Украинадагы согуш: кан жуткан кара береттер

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Нед Дэвис жана Фернандо Дуарте
- Role, Би-Би-Си иликтөө бөлүмү
BBC Eye иликтөөсү орус командирлери колдонгон тактика Украинада оор жоготууларга себеп болду деген орус аскерлеринин сөздөрүн тастыктады. Жоокерлердин айтымында, согушка жөнөткөн командирлери аларды чымындай да көргөн эмес. Алардын "чабал" командирлер тууралуу окуясы жана эксперттер "кыргынга жиберүү" деп атаган тактика Орусиянын Украинадагы каталарынын символу болуп калды.
Согуштун башында Орусия өзүнүн 155-деңиз жөө аскерлери бригадасын элиталык аскер бөлүгү деп эсептеген. Бирок согуш башталганда бөлүктүн майдандагы алешемдиктери ачыкка чыкты. Би-Би-Синин иликтөөсү бир чабуулда эле аталган бригада кеминде 60 аскерин жоготконун аныктады.
Анда ажал тапкандардын бири 25 жаштагы Рамаз Горгадзе болгон. Ал өлөрүнөн бир нече жума мурун Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы үйүнөн мобилизацияланган. Аскерге чакырылганда ал мекенчилдей көрүнгөн, полигондо сүрөткө түшүп, социалдык түйүндөрдө рэп ырдап жаткан постун бөлүшкөн. "Орусия сен үчүн арка-бел. Орус жоокерлери силер үчүн согушуп жатышат" деп ырдаган.

Сүрөттүн булагы, Instagram
Ал Украинага жөнөтүлөрдүн астында жеген акыркы тамагы пицца жана сыра менен, аскердик форма кийип түшкөн сүрөттөрүн бөлүшкөн.
Ошентсе да жекече, ал согуштан коркконун да билдирген. Апасы орусиянын "Магадан правда» гезитине анын Украинада достору бар экенин жана ал апасына: "Эң жаманы өлүп калуу эмес, эң жаманы өзүмө окшогон эле адамдарга ок атуу" деп айтканын эскерет.
2022-жылдын октябрынын аягында Ромаз Украинанын Донецк облусундагы 155-деңиз жөө аскерлер бригадасына кошулган. Ал кезге чейин аталган аскер бөлүк Буча жана Изюм шаарларында согуш кылмыштары үчүн айыпталган болчу - Орусия бул айыптоолорду четке кагып келет.
Жаңы кан жана жаңы курмандыктар
Горгадзе көп өтпөй стратегиялык мааниге ээ болгон Павловка жана Угледар шаарларына болгон чабуулдарга катышкан.
Бир кезде 15 000 адам жашаган кенчилер шаарчасы Угледар согуштун эң кандуу кармаштарын көрдү. Ал бийик жерде жайгашкандыктан украин күчтөрү бул жерди орустардын камсыздоо линияларын бутага алуу үчүн колдонушкан.
Ошол маалда Горгадзе Инстаграмга жакын жердеги Вольновахадагы кыйроолор түшүрүлгөн кыска видеону жайгаштырган.
Андан кийин Угледарга чабуул башталардан мурда анын апасына жөнөткөн билдирүүлөрү токтогон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Даттануулар жазылган кат
Ромаздын аскер бөлүгүнөн жоокерлердин дайынсыз жоголгондугу тууралуу кабарлар күчөп, бир нече күндөн кийин, ноябрь айынын башында 155-бригаданын мүчөлөрү өздөрүнүн бөлүгү жайгашкан Орусиянын Приморск крайынын губернатору Олег Кожемякого Телеграм аркылуу кат жөнөтүшкөн. Документ көп өтпөй интернетке тараган.
Жоокерлер согуш талаасындагы башаламан көрүнүштөрдү айтып, аскер башчыларын катуу сынга алышты. Алар "түшүнүксүз чабуул" учурунда төрт күндүн ичинде "300гө жакын адам каза таап, жарадар болуп жана дайынсыз жоголгону" тууралуу айтышкан.
Жоокерлердин айтымында, жетекчилери аларды согушка жөнөтөөрдө "замбирек бутасы" (орусчада "мясо") деп аташкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги деңиз жөө аскерлеринин дооматтарын четке каккан сейрек кездешүүчү ачык билдирүүсүн жарыялады. Губернатор Кожемяко өзүнүн Telegram каналына берген маегинде: "Ооба, жоготуулар болуп жатат, катуу салгылашуулар жүрүп жатат, бирок ал сандар кайрылууда айтылгандан азыраак" деди. Аларга керектүү жабдууларды алып берүүнү убада кылды.
BBC Eye иликтөөсү аскердик бөлүк согушуп жаткан аймактагы видео тасмаларды талдады. Украинанын чалгындоочу дронунан тартылган тасма бир эле ката кайра-кайра кайталанып жатканын көрсөтүп турат. Павловкага жакын жердеги ачык жолдун бир эле тилкесинде украин аскерлери ар башка күндөрү бир нече орус бронетехникасын талкалашкан.

