“Алар баарын бомбалашты”: Тоолуу Карабактагы үрөй учурган чабуул

Mikayel and Nver
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мектеп мугалими тарткан бул сүрөттө Микаель менен Нвер оңдо жана солдо четте турушат
    • Author, Григор Атанесян жана Турал Ахмедзаде - Лондон, Сирануш Саргсян - Степанакерт (Ханкенди)
    • Role, BBC Global Disinformation Team and BBC News

Би-Би-Сиге Тоолуу Карабактын алыскы кыштагында үч бала жана эки улгайган адамдын өмүрүн алган бомбалоо тууралуу күбөлөр айтып беришти. Азербайжан "аскердик буталарга" гана сокку урганын ырастоодо, бирок Би-Би-Си эки жаш уулунан ажырап, бири оор жаракат алган эне менен сүйлөштү, аман калгандар соккулар "башаламан" болду деп айтып жатышат.

Сарнахпюр (Азербайжан аны Ахбулаг деп атайт) Тоолуу Карабактын Аскеран аймагындагы айыл. Бул айыл токойлор менен курчалып, маанилүү аскердик объекттерден алыс жайгашкан.

Кол салуу башталганда Зарине Газарян жакын жердеги Аскеран шаарында болгон. Ал кичүү уулу Каренди тамактандыруу үчүн балдар азыгын табууга аракет кылып жүргөн. Алар иш жүзүндө тогуз ай курчоодо калып, тамак-ашка, отун-сууга жана жылуулукка толук жете албай жатышкан.

Жарылуулардын үнүн угуп, ал үйүнө кайтууга аракет кылган, бирок катуу бомбалоодон улам чыга албай калганын айтат.

Ага уулу Сейран оор жарадар болуп, аймактын башкы шаары Степанакерттеги (Ханкенди) ооруканага жеткирилгенин айтышкан. Анын дагы үч баласын Орусиянын бейпилдик күчтөрү эвакуациялашкан. Бирок ал ооруканага жеткенде бомбадан анын эки уулу каза болгонун уккан. Алар сегиз жаштагы Микаэль жана 10 жаштагы Нвер.

Zarine Ghazaryan with a son
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зарине өзүнүн уулу менен

Биз аны менен ооруканада сүйлөштүк. Ал баштарынан оор жаракат алган эки уулунун сөөгүн көрүүгө уруксат берилгенин айтат: "Мен аларды көрдүм, үрөй учурарлык абалда экен. Өтө жаман, алардын атасы тезирек кайтып келсе деп күтүп олтурам",- дейт ал.

Балдар катуу аткылоого кабылган учурда 15 жаштагы Арман алардын жанында болгон. Биз аны менен сүйлөшкөн учурда ал жонунан, желкелеринен жана колунан алган жарааттарынан дарыланып жаткан.

"Алар бардык жерди бомбалай башташты. Кээ бирөөлөр өлдү, кээ бири жарадар болду, мен баштары жарылып кеткен адамдарды көрдүм. Коркунучтуу болду," - деп билдирди ал.

Арман үч снаряд анын жанында жарылганын айтат.

Биз андан ары коопсуз жайга жеткирели деп, балдарды дарактардын түйүнө алып бардык, бомба дал ошол жерге түштү.

Nver and Mikayel
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нвер менен Микаель (жогоруда оңдо) 19-сентябрда өлтүрүлдү

Жергиликтүү бийлик ошол күнү дагы үч киши каза болгонун айтууда. Айылдын мэри Гарик Александрян уулу Давидден, атасы Александрдан жана кайненеси Гохардан айрылды. Анын уулунун жарааттарын кайра айтып берүү өтө оор.

Бийликтердин айтымында, дагы 15 айыл тургуну жарадар болгон. Дагы көптөрү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Алар кол салуудан улам үйлөрүн таштап кеткен миңдеген башка этникалык армяндардын көчүнө кошулду. Көпчүлүгү Степанакертке жетүүгө аракет кылышкан. Айрымдары орус бейпилдик күчтөрү тарабынан алардын жергиликтүү аэропорттогу базасына жеткирилген. Көптөр Арменияга учак менен эвакуция болобуз деп үмүттөнүшкөн, бирок учуу тилкесинде кала беришкен.

Map of Nagorno-Karabakh

Зарине уулдарынын сөөгүн көмүү үчүн Арменияга алып кеткиси келген, бирок Карабактан учуп чыккан учактар жарадарларды эвакуациялоо үчүн колдонулууда, ал эми жол менен кетүүгө кезек ондогон километрге созулуп жатат. Андыктан, ал үй-бүлөсү менен күтүүгө аргасыз.

Би-Би-Си кол салуунун чоо-жайын өз алдынча текшере алган жок.

Азербайжандын президентинин атайын өкүлү, элчи Элчин Амирбеков Би-Би-Сиге азербайжан армиясына "аскердик буталарды гана зыянсыздандыруу" буйругу берилгенин билдирди.

Ал мындай деди: "Биздин эч качан бир дагы жаранга зыян келтирүү ниетибиз болгон эмес. Кошумча зыян болуп жатканы чын. Биз жарандардын каза болгонуна өкүнөбүз". (DO)

Additional reporting by Kayleen Devlin