Техас мыйзамсыз кирген мигранттарды эми камайт

Migrants in Eagle Pass, Texas on 18 December

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022-жылы АКШ менен Мексиканын чек арасынан 2,4 миллион мигрант кармалды
    • Author, Bernd Debusmann Jr
    • Role, BBC News, Washington

Техас штаты чек арадан өтүүнү мыйзамсыз кылып, түрмөгө камоо аркылуу жазалай турган мыйзамды кабыл алды, бул азыркы убакта АКШнын бардык штаттарынын ичинен эң катаал иммиграция мыйзамдарынын бири.

Иммиграциянын жактоочулары бул мыйзам расалык кодулоого алып келет деп билдиришти.

Мындай өзгөртүү мыйзамсыз миграция күч алып, АКШнын президенти Жо Байдендин чек ара көйгөйүнө жасаган мамилесине коомчулукта тынчсыздануу жаралган убакытка туш келди.

Техастын жаңы чарасы бир жагынан абдан талаштуу, анткени АКШнын соттору буга чейин иммиграция мыйзамдарынын аткарылышын федералдык өкмөт гана камсыздай алат деп чечкен.

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү азыр деле федералдык кылмыш болуп саналат, бирок андай укук бузуу учурда иммиграциялык сот системасы тарабынан жарандык иш катары каралат.

Март айында күчүнө кире турган SB4 мыйзамы ноябрда Техастагы республикачылар жетектеген мыйзам чыгаруу органынын эки палатасынан тең колдоо тапкан.

Иш жүзүндө мыйзам жергиликтүү жана штаттык полиция кызматкерлерине мектептер менен ооруканалардан башка жерлерде чек араны мыйзамсыз кесип өттү деп шектелген адамдарды токтотуп, камакка алууга уруксат берет.

Жазалар 2000 долларга чейин айып пул салуудан түрмөгө камоого чейин болушу мүмкүн.

Судья камакка алынгандарды чек арадан Мексикага кайра жөнөтүүгө буйрук бере алат, бирок Техас бийлиги бул жобону кантип ишке ашырары белгисиз.

Өлкөдөн чыгарылган адам кайрадан мыйзамсыз кирсе - иммиграциялык жана кылмыш тарыхына жараша 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ноябрда Техас штатынын вице-губернатору Дэн Патрик бул мыйзам "Техастын коопсуздугун сактайт" жана бул "Техаста буга кезге чейин кабыл алынган чек араны коргоо боюнча эң күчтүү мыйзам" экенин айткан.

Иммиграциянын жактоочулары SB4 мыйзамынын үстүнөн арызданары анык. Мыйзам долбоору демократ мыйзам чыгаруучулар менен Мексиканын өкмөтү тарабынан да сынга алынды. Губернатор Грег Эбботт - республикачыл, ал бул мыйзам "Техас штатына мыйзамсыз кирүү толкунун токтотот" деди.

Видеонун түшүндүрмөсү, АКШда иммиграция жөнүндө талкуу кызыган учур

Октябрда Американын жарандык эркиндиктер союзунун чек ара саясаты боюнча улук кеңешчиси Сара Мехта "мындай мыйзамдар АКШнын жарандарын да, иммигранттарды да расасына карата кодулоо, кармоо жана камакка алууга алып келет" деди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Анджело Фернандес Эрнандес "жалпысынан алганда, иммиграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандарды кантип жана качан өлкөдөн чыгарууну жеке штаттар эмес - федералдык өкмөт аныктайт",- деди.

Би-Би-Си комментарий алуу үчүн юстиция департаментине кайрылды. Бул мекеме Техас штатына каршы кандайдыр бир федералдык доо арыз берүүгө жооптуу.

Чек ара жана иммиграция маселелери президент Байдендин саясий баш оорусуна айланды.

Сентябрда аяктаган 2022-финансылык жылдын ичинде чек арадан жалпысынан 2,4 миллион мигранттын өтүшү катталып, бул рекорддук көрсөткүч болду.

Республикачыл мыйзам чыгаруучулар Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү колдоп берүү үчүн АКШнын мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөш саясатын рычаг катары пайдаланууга аракети кылууда. (ДО)