Анкарадагы жардыруу. Түркия күрт козголоңчуларына сокку урду
- Author, Алекс Бинл
- Role, BBC News
Түркия Ирактын түндүгүндөгү күрт козголоңчуларына бир катар аба соккуларын жасады. Анкара бул тууралуу Түркиянын ички иштер министрлигинде жанкечти өзүн жардырып жибергенден бир нече сааттан кийин билдирди.
Өкмөт 20 бутага сокку урулганын жана "Күрттөрдүн жумушчу партиясынын" (ПКК) тыюу салынган козголоңчу тобунун көптөгөн согушкерлери жок кылынганын билдирди.
ПКК жекшемби күнү эртең менен борбор шаар Анкарада болгон жардырууну алар менен байланышы бар топ жасаганын, анын бир мүчөсү өзүн жардырганын билдирди.
Экинчи кол салган киши полиция тарабынан өлтүрүлүп, эки полиция кызматкери жараат алды.
Күртстан жумушчу партиясы (ПКК) Түркияда, Евробиримдикте, Улуу Британияда жана АКШда террордук уюм деп эсептелет.
Түркиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнкү аба соккуларында ПКК колдонгон үңкүрлөр, кампалар жана бункерлер бутага алынганын билдирди.
Франс Пресс агенттиги аталган мекемеден төмөнкүдөй цитата келтирди: "бул операция ПККны жана башка террордук элементтерди жок кылуу, калкыбызга жана күч түзүмдөрүбүзгө каршы Ирактын түндүгүнөн жасалчу террордук чабуулдардын алдын алуу жана чек араларыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жасалды".
"Рудав" Күрт кабар агенттиги соккулар ПККнын таянган чеби деп эсептелген, Иран менен чек арада жайгашкан Кандил тоосун бутага алганын билдирди.
Аба соккулары жардырууга жооп катары жасалган. Жардыруу парламент жайкы тыныгуудан кийин кайра чогулууга бир нече саат калганда Анкаранын Ататүрк бульварында болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кол салууга жоопкерчиликти өзүнө алган "Өлбөстөр батальону" тобу дал ушул себептен улам парламентке жакын турган министрликти бутага алганын айтышты.
Окуя болжол менен саат 09:30да (GMT 06:30) кол салгандардын бири унаасынан чыгып, коопсуздук кызматкерлерин алаксытуу үчүн министрликтин имаратына кичинекей жарылуучу зат ыргытканда башталган.
Андан кийин анын шериги жанкечти-бомбасын жардыраардан мурун министрликтин дарбазасынын жанында күзөтчүлөргө ок чыгарган.
Ошол эле учурда биринчи адам мекеменин аймагына чуркап кирип, полиция тарабынан дароо атып өлтүрүлгөн.
Эки полиция кызматкери жарадар болду. Биринин көкүрөгүнө ок тийип, экинчиси эки бутунан жана көзүнөн жаракат алган.
Ички иштер министри Али Йерликая журналисттерге билдиргендей, жаракат алгандардын өмүрүнө коркунуч жок.
Түркиянын жогорку даражалуу коопсуздук кызматкери кол салгандар автоунааны ишемби күнү Анкарадан 260 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Кайсери шаарында уурдаганын Би-Би-Сиге билдирди.
Маалыматка ылайык, алар унаанын ээсин, 24 жаштагы ветеринарды шаар четинде атып өлтүрүшкөн.
Коопсуздук кызматкеринин айтуусунда шектүүлөрдүн кайдан келгенин аныктоо үчүн Кайсериден Сириянын чек арасына чейинки коопсуздук камераларынан алынган видеолор текшерилип жатат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Президент Режеп Тайып Эрдоган парламенттин ачылыш сөзүндө кол салууну "терроризмдин акыркы толкуну" деп мүнөздөдү.
"Жарандарыбыздын тынчтыгын жана коопсуздугун бутага алган кара ниет адамдар максатына жеткен жок жана эч качан жетпейт," - деди ал.
Күрт согушкерлери бийликтердин катуу кысымына кабылышкан. Алардын лидерлери түрмөгө камалып, Түркиянын ичиндеги жана Сирия менен Ирактын чек арасындагы күрт базаларына каршы аскерий операциялар жүргөн.
Тамыры марксисттик-лениндик идеологияга барып такалган ПКК 1970-жылдардын аягында түзүлүп, 1984-жылы Түркиянын курамында көз карандысыз Күрт мамлекетин түзүүгө чакырып, түрк өкмөтүнө каршы куралдуу күрөш баштаган.
1990-жылдары ПКК көз карандысыз мамлекет түзүү талабынан баш тартып, анын ордуна күрттөр үчүн көбүрөөк автономия берүүнү талап кылган. Ал конфликтте 40 миңден ашуун адам каза болгон.
Эки жылга созулган ок атышпоо келишими 2015-жылдын июль айында аяктагандан кийин кандуу кагылышуулар кайрадан тутанган. (ДО)













