Климаттык өзгөрүүлөр. Жаштар 32 өлкөнү сотко беришти

Martim, Mariana and Claudia Duarte Agostinho

Сүрөттүн булагы, Claudia Duarte Agostinho

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Клаудия экологиялык тынчсыздануу менен жабыркай турганын, Мартимдин аллергиясы күчөп кеткенин жана Марианага астма диагнозу коюлганын айтат
    • Author, Селин Гирит
    • Role, BBC World Service

24 жаштагы Клаудиа, анын 20 жаштагы иниси Мартим жана 11 жаштагы сиңдиси Мариана Евробиримдиктин бардык мүчө-мамлекеттери, Улуу Британия, Норвегия, Орусия, Швейцария жана Түркия сыяктуу 32 өкмөткө каршы доо арыз менен сотко кайрылган алты жаш португалиялыктардын катарында.

Алар өлкөлөрдү климаттын өзгөрүшүнө каршы жетишсиз иш-аракеттери үчүн жана Париж келишимине ылайык глобалдык жылууланууну бир жарым градустан ашырбоого толук жетише албагандыгы үчүн айыпташууда.

Бул иш Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна (АУЕС) берилген биринчи иш. Эгер иш ийгиликтүү чечилсе, ал катышкан өкмөттөр үчүн юридикалык жактан милдеттендирген кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Иш боюнча биринчи отурум шаршемби күнү кечинде болот.

11 жаштан 24 жашка чейинки алты доогер Португалияда 2017-жылдан бери жыл сайын болуп жаткан токой өрттөрү глобалдык жылуулануунун түздөн-түз натыйжасы деп ырасташат.

Алардын айтымында, алардын негизги адам укуктары, анын ичинде жашоо, жеке турмуш, үй-бүлөлүк жашоо жана дискриминациядан эркин болуу укугу өкмөттөрдүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнү каалабагандыгынан улам бузулууда.

Алар буга чейин эле климаттын өзгөрүшүнүн олуттуу таасирлерине дуушар болушкан, айрыкча Португалиядагы экстремалдык температура аларды үйдө убакыт өткөрүүгө мажбурлап, уктоо, көңүлдү бир жерге топтоо же көнүгүүлөрдү аткаруу жагын чектеген. Кээ бирлери экологияга байланышкан коркуудан, аллергиялардан жана дем алуусу оорлогондон, анын ичинде астмадан жапа чегишкен.

Жаш даттануучулардын бири да каржылык компенсация талап кылбайт. Клаудиа Дуарте Агостиньо 2017-жылы Португалияны каптап, жүздөн ашык адамдын өмүрүн алган катуу ысыкты жана өрттү эстеп: "Мен корктум. Талааларда өрт күчөп, мени кандай келечек күтүп турарын ойлоп тынчым кетти." - деди.

Mariana Duarte Agostinho

Сүрөттүн булагы, Global Legal Action Network

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мариана тик учактардын добушун укканда 2017-жылдагы токой өрттөрүн эстеп коркуп кетет.

"Мен булганбаган жашыл дүйнөдө жашаганды каалайм, ден-соолугум чың болсо дейм. Өз келечегим үчүн катуу кабатыр болгонумдан улам ушундай чараларга барууга туура келди. Биз жашаган жер келечекте кандай болот деп тынчызданам" - дейт 11 жаштагы Мариана.

Клаудиянын айтымында, Мариана тик учактардын учуп баратканын укканда дагы эле коркуп кетет, алар ага 2017-жылдагы өрт өчүргүчтөрдү эске салат. Анда элүү миң акрдан ашык (эки жүз эки чарчы км) токой күйүп жок болуп, өрттүн күлү алардын бир нече километр алыстыктагы үйүнүн үстүнө жаап турган.

"Менин оюмча Мариананын бул ишке аралашканы, анын жашында баарын түшүнүп жатканы укмуштуудай", - дейт Клаудиа.

"Бирок бир жагынан мындай абал абдан кабатыр кылат: эмне үчүн ал ушул көйгөйлөр тууралуу ойлонушу керек? Анын ордуна ал азыр достору менен ойноп, TikTok'тун видеолоруна бийлеп жүрүшү керек эле."

Алты жаш доогердин адвокаттары сотто отуз эки өкмөттүн учурдагы саясаты дүйнөнү кылымдын акырына карата глобалдык жылууланууну үч градустук багытка салганы жатат деп талашары күтүлүүдө.

"Аптап катастрофалык деңгээлге чыгат", - дейт, арыз ээлеринин таламын талашкан Global Legal Action Network'тун (GLAN) директору Геароид Ó Куинн.

