Дүйнөдөгү эң ири христиандык чиркөөнүн пастору сыйынуучуларды зордуктап жүргөнү ашкере болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Чарли Норкотт жана Хелен Спунер
- Role, BBC News, Africa Eye
Би-Би-Си дүйнөдөгү эң чоң христиандык евангелисттик чиркөөлөрдүн биринин негиздөөчүсү тарабынан жасалган кыянаттык иштердин жана кыйноолордун бетин ачты.
"Бардык улуттардын синагога чиркөөсүнүн" ондогон мурдагы мүчөлөрү (алардын бешөө британиялыктар) маркум ТиБи Джошуа тарабынан мыкаачылык көрүнүштөрү, анын ичинде зордуктоо, мажбурлап бойдон алдыруулар болгонун айтышууда. Лагостогу жашыруун конуштагы кыянат иштер дээрлик 20 жыл бою болгон.
"Бардык улуттардын синагога чиркөөсү" дооматтарга жооп берген жок, бирок буга чейинки дооматтар негизсиз болгон деп билдирди.
2021-жылы каза болгон ТиБи Джошуа дүйнө жүзү боюнча өтө көп сандагы колдоочулары бар, харизмасы күчтүү жана абдан ийгиликтүү дааватчы жана телевангелист болгон.
Би-Би-Синин эки жылдык иликтөөсүнүн жыйынтыгында:
- Джошуа тарабынан жасалган физикалык зомбулук же кыйноолор, анын ичинде балдарга карата зордук-зомбулук жана камчы менен сабалган, чынжырланган кишилер тууралуу одогон күбөлөр көрсөтмө берди.
- Джошуа тарабынан сексуалдык зордук-зомбулукка кабылганын айткан көптөгөн аялдар кээ бирлери имараттын ичинде бир нече жылдар бою зордукталганын айтышкан.
- Джошуанын зордуктоосунан кийин чиркөөнүн ичинде мажбурлап бойдон алдыруулар болгон, анын ичинде бир аял беш жолу боюнан алдырганын ырастады.
- Джошуа өзүнүн «кереметтүү айыктырууларын» кантип ишке ашырганы тууралуу биринчи ооздон жазылган көптөгөн билдирүүлөр дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга көгүлтүр экрандан көрсөтүлдү.
Жабырлануучулардын бири, Рэй аттуу британиялык аял, 2002-жылы Брайтон университетиндеги окуусун таштап, чиркөөгө алынганда 21 жашта болчу.
Ал кийинки 12 жылды Лагостогу лабиринт сымал бетон комплексинин ичинде Джошуанын "шакирттеринин" бири катары өткөргөн.
"Биз баарыбыз бейиштебиз деп ойлогонбуз, бирок тозокто болчубуз жана тозокто коркунучтуу нерселер болот",- деди ал Би-Би-Сиге.
Рэй Джошуа тарабынан сексуалдык зордук-зомбулукка кабылып, эки жыл бою жалгыз камерада отурганын айтат.
Зордук-зомбулук ушунчалык катуу болгондуктан, ал короонун ичинде бир нече жолу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган.
"Бардык улуттардын синагога чиркөөсү" [Скоан] дүйнө жүзү боюнча белгилүү Emmanuel TV деп аталган христиан телеканалын жана миллиондогон көрүүчүлөрү бар социалдык медиа тармактарын иштетет.
1990-жылдары жана 2000-жылдардын башында Европадан, Америкадан, Түштүк-Чыгыш Азиядан жана Африкадан он миңдеген зыяратчылар Нигериядагы чиркөөгө барып, Джошуанын "айыктыруучу кереметтерди" жасаганына күбө болушкан.

Кеминде 150 зыяратчы анын Лагостогу комплексинде кээде ондогон жылдар бою шакирт катары аны менен чогуу жашашкан.
Улуу Британиядан, Нигериядан, АКШдан, Түштүк Африкадан, Ганадан, Намибиядан жана Германиядан келген 25тен ашык мурдагы "шакирттери" Би-Би-Сиге маек куруп, 2019-жылдагы эң акыркы тажрыйбалары менен бөлүшүп, чиркөөдөгү жашоосу жөнүндө күчтүү далилдерди келтиришти.
Көптөгөн жабырлануучулар биринчи жолу келгенде өспүрүм куракта болушкан.
Британиялыктарга байланышкан кээ бир учурларда, алардын Лагоско чейинки жол чыгымын Улуу Британиянын башка чиркөөлөрү менен макулдашууга ылайык Джошуа өзү төлөгөн.
Рэй жана башка көптөгөн шакирттер өздөрүнүн тажрыйбасын сектада болуу менен салыштырышкан.
Намибиядан келген Джессика Каймунун азабы беш жылдан ашык убакытка созулган.
Анын айтымында, Джошуа аны биринчи жолу зордуктаганда ал 17 жашта болчу, андан кийин ТиБи Джошуа зордуктаган учурлар ал жерде жүргөндө кайталанып, беш жолу мажбурлап бойдон алдырууга алып келген.
