Кытай: полиция союлуп кете турган миң мышыкты куткарды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Николас Йонг
- Role, BBC News, Сингапур
Кытайда полиция миңден ашык мышыкты чочконун же койдун эти катары союп сатуудан куткарды, деп маалымдайт мамлекеттик маалымат каражаттары.
Жаныбарларды коргоо боюнча активисттердин берген багыттамасы боюнча полиция чыгыштагы Чжанцзяган шаарында мышыктарды ташыган жүк ташуучу унааны кармаган.
Мышыктар жаныбарларды караган атайын жайга жеткирилген, деп айтылат The Paper гезитинин билдирүүсүндө.
Бул куткаруу мышык этин мыйзамсыз сатуунун бетин ачты. Ошол эле кезде, бул маселе тамак-аш коопсуздугу боюнча жаңы кооптонууну жаратты, деп айтылат маалыматта.
Активисттердин айтымында, мышык этинин бир цатиси 4,5 юанды түзгөн (0,61 доллар). Цати - болжол менен 600 граммга барабар кытай салмак өлчөмү. Бир мышык төрт-беш цати эт бере алат.
Куткарылган мышыктар жолбунбу же үй мышыктарыбы, белгисиз. Мышыктар өлкөнүн түштүгүнө транзит менен бара жатышкан, ал жерде алар чочконун жана козунун этинен жасалган шишкебек жана колбаса катары сатылмак.
The Paper жазгандай, Чжанцзяган шаарынын активисттери көрүстөндө жыгач кутуларга салынган көп сандаган мышыктарды байкап калып, алты күн бою ал жерди аңдып олтурушкан.
12-октябрда адамдар келип мышыктарды жүк ташуучу унаага жүктөй башташканда, алар унааны токтотуп, милиция кызматкерлерин чакырышкан.
Өткөн жума күнү жарыяланган The Paperдеги окуя Кытайдын Weibo социалдык медиа платформасында миңдеген ачууланган комментарийлерге себеп болду. Айрым колдонуучулар тамак-аш өнөр жайын текшерүүнү күчөтүүгө чакырды.
"Бул адамдар эң жаман өлүм менен өлсүн" деди Weibo колдонуучуларынын бири.
Дагы бирөө: "Качан жаныбарларды коргой турган мыйзамдар чыгат? Ит менен мышыктын өмүрү маанилүү эмеспи?"
Бир колдонуучу: "Мен мындан ары сырттан шишкебек жебейм" деди.
Июнь айында Цзянсу провинциясындагы коллежде студент тамактан келемиштин башын таап алганда ызы-чуу чыккан. Мектеп жетекчилиги адегенде ал өрдөктүн эти болчу деп ишендирүүгө аракет кылган, бирок кийин окуучунун айтканын мойнуна алды. (ДО)














