"Жер планетасы III” берүүсү укмуш тартылган, көрүп үрөйүң учат "

Turtles in Raine Island, Australia

Сүрөттүн булагы, BBC Studios

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Берүүдө Австралиянын Рейн аралындагы таш бакалардын абалы тууралуу айтылат.
    • Author, Пол Глинн
    • Role, Табият таануу боюнча кабарчы

Сынчылар сэр Дэвид Аттенборонун "Жер Планетасынын" (Planet Earth) акыркы сериясын "эң таасирдүү" жана "укмуштуу", бирок ошол эле учурда "үрөй учурган" жана "кайгылуу" деп аташты.

Сыйлык алган программанын үчүнчү бөлүгү жекшемби күнү BBC One каналында башталып, аны 5,6 миллион адам көрдү.

Сегиз бөлүктөн турган сериал табиятта тынымсыз өзгөрүүлөр болуп жаткан шартта дүйнө жүзү боюнча жаныбарлар кантип жашоо үчүн күрөшүп жатканын көрсөтөт.

The Guardian биринчи эпизодду Девид Аттенборо "дагы бир укмуштуудай программасын" чыгарды деп сыпаттады.

Ребекка Николсон беш жылдыз ыйгарган рецензиясында: "Бул таң калыштуу сериал укмуштуудай масштабга ээ" деп жазган. "Аны сонун кадрлары үчүн да көрүп, ырахат алууга болот - бирок ошол эле кезде ал сениин жүрөгүңдү түшүрөт."

Ребекка Николсон кошумчалагандай: ""Жер Планетасы" акыркы жолу экраныбызга чыккандан берки алты жылда бул үчүнчү сериясы, ал капаланткан маанайда болуп калганы кооптондурат."

97 жаштагы сэр Дэвид баяндаган даректүү тасмада беш жыл бою 43 өлкөдө топтолгон жаратылыш дүйнөсү, анын ичинде дрондордон жана алыстан башкарылуучу терең суу астындагы кемелерден тартылган кадрлар камтылган.

Биринчи эпизод Кенттен Түштүк Африкага, Мексикадан Австралияга чейинки жээктерди чагылдырат. Ал баянында эки эскертүүгө басым жасайт; Мексиканын Юкатан жарым аралындагы, Кариб деңизиндеги фламинголордун жана Улуу Тосмо рифиндеги Рейн аралынын жоголуп бара жаткан жашыл таш бакаларынын айланасында сөз кылат.

Видеонун түшүндүрмөсү, Сэр Дэвид Аттенборо: "Жер Планета III" эмне бар?
Flamingos in Mexico

Сүрөттүн булагы, BBC Studios

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кариб деңизиндеги фламинголор
A garter snake in Canada

Сүрөттүн булагы, BBC Studios

The Telegraph'тын журналисти Эд Пауэр сэр Дэвид "биздин планетанын сулуулугун жана назиктигин сүрөттөө жагынан теңдешсиз бойдон кала берет" деп жазды.

"Жер Планетасы III" программасы "Үстүдөн фламинголор канат кагып бара жатканын жана ызгаардуу жамгырда аман калуу үчүн күрөшкөн алардын балапандарынын кадрларын камтып, Голливуд кыялданып кала берчү укмуштуудай көз ирмемдерди тасмага түшүрө алган".

"Дүйнөдө белгисиздик ушунчалык күч болуп турганда, Аттенборо дагы эле биз менен өзүнүн дилгирлигин бөлүшүүгө даяр экенин билүү көңүлүңдү жылытат", - деп жыйынтыктады ал.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Бул жолу сериал 18:15 BST убакыт аралыгына жылды, Аттенборо жана продюсерлер бул кадам балдарга жаратылыш дүйнөсүн көрүүгө жана түшүнүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет деп айтышты.

Жакында Сэр Дэвид токойлорду кыйуу коркунучу жөнүндө эскертүү берип жатып: "Балдар дүйнө кандай аракеттенерин инстинктивдүү түшүнүшөт" деди.

"Эң чоң көйгөй - бул биздин бош жерлерди ээлеп атканыбызда жана ал бизден башка эч кимге таандык эместей жок кылып баратканыбызда."

"Жаратылыш дүйнөсү менен гармонияда болуу үчүн өз керектөөлөрүбүздү чектешибиз керек деген түшүнүктү баары эле сезе бербейт."

Ал мындай деп кошумчалады: "Биз адамдарды мындай кылуу өзүмчүлдүк экенине ишендиришибиз керек, анткени биз көптөгөн башка нерселерден тышкары жаратылыш дүйнөсүнө да көз карандыбыз. Биз көп жылдар бою эмне гана кылбайлы, жаратылыш дүйнөсү жоголбойт деп ойлогонбуз. Биз каалаганыбызды жасаганбыз, анткени жаратылыш дүйнөсү ар дайым жашап келди."

"Бирок ал дайыма эле жашай бербейт, анткени биз азыр сан жагынан үстөмдүк кылган түргө айландык. Эми биз жалаң гана өзүбүз койгон шарттар менен эмес, табият менен чогуу жашашыбыз керек экенин түшүндүк."

David Attenborough
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сэр Дэвид Аттенборо - британдык ардагер теле алып баруучу, биолог, табият таануучу жана жазуучу
Great white sharks and cape fur seals are also shown, off the coast of South Africa

Сүрөттүн булагы, BBC Studios

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Африканын жээгиндеги чоң ак акулалар жана тюлендер

Анын акыркы аракеттерине баа берип жатып, Daily Mail'дин кабарчысы Кристофер Стивенс: "Бул эпизодунун ар бир көз ирмеми кызыктуу болду." - деп билдирди.

"Акыркы жетимиш жылда Аттенборонун серияларынын (ред. Баары укмуштуудай болгондуктан) кайсы бирин "эң мыкты" деп айтуу мүмкүн эмес эле" деп улантты ал. "Бирок "Жер Планетасы III", сөзсүз түрдө, эң мыкты тартылган десек болот."

"I" гезитинин кабарчысы Жерард Гилберт программага беш жылдыз берген, ал өз сынында шоуну "укмуштуу, көздү ача турган, эң таасирдүү жана үрөй учурарлык" деп атаган.

Ал программанын акыркы сериялары "Дэвид Аттенборо аргасыз калганын көрсөттү" деп баса белгиледи.

"Жалпысынан, табиятта дале ачылыштарды жасоого мүмкүнчүлүктөр көп экенин билүү кубандырат. Баарынан да, сериялардын артында "мүмкүн болушунча (ред. кайталангыс учурду) кармап кал" деген олуутуу маани турарын билишибиз керек." (ДО)