F-16 кыргын учактарынын Украинага берилиши абалды кантип өзгөртөт?

An F-16 fighter jet

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киев Россиянын чабуулунун мизин кайтарыш үчүн өзүнүн союздаштарынан эң заманбап согуштук учактарды берүүгө чакырууда

Украина орус баскынчылыгынын биринчи күндөрүнөн тарта чет элдик өнөктөштөрүнөн согуштук учактарды сурап келет. АКШнын Дания менен Нидерланддарга F-16 учактарынын айрымдарын Украинага тапшырууга уруксат берүүсү согуштун жүрүшүнө чечүүчү өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин өткөн аптада Европанын эки өлкөсүнө жасаган сапарынын жыйынтыгында Украина Нидерландардан 42 жана Даниядан 19 учак, жалпысынан 61 учак алуу боюнча макулдашууга жетишкенин айтты.

Ал күндү "укмуштуу жана жемиштүү күн болду" деп сыпаттаган украин президенти эки өлкөгө, ошондой эле Украинага колдоо көрсөтүүнү улантып жаткан АКШга терең ыраазычылык билдирди.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Мурда берилген "Леопард" танктары жана ага чейинки "Патриот" абадан коргонуу системалары сыяктуу эле АКШдан жасалган F-16 учактарын тапшыруу да узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы болду.

Орусиянын реакциясы

Батыш державалары, өзгөчө АКШ, Орусия менен түздөн-түз тирешүүгө алып келиши мүмкүн деген чочулоодон улам, бул учактарды берүүдөн карманып жатышкан.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко батыш өлкөлөрү Украинага учактарды жеткирсе, "чоң коркунучтарга" туш болорун эскерткен.

Дүйшөмбү күнү Орусиянын Даниядагы элчиси Владимир Барбин да даниялык маалымат агенттигине "Даниянын Украинага 19 F-16 учагын берүү чечимин кабыл алганы конфликттин курчушуна алып келет" деп билдирди.

F-16ларды жеткирүү графиги

Украина жана анын чет өлкөлөрдөгү колдоочулары бир нече айдан бери бул учактарды өткөрүп берүү өнөктүгүн жүргүзүп, абадан Орусияга үстөмдүк кылуу Украинанын аймагын кайтарып алууну тездетүүнүн бирден-бир жолу экенин айтып келишет.

Украин Аскердик Аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы Юрий Ихнат май айында: "Бизге F-16лар келсе согуштан жеңип чыгабыз",- деген. Муну Батыштагы көптөгөн адамдар ырастап, аскерий эксперттер аба күчтөрүнөн олуттуу колдоо болсо жеке курамдагы чоң жоготуулардын алдын алууга мүмкүн болмок деп белгилешти.

Ukrainian President Volodymyr Zelensky and Danish Prime Minister Mette Frederiksen sit in a F-16 fighter jet

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин президенти Владимир Зеленский менен Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен F-16 истребителинде отурушат, Скридструп авиабазасы, 20-август 2023-жыл.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен учактарды өткөрүп берүү боюнча пикири жана пландары менен бөлүштү: "Учактарды жеткирүүнүн максаты - Украинаны коргоо. Биз бул реактивдүү учактардын алтоосун жаңы жылга жакын, сегизин кийинки жылы жана андан кийин дагы бешти берүүнү пландап жатабыз".

Мындай чечим моралдык духту көтөргөнү менен, учактарды жеткирүү бир нече айга созулат, бул Украина аларды бир канча убакытка чейин колдоно албайт дегенди билдирет.

Даниянын учактардын акыркы бөлүгүн 2025-жылы жөнөтүү планы Украинанын европалык өнөктөштөрүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык ниеттерин көрсөтүп турат.

АКШдагы кийинки президенттик шайлоонун жыйынтыгын алдын ала айтуу мүмкүн эмес экенин эске алганда, мындай милдеттенме абдан маанилүү.

An F-16 fighter jet

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Реактивдүү кыргын учагы F-16

F-16 кандай учак?

F-16 дүйнөдөгү эң ишенимдүү согуштук учактардын бири катары саналат.

АКШнын Аскердик Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, ал көп функцияны аткара алат деп сыпатталып, так башкарылуучу ракеталар жана бомбалар менен куралданышы мүмкүн жана саатына 2,400 километр ылдамдыкта уча алат.

F-16нын бутага алуу жөндөмү Украинага аба ырайынын бардык шартында жана түнкүсүн дагы орус күчтөрүнө чоң тактык менен чабуул коюуга мүмкүндүк берет.

Украинанын ондогон согуштук учактары бар экени белгилүү, алар негизинен совет доорунан калган МиГдер.

Ал эми Орусия болсо кыйла бийиктикте учуп, башка учактарды алыстан байкай алган заманбап учактарды колдонот.