2004-жылы орусиялык деңиз аскерлери менен бирге иштеген коргоону боюнча талдоочу Тайфун Озберк бул көрүнүш орустар "кургактагы согуштун негиздерин колдонбой жатканын" ырастайт деп билдирген.
Болгону бир гана унаа жолу бар экен, андыктан "украин аткычтары кайда атуу керектигин билген, алар (орустар) оңой бутага айланышты."
"Миналарды тазалоо жана аба чалгындоо болбосо, жетиштүү чалгын маалыматтары жок туруп мындай чабуулдарды жасоо - өзүн өзү өлтүрүү болуп саналат," - дейт ал.
Лондондун Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун согуш боюнча эксперти Уильям Альберке мындай деп кошумчалайт: "155-бөлүк Киевди алуу аракетинде чоң жоготууларга учураган жана катардан чыгып калгандардын ордун чабал, жалданма жоокерлер менен толукташканда абал ого бетер начарлап кеткен."
"Ал аскерлер жетиштүү даярдыктан өтүшкөн эмес, же керек жабдыктары жок болгон сыяктуу".
Башка аскерий аналитиктер Угледардагы чабуулдарды сүрөттөө үчүн "кыргынга жиберүү" тактикасы тууралуу айтышты. Бул аскерлерди кезек-кезек менен, эч бир даярдыксыз, дээрлик өлүмгө жөнөтүү тактикасы.
Фронттун алдыңкы тилкесине сапар
Декабрга чейин Горгадзенин апасы Светлана уулу тууралуу маалымат ала албаганына кабатырланып, аны издөө үчүн өзү фронтко барууну чечкен. Анын айтымында, ал Украинага чейин дээрлик 7 000 км жол жүргөн. Аял ал жакка жетип уулунун курман болгонун билген.

Сүрөттүн булагы, OK.ru
Биз жогоруда айтылган кат жарыяланганга бир күн калганда Горгадзенин Павловкадагы имаратка кирип, паникага түшкөнүн сүрөттөгөн баянды таптык. Андан кийин дрон ага граната таштап, жарылуудан анын буттары үзүлүп кеткен. Жаш жоокер кийинчерээк алган жараатынан улам курман болгон.
155-бригададан канча адам курман болгон?
Орусия жоготуулары тууралуу расмий маалымат чыгарбагандыктан, Би-Би-Синин Орус кызматынын журналисти Ольга Ившина орусиялык көз карандысыз Mediazona маалымат сайты жана ыктыярчылар тармагы менен бирге курман болгондорду эсептеген.
Расмий маалымдоолор, социалдык тармактардагы билдирүүлөр, медиа билдирүүлөр жана Орусиядагы көрүстөндөрдүн сүрөттөрү сыяктуу ачык булактан алынган материалдарды кароо менен алар 2022-жылдын 6-мартынан 2023-жылдын 22-февралына чейин 155-деңиз жөө аскерлер бригадасында кеминде 157 өлүм болгонун аныкташты.
Маалыматтар ошондой эле өлүмдөр 2022-жылдын октябрь жана ноябрь айларында, Павловка жана Угледарга чабуул учурунда эң жогорку чегине жеткенин көрсөтөт - BBC Eye командасы ошол салгылашууда курман болгон же дайынсыз жоголгон кеминде 60 деңиз жөө аскерин аныктаган.
"Биз 155-бөлүктөгү жоготуулардын реалдуу саны биздеги эсептерден жогору деп ойлойбуз, анткени биз айрым адамдарды бул бөлүккө таандыкпы жокпу, аныктай албайбыз", - дейт Ольга Ившина.
"Андыктан, биз орус тараптагы жалпы жоготуулардын реалдуу саны биздеги көрсөткүчтөн кеминде эки эсе көп деп эсептейбиз".

Бул бөлүмдөн тышкары, Улуу Британиянын Коргоо министрлиги орус согушундагы жоготуулар 350,000ге жетип, болжол менен 70,000 адам каза болушу мүмкүн деп эсептерин билдирди.
Акыркы сапарга узатуу жана андан кийинки окуялар
Горгадзе туулуп өскөн Ягодное шаарында январдын аягында жерге берилди, ошол эле маалда Орусия Угледарга кайрадан чабуул койду.
Бир нече күндөн кийин орусиялык социалдык тармактарда жер-жерлердеги кырдаалга терс баа берүү менен жазылган, 155-бригаданын мүчөлөрүнө таандык болгон дагы бир кат тарай баштады.
Президент Путинден орусиялык деңиз жөө аскерлери тууралуу сурашканда ал: "Деңиз жөө аскерлери азыр ишин талаптагыдай аткарып, баатырларча согушуп жатат", - деп жооп берди.
Горгадзе курман болгондон бери бир жыл өтсө да орус күчтөрү Угледарды ала элек жана шаарга чабуул коюу учурунда чопкутталган унаалардын жардырылып жатканы тартылган жаңы видеолор социалдык тармактарда дагы эле пайда болууда. (ДО)




