Газа, Украина: БУУга эмнеге нааразы болушууда жана ал жакшыраак иштей алат беле?

UN Secretary General Antonio Guterres

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун башкы катчысы Антони Гутерриш
    • Author, Селин Гирит
    • Role, BBC World Service

Газадагы конфликт башталгандан эле БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш кан төгүүнү токтотууга туруктуу түрдө чакырып келатат. Өткөн аптада ал өзүнүн үндөөсүн кайталады жана согушкан тараптар эл аралык укукту тоотпой жатканын эскертти.

Ал эки өлкө түзүү негизинде израилдиктер менен палестиндерге туруктуу тынчтык алып келген процессти көргүсү келерин айтты.

Өткөн айда ал БУУнун Уставынын 99-беренесин биринчи жолу колдонду. Бул БУУнун башчысына эл аралык тынчтык менен коопсуздукка коркунуч келтирген маселе чыкса, аны Коопсуздук Кеңешине жеткиргенге мүмкүнчүлүк берет.

Израил ок атышууну токтотууга чакырыгына кулак салбай, ХАМАСтын ташы талкан болмоюнча чабуулду уланта берерин билдирүүдө. Ал эми премьер-министр Биньямин Нетаняху Палестин мамлекетин түзүү идеясын четке какты.

ХАМАС башкарган Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин аскердик өнөктүгүнүн натыйжасында Газада кеминде 25 миң адам курман болду.

Газада согуш башталгандан бери Коопсуздук Кеңеши ок атышууну токтотуу тууралуу резолюцияны макулдашып бүтө албай койду.

Декабрда Газа тилкесине жардамды көбөйтүү жөнүндө резолюцияны кабыл алды, бирок ок атышууну токтотуу резолюциясы өтпөй турат. Эки резолюцияга Израилдин туруктуу жактоочусу болуп келаткан АКШ вето койду.

БУУнун Башкы Ассамблеясы эки жолу көпчүлүк добуш менен ок атышууну токтотууга добуш берсе да (соңку жолу резолюцияны 193 мамлекеттин 153 колдоду), жарашууга карай эч кандай чара көрүлгөн жок.

"БУУ комадабы"

Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебинин профессору Россиянын Украинага эки жыл мурда басып киргени, андан кийин Газа тилкесиндеги согуш БУУнун Коопсуздук Кеңеши "шал болуп иштей албай" калганын, "Коопсуздук Кеңеши аткаруу органына караганда символикалык гана мекеме болуп калганын" көрсөттү дейт.

Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туюкка кептелгенин бир жактан Кытай менен Россиянын, экинчи жактан АКШ менен Европанын эрегишинен көрөт. "БУУ, анын ар кандай агенттиктери комада жатат",-дейт. "Бул кансыз согуштан да жаман учур".

БУУ Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү бар, анын ону ротация менен алмашып турат, ал эми бешөө туруктуу мүчө. Туруктуу мүчөлөр адатта P5 деп аталган кубаттуу өлкөлөр - АКШ, Улуу Британия, Франция, Россия жана Кытай. Алардын ар биринин вето койгонго укугу бар, демек башкалар баары макул болсо да алар резолюцияга бөгөт кое алат.

АКШ Газадагы ок атышууну токтотуу жөнүндө эки резолюцияга вето койду, ал эми Россия Украина боюнча резолюцияга вето салды.«БУУдагы кош стандарттар абдан чоң көйгөй болуп калды», — дейт Хьюман Райтс Вотч укук коргоо уюмунан Луи Шарбонно.

"АКШ Россия үчүн койгон талапты Израилге кое албаса, анда анын эл аралык укукка таянуу тууралуу билдирүүлөрү түккө турбайт". «Кош стандарт карманып жаткан АКШ эле эмес. Россия Украинада жырткычтык кылып жатып, Газа тилкесиндеги элди коргоо зарылдыгы жөнүндө айтканын түшүнүп болбойт».

"Өткөн доор"

Карнеги борборунун Европа аналитикалык борборунун улук илимий кызматкери Синань Ульген БУУнун Коопсуздук Кеңешинин түзүмү өткөн доордо калды дейт.

"80 жыл мурда глобалдык согушта (Экинчи дүйнөлүк согуш) жеңүүчүлөр тарапта болгон беш мамлекеттин вето койгонго укугу бар, башка бир да мамлекеттин мынчалык таасир кылчу күчү жок".

"Мисалы, Африканын бир да өкүлү жок. Дүйнөнүн калк эң жыш жашаган өлкөсү Индиянын, Латын Америкасынын өкүлчүлүгү жок. Ошондой эле мусулман калкы көп жашаган бир да өлкө жок". "Бул азыркы глобалдык реалдуулуктун кызыкчылыгына жооп бербейт".

UN Security Council

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо боюнча сунуш БУУнун мүчөлөрүнүн үчтөн экиси жана P5 беш өлкөсү колдогондо гана кабыл алынат

Ульген мырза глобалдык уюмду модернизация кыла турган башка да реформалар керек дейт:

  • Европа Биримдигине бир орун бериш керек
  • P5 кирген өлкөлөрдүн вето укугуна байланыштуу кошумча шарттар каралышы абзел
  • Туруктуу мүчөнүн ветосун жеңип чыгыш үчүн Башкы Ассамблеяга квалификациялык көпчүлүк менен добуш берүү укугу берилиши керек.