"Орус учагынын радары биздин истребителге караганда эки-үч эсе алысты көрө алат", - деди Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн командачылыгынын өкүлү Юрий Инхат Wall Street Journal гезитине. "Биздин учактар жөн эле сокур болуп, эч нерсени көрө албайт."

Киев өзүнүн асманын Орусиянын тынымсыз учуп, далай өлүмдөргө себеп болуп жаткан ракета менен дронд чабуулдарынан коргоо үчүн жана Украинанын түштүгүндө жана чыгышында азырынча чектелүү гана натыйжаларды берген контрчабуулдарын колдоо максатында заманбап согуш учактарына муктаж.

Учактарды жасаган америкалык аскерий өндүрүүчү Локхид Мартиндин айтымында, учурда 25 өлкөдө үч миң F-16 учагы колдонулууда.

Эмне үчүн Вашингтондун макулдугу керек?

F-16 учактары АКШда жасалгандыктан алардын экспорту жана андан аркы кыймылы АКШнын бийликтери менен макулдашылышы керек.

Америка Кошмо Штаттары НАТОнун эң күчтүү мүчөсү болгондуктан мында саясий компонент да бар. Украина боюнча саясаттагы мынчалык олуттуу өзгөрүүлөр АКШнын макулдугу жок ишке ашпайт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен даниялык жана голландиялык кесиптештерине учактарды өткөрүп берүүнү кубаттаган каттарды жөнөткөн. " Украинанын Орусиянын уланып жаткан агрессиясынан өз эгемендигин коргой алышы башкы маселе бойдон калууда", - деп жазган ал.

Украина үчүн эң маанилүүсү, бул макулдук берүү Киевге АКШдан тышкары да башка өлкөлөрдөн согуштук учактарды алууга жол ачат.

Дания жана Нидерланддар менен F-16 келишимин бекитүүдөн мурун Владимир Зеленский Швецияга барып, украиналык учкучтарды шведдик Jas 39 Gripen учактарына үйрөтүү башталганын жарыялады, бул келечекте дагы реактивдик учактар алынышы мүмкүн экенинен кабар берет.

Оболу машыгуу

F-16 учактарында учууга, башкарууга жана тейлөөгө үйрөтүү абдан маанилүү. Данияда украиналык аскердик учкучтардын тандалма тобу үчүн Батыш өлкөлөрүнүн коалициясы тарабынан уюштурулган кеңири окуу программасы башталды.

Даниянын коргоо министринин милдетин аткаруучу Троэлс Поулсен бул тренингдин жыйынтыгын 2024-жылдын башында көрсө болот деп үмүттөнөт.

Техникалык персонал да окутулушу керек, ошол эле учурда реактивдүү учактарды тейлөөнүн кеңири системалары иштелип чыгып, ишке киргизилиши керек.

Ukraine Air Force Commander, Lt Gen Mykola Oleshchuk, speaking on national TV

Сүрөттүн булагы, Ukrainian National TV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын аскер аба күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Николай Олещук украин улуттук телекөрсөтүүсүнө F-16 учактары жакшы корголорун билдирди

Украин Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы, генерал-лейтенант Николай Олещук улуттук телеканал аркылуу Украинанын учактарды коргоого жетиштүү мүмкүнчүлүгү бар деп ишендирип, аларга "Орусиянын аңчылык кылуусу кыйын" деп билдирди.

F-16 учактарын учуруу боюнча машыгуудан өтүп жаткан Муунфиш деген каймана аттуу украиналык учкуч аскердик тажрыйба жана англис тилин жогорку деңгээлде билүү тандоо процессинде негизги фактор болгонун телеканалга айтты.

Анын айтымында, учурда окутулуп жаткандар учкучтар жана техникалык кызматкерлер англис тилин жакшы билишет.

Учкуч жаңы учактардын канчалык өнүккөнүнө суктанганын билдирди. "F-16, биз учуп жаткан учактарга салыштырганда, кнопкалуу эски телефондун жанындагы смартфонго окшош.

Карталар боюнча модернизация

Украиналык учкучтар үчүн узак мөөнөттүү окуу программасы жакында Даниядан Румынияга көчүшү мүмкүн. Румыния Норвегиядан 418 миллион доллардык келишим түзүп, колдонулган отуз эки F-16 учагын сатып алган. Бул өлкө ошондой эле Португалиядан он жети даана учак сатып алды.

Бухарестте эскилиги жеткен советтик МиГ-21 истребителдерин алмаштыруу менен аба күчтөрүн модернизациялоо процесси жүрүүдө.

Нидерланддар менен Даниянын аба күчтөрүн жаңылоо да жүрүп жатат. Алар Украинага "эски" учактарын тартуулап, өздөрү мындан дагы өнүккөн учактарды сатып алууну көздөшүүдө. (DO)