайзиянын өкмөтүн башынан эле жабыркаган үй-бүлөлөр сынга алып келди. Биринчиден, MH370 учагына байкоо жүргүзүүдө аскерий радарлар тез аракет кылбай, ката кетиришкени, жооп берүүдө чаташкан деп тил укту. Кийинчерээк, Ocean Infinity издөө операциясы 2018-жылдын орто ченинде аяктап, андан аркы издөөлөргө уруксат берилген эмес.

Сүрөттүн булагы, Lulu Luo/BBC
Компания издөөнү эч кандай акы төлөбөстөн кайра баштоону сунуштады, бирок ага өкмөттүн уруксаты керек.
Малайзиянын айрым расмий адамдары өкмөт дагы көп иштерди жасаса болмок деп моюнга алат. Ыкшоолук, балким, өлкө акыркы жылдарда өзгөчө саясий баш аламандыкты башынан өткөрүп жатканы менен түшүндүрүлөт.
Бул арада үй-бүлөлөрдүн жылдык эскерүү кечесин өткөрүүгө пандемия да тоскоол болду.
Учурдагы транспорт министри Энтони Локе Куала-Лумпурдагы он жылдык кайгылуу иш-чарага катышып, үй-бүлөлөргө дайынсыз жоголгон учакты табуу үчүн колдон келгендин баарын жасоону убада кылды. Ал азыр Ocean Infinity менен ушул жылдын аягында издөөнү кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын жарыялады.
Ocean Infinity 2018-жылы 112 000 км аянтты сканерден өткөргөн. Бул терең суу астындагы каньондор сыяктуу өтө татаал рельефтерди камтыгандыктан, учакты өткөрүп жибериши мүмкүн.
Улуу Британиянын аэрокосмостук IT адиси, MH370 куюнуна түшкөн дагы бир адам Ричард Годфри, радио ышкыбоздору тарабынан үзгүлтүксүз жасалган кыска толкундуу радио тесттик берүүлөрдүн инновациялык анализин колдонуп, кичинекей издөө аймагын бир топ аныктадык деп эсептейт. Бул дрондорго бир эле аймактын үстүнөн бир нече жолу өтүп, көбүрөөк издөөгө мүмкүндүк бериши керек.
"Алар өздөрүнүн базасына жылына 1,7 миллиард маалымат калтырышат. Дүйнө жүзү боюнча радиосигналдарга толгон чоң балыкчынын торун элестетиңиз. Учак бул тордон өткөн сайын тордогу тешикти талкалайт. Бул мага учактын кайда экенин көрсөтүп турат. MH370 учагы Инди океанынын түштүк тарабына учкан алты сааттын ичинде мен 95 ар кандай учурда радиосигналдардын 313 аномалиясын таба алдым. Бул сизге бир топ такталган учуу маршрутун жана кыйраган жерди так аныктоого көбүрөөк мүмкүнчүлүктү берет».
Ричарддын ыкмасы учурда Ливерпуль университети тарабынан сыноодон өтүп, кийинчерээк бул жылы анын аныктыгын тактап берүү пландалууда.

Сүрөттүн булагы, BBC/ Jonathan Head
Үй-бүлөлөр транспорт министринин акыркы убадасы алардын демине дем, ишенимине ишеним кошуп жатканын айтышты. Бирок алар дагы деле ишенбей турушат. Анткени, алардын үмүтү буга чейин да далай ирет өчкөн болчу.
"Мен жөн гана учактын табылышын каалайм" дейт Гонсалес айым. "Ошондо мен жок дегенде күйөөмдү акыркы сапарга узатып алам. Азыр мен ага эстелик коюу үчүн, билесиңерби, эч нерсе кылган жокмун. Кыла да албайм, анткени бизде эч нерсе жок".
Эскерүү аземинде чоң такта орнотулду, ага адамдар үмүт, тилектештик же кайгыруу жөнүндө билдирүүлөрдү жаза алышат.
Ли уулу Янлинге чоң кытай тамгалары менен билдирүү жазуу үчүн чөгөлөп, анан аны карап ыйлап отурду.
«Уулум, он жыл болду» деп жазыптыр. "Апаң менен атаң сени үйгө алып кеткени келди. 3-март, 2024-жыл." (МА)