"Бул жабык эшик артындагы дарылоолор болчу... бул бизди өлтүрүшү мүмкүн эле", - деди ал Би-Би-Сиге.
Сурамжылоого алынган башкалары болсо кийимдерин чечиндирип, электр кабели жана камчы менен сабашканын жана уктатпай кыйнашканын айтышкан.
2021-жылдын июнь айында каза болгондон кийин ТиБи Джошуа Африканын тарыхындагы эң таасирдүү пасторлордун бири катары кабыл алынган.
Жакырчылыктан көтөрүлүп, ал өзүнүн өнөктөштөрүнүн арасында ондогон саясий лидерлердин, атактуулардын жана эл аралык маанидеги футболчулардын башын бириктирген евангелисттик империяны курган.
Бирок ал тирүү кезинде, 2014-жылы, чиркөө зыяратчылары үчүн курулган конок үйү урап, кеминде 116 адамдын өмүрүн алып кеткенде, катуу сөзгө калган.
Би-Би-Синин Open Democracy эл аралык медиа платформасы менен бирге жүргүзгөн иликтөөсүндө чиркөөнүн бир нече мурдагы мүчөлөрү биринчи жолу үн жазмага жазуу аркылуу көрсөтмө беришти.
Алардын айтымында, алар көп жылдар бою коңгуроо кагууга аракет кылышкан, бирок иш жүзүндө айта алышкан эмес.
Нигериядагы биздин бир катар күбөлөр физикалык кол салууга кабылганын жана бир учурда алар кордукка каршы сүйлөп, YouTube сайтына айыптоолорду камтыган видеолорун жайгаштыргандан кийин аларга ок атышканын айтышууда.
2022-жылдын март айында көчөдөн Лагос чиркөө комплексин тартууга аракет кылган Би-Би-Синин тасма тобу да чиркөөнүн коопсуздук кызматы тарабынан ок атууга туш болуп, бир нече саатка камакка алынган.
Би-Би-Си биздин иликтөөбүздүн алкагында айыптоолорду билдирүү үчүн Скоун менен байланышты. Ал жооп бербеди, бирок ТиБи Джошуага каршы мурунку дооматтарды четке какты.
"ТиБи Джошуа пайгамбарга негизсиз айыптоолорду коюу жаңы көрүнүш эмес... Айыптоолордун бири да эч качан далилденген эмес", - деп жазды ал.
Би-Би-Сиге маек курган төрт британ жараны чиркөөдөн качып чыккандан кийин Улуу Британиянын бийлигине зомбулук тууралуу билдиришкенин кабарлашты. Алар эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтышууда.

Кошумчалай кетсек, британиялык жаран жана анын аялы өз күбөлөрүнүн башынан өткөргөн оор сыноолорун жана видео далилдерин, анын ичинде өздөрүн полиция катары сыпаттаган, ошондой эле Скоандын мүчөсү болгон кишилердин курал менен кайтарылып турганы тууралуу жазууларды, чиркөөдөн качып кеткенден кийин, 2010-жылдын март айында Британиянын Нигериядагы Жогорку комиссиясына жөнөтүшкөн.
Ал өзүнүн электрондук катында анын аялы Джошуа тарабынан бир нече жолу сексуалдык зомбулукка кабылып, зордукталганын айткан.
Ал ошондой эле комиссияга башка британ жарандары дагы эле комплекстин ичинде мыкаачылыкка кабылып жатканын эскертти. Бирок эч кандай чара көрүлө элек.
Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги бул дооматтарга жооп берген жок, бирок Би-Би-Сиге кылмыштуулук, анын ичинде сексуалдык зомбулук жана чет өлкөдө британ жарандарына карата зордук-зомбулук боюнча бардык билдирүүлөргө өтө олуттуу мамиле кылаарын билдирди.
Скоан бүгүнкү күндө Джошуанын жесири Эвелиндин жетекчилиги астында ийгиликтүү иштеп жатат. 2023-жылы июлда ал Испанияда гастролдо болгон.
17 жашында Скоанга кошулуу үчүн Улуу Британиядагы Дербиден кеткен Аннека Би-Би-Сиге дагы көптөгөн жабырлануучулар бар экенине ишенерин айтты.
Ал Джошуаны ашкерелеп бетин ачуу үчүн мындан аркы кадамдар дагы жасалат деп үмүттөнөт.
"Менин оюмча, "Бардык улуттардын синагога чиркөөсү" эмне үчүн мынчалык узак убакыт бою иштей алганын кылдат иликтөө керек",- деди ал. (МА)
Мэгги Андресен, Йемиси Адегоке жана Инез Уорддун кошумча отчеттору
Сексуалдык зомбулук тууралуу кеңири колдоо жана кенен маалымат алуу үчүн BBC UK Actionline менен байланышыңыз. Секталар жөнүндө көбүрөөк маалыматты The Family Survival Trust сайтынан тапса болот.