БУУну реформалоо боюнча сунуш БУУнун мүчөлөрүнүн үчтөн экиси жана туруктуу беш мүчө жактырганда гана кабыл алынат

Жардам колун сунган уюм

Эл аралык кризистик топтун өкүлү Ричард Гоуэн Газадагы согушка чейин да БУУ татаал этапты башынан өткөргөн дейт.

Анын айтымында, акыркы бир жыл ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңеши Судандагы согушка, Нигердеги төңкөрүшкө реакция жасаганга аракет кылды. Ал эми Орусия менен Батыш Украина боюнча тынымсыз какшап келатат.

Бул кемчиликтерге карабастан, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстан боюнча келишим түзгөндөй эле АКШ, Кытай жана Орусия чогулуп, келишим түзө ала турган баалуулугун жогото элек дейт Ричард.

"АКШ Кабулдан, батыштык державалар Ооганстандан чыгып кеткенде, дал ушул БУУ калып, мектептерди иштетип, миллиондогон адамдарга жардам көрсөтүүнү улантты",- дейт ал.

"Эгерде БУУ Талибан менен сүйлөшпөгөндө, бүтүндөй өлкө ачарчылыкка кептелмек".

"Ошондой эле, Газада, Сирияда жана башка жерлерде дагы БУУнун жардам агенттиктери жапа чеккендерге тамак-аш жана дары-дармек жеткирип жатышат".

UN workers and volunteers unload aid from a truck in Khan Yunis

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газадагы конфликт учурунда БУУнун гуманитардык уюмдарынын жүздөй кызматкери курман болду

БУУнун системасы көптөгөн фонддорду, программаларды жана адистештирилген агенттиктерди камтыйт, алардын ар биринин өзүнүн иш чөйрөсү, жетекчилиги жана бюджети бар.

Аларга БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариаты, Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы, Эл аралык акча Фонду, БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы), Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ж.б көптөгөн уюмдар кирет. Алар туруктуу өнүгүү, экономикалык өсүү, соода, саламаттыкты сактоо, климаттын өзгөрүшү, коопсуздук, тынчтыкты куруу, реструктуризация жана гуманитардык жардам сыяктуу тармактарга өзгөчө маани беришет.

"Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешине көп көңүл бурабыз жана БУУда канчалаган адамдар өз өмүрүн тобокелге салып, талыкпай иштеп жатканын да унутуп калабыз",- дейт Луи Шарбонно.

Газадагы жаңжал учурунда БУУнун 100дөн ашык гуманитардык жардам көрсөтүүчү кызматкерлери курман болду, бул уюмдун 78 жылдык тарыхындагы эң чоң жоготуу болду.

БУУнун системасында иликтөө механизмдери түзүлөт, оор кылмыштар боюнча жоопкерчиликти камсыз кылуу үчүн башка мамлекеттерге санкциялар киргизилиши мүмкүн. Ал эми адам укуктарынын бузулушуна жаңжал убагында байкоо жүргүзүүгө болот.

A peacekeeper of the United Nations Organization Stabilization Mission in the Democratic Republic of the Congo

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азыркы учурда Жакыркы Чыгышта, Европада, Азияда, Африкада БУУнун 11 тынчтык операциясы иштеп жатат

Бирок ал БУУнун Коопсуздук Кеңеши татаал учурду башынан өткөрүп жатканына кошулат:

"БУУ 193 мамлекет кирген уюм болуп саналат. Ал, уюмга кирген өлкөлөрдөй эле жакшы", - дейт ал.

"Орусия Сирияны коргойбу же Украинадагы мыкаачылыктары үчүн өзүн коргойбу, же АКШ Израилди кысымдан сактап калабы, Кытай Түндүк Кореяны коргойбу, же болбосо уйгурларга каршы кылмыштары боюнча сындын оозун жабууга аракет кылабы…?"

"Сизде идеалдуу устав менен идеалдуу уюм болушу мүмкүн, бирок мамлекеттер өз милдеттенмелерин аткарбаса, алар эч кандай мааниге ээ болбойт".

"Узак күрөш"

Сентябрда БУУ саммит өткөрөт, ал глобалдык башкаруу реформаларын карап чыгууга жана ишенимди калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк болот деп үмүттөнөт.

Ричард Гоуэн бул реформаларды талкуулоо үчүн күчтүү аянтча болушу мүмкүн деп эсептейт, бирок БУУнун өкүлдөрү саммит АКШдагы шайлоого эки айга жетпеген убакыт калганда өтөөрүн билет.

"Дипломаттарды БУУну реформалоо боюнча олуттуу сүйлөшүүлөргө көндүрүү кыйын болот",- дейт ал.

Профессор Гергес АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги ролун алсыратышы мүмкүн болгон ар кандай структуралык реформаларды кабыл алышын күтүү реалдуу эмес деп эсептейт.

"Бул узак күрөш. Биз он жылдык эмес, ондогон жылдар жөнүндө айтып жатабыз", - дейт ал, дүйнө дагы деле БУУга муктаж экенин баса белгилөө менен. "Эгер БУУ жоюлса, ал тополоңго алып келет. Анда "Жунгли" мыйзамы пайда болот". (МА, НО)