"Өкмөттөр тарабынан шашылыш чара көрүлбөсө, бул ишке катышкан жаш доогерлер алардын ден соолугуна жана жыргалчылыгына зыян келтире турган чыдагыс аптапка туш болушат. Биз өкмөттөр муну токтотуу үчүн дагы көп нерселерди жасай алаарын билебиз, бирок алар аракет кылбай жатышат." - деди ал.

Wildfires in Leireia

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Португалия акыркы жылдары рекорддук аптапты баштан кечирип, 2017-жылдан бери жыл сайын токойлорунда өрт чыгат.

2021-жылы Lancet изилдөөсү көрсөткөндөй, климат тууралуу тынчсыздануу жана өкмөттөрдүн климаттын өзгөрүшүнө карата реакциясына нааразычылык дүйнө жүзү боюнча балдар менен жаштардын арасында кеңири таралган жана алардын күнүмдүк иш-аракеттерине таасирин тийгизген.

Дүйнөнүн он өлкөсүндө он миң адамга сурамжулоо жургүзүлгөн. Ага он алты жаштан 25 жашка чейинки жаштар катышкан. Ал сурамжылоонун негизинде өткөн изилдөө - өкмөттөрдүн климаттык кризис боюнча аракетсиздиги жапа чеккендердин көбөйүшүнө алып келерин көрсөткөн.

Өкмөттөрдүн бул ишке карата өз-өзүнчө жана биргелешкен жоопторду беришкен. Анда, климаттын өзгөрүшүнүн же Португалиянын токой өрттөрүнүн кесепетинен түздөн-түз жапа чеккендигин доогерлер жетиштүү түрдө далилдей элек деп айтылат.

Алар климаттын өзгөрүшү адамдын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган эч кандай далилдер жок деп ырасташат, ошондой эле климаттык саясат Адам укуктары боюнча Европа сотунун юрисдикциясына кирбейт деп белгилешет.

"Португалиялык бул алты улан-кыз, өз келечеги үчүн тынчсызданган жөнөкөй инсандар, аларга зыян келтирип жаткан өкмөттөрдүн таламын талашкан 32 юридикалык топко, жүздөгөн юристтерге бет келишет," - дейт Геароид О Куин.

"Бул чыныгы Давид менен Голиафтын күрөшү, алар биздин келечегибизди бир топ жакшыртуу үчүн олуттуу өзгөрүүлөрдүн жолун издеп жатышат."

Irish chairman of ECHR, Siofra O'Leary (C) and Slovenia judge Marko Bosnjak (R) arrive for the European Court of Human Rights hearing in two climate change cases involving France and Switzerland, on March 29, 2023 in Strasbourg, eastern France.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мүчө мамлекеттер Адам укуктары боюнча Европа сотунун өкүмдөрүн аткарууга юридикалык жактан милдеттүү.

Үчүнчү тарап катары бул ишке кийлигишкен Европа Кеңешинин Адам укуктары боюнча комиссары Дуня Миятовичтин айтымында, бул иш мамлекеттер климат маселелерине жана адам укуктарына кантип мамиле кыларын көрсөтүшү мүмкүн.

"Чындыгында бул мүчө мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга, баарыбызга биздин кайдыгер эмес экенибизди жана бул жөн гана кагаздагы сөздөр эмес экенин көрсөтүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк жана коңгуроо. Бул жөн гана тигил же бул резолюцияны колдодук деп кол коюп коюу эмес. Сөз биздин саясатты өзгөртүү жөнүндө болуп жатат." - деди ал Би-Би-Сиге.

АУЕСтин чечими мыйзамдуу түрдө 32 өкмөттү парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана казылып алынган отундарды акырындык менен жоюу аркылуу климат боюнча аракеттерди күчөтүүгө милдеттендирмек.

Ал чечим ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу иштер боюнча АУЕСтен кеңеш сураган ички сотторго таасир этет. Соттун өкүмү 9 айдан 18 айга чейин чыгат деп күтүлүүдө.

Клаудиа келечекте балалуу болсомбу же жокпу деп көп ойлоно турганын айтып, алар жашай турган дүйнөнүн абалы кандай болот деп кабатыр. "Бирок, эгерде биз бул соттон утуп чыксак үмүт шооласы пайда болмок" -дейт ал.

"Соттон жеңип чыкканыбыз - адамдар бизди чындап эле угарын, алар биз сыяктуу эле тынчсызданып жатканын, жана өкмөттөр чындап эле бул боюнча чараларды көрүшү керек экендигин билдирмек. Бул бардыгы үчүн - биздин тынчсыздануубуз, биздин келечегибиз үчүн эң сонун болмок. Аны улай көп иштер аткарылышы мүмкүн." (ДО)