Халал саякат: “Мен мейманкалардан жарым-жылаңач адамдарды көргүм келбейт”

Zahra Rose in a swimming pool

Сүрөттүн булагы, Zahra Rose

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Food and privacy are essential to an Islamic holiday package
    • Author, Эмб Хашми
    • Role, BBC World Service

"Мага күндө жаткан аябай жагат, мен күндөн витамин Д алганды жана жылы бою күнгө күйгөндү жакшы көрөм. Андыктан мен өзүнчө обочо жайда эс алганды жактырам," - дейт Захра Роуз.

Британиялык инфлюенсер жакшылап күнгө күйүп алгысы келет, бирок ошол эле кезде ал өзүнүн мусулмандык ишениминен кайткысы келбейт.

Ал отуздан ашык өлкөгө "халал саякатка" барып келген.

"Халал" араб тилинен которгондо ислам динин тутунгандарга уруксат берилген нерсени билдирет. Халал эс алуу - мусулмандардын диний иш-аракеттерин жана ишенимдерин бузбастан бара ала турган жерлер.

Обочолонуу

Ислам дини дүйнө жүзүндө динчилдердин саны боюнча христианчылыктан кийин экинчи орунда турат. Көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө орто класс өсүп жатат.

Батыш Европада жана Түндүк Америкада экинчи жана үчүнчү муундагы мусулмандардын ата-энелерине караганда эс алууга сарптай турган кирешеси көйбөйдү.

A food plate containing beef and corn

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мусулман эмес өлкөлөрдө халал тамак табуу кыйын

Бул өсүп жаткан тармак.

Захра Роуз Би-Би-Синин World Service Business Daily программасына: "Мен үчүн кадимки эс алуу менен адал эс алуунун негизги айырмасы - бул менин ээн-эркин болуп, обочолоно алганымда", - деди Захра Роуз.

Мусулман саякатчыларын баарынан мурда тамак-аш бириктирип турат. Анткени исламда чочконун эти менен спирт ичимдиктерин колдонууга тыюу салынган.

Hacer Sucuoglu Adiguzel taking a dip in sea

Сүрөттүн булагы, Hacer Sucuoglu Adiguzel

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хасер Түркияда халал эс алууга шарттар көп экенин, бирок ал чет өлкөлөргө баргысы келерин айтууда

36 жаштагы үч баланын энеси Хасер Сучуоглу Адигузел Стамбулда жашайт.

Адигузел үчүн Түркиянын ичинде халал эс алуу жайларын табуу көйгөй эмес. Бирок ал үй-бүлөсү менен башка мусулман эмес өлкөлөргө барганда көп изилдеп, пландаганга туура келет.

"Жакында биз Македония менен Косового бардык. Эртең мененки тамакты мейманканабызда ичип, түшкү тамактанууга алкоголдук ичимдик бербеген салттуу жайларга бардык."

Ал беш убак намаз окуйт жана исламдын баалуулуктарын карманууга өзгөчө көңүл бурат.

"Халал мейманканаларда жайнамаздарды беришет. Эгерде биз кадимки мейманканаларга жайгаша турган болсок, мен өзүм менен жайнамазды алып жүрөм", - дейт ал.

"Мен мейманканаларда жарым жылаңач адамдарды көргүм келбейт. Балдарыбыздын биздин динди жана маданиятты карманган адамдар менен бирге болушун каалайбыз. Аларды адамдар жылаңач болуп күнгө күйгөн пляждарга алып баргыбыз келбейт".

Хасер аялдарды онлайн ишкердикке жана социалдык тармактарга үйрөтөт. Анын айтымында, туризм индустриясы халал эс алуунун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана элек.

Чоң рынок

Глобалдык мусулмандардын саякат индексине ылайык, 2022-жылы халал саякат 220 миллиард долларды түзгөн.

Hacer Sucuoglu Adiguzel with her three kids

Сүрөттүн булагы, Hacer Sucuoglu Adiguzel

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хаджер анын балдары эс алуу учурунда дагы исламдык наркты тутунган адамдарды көрүшүн каалайт

Кээ бир компаниялар халал туризмине адистешкен болсо, башкалары аны вариант катары кошуп жатышат.

Тропикалык аралдардагы Мальдив мамлекети батыштын кардарларына багытталган эксклюзивдүү мейманканалары менен белгилүү, бирок азыр дүйнөнүн булуң-бурчунан халал туристтердин көбөйгөнүн да көрүп жатат.

Аралдын туризм министри доктор Абдулла Маусум: "Малдив аралдары мусулман өлкөсү жана бизде мусулмандарга багытталган туризм да бар. Ал эми бул сектор абдан тез өнүгүп жатат," - дейт.

Доктор Маусумдун айтымында, мейманканадагы орундардын төрттөн бири азыр "жамаатка негизделген" же жергиликтүү туризм үчүн атайын даярдалган.

A group of women swimming in Maldives

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Малдивдер көбүрөөк мусулмандарды кабыл алуу үчүн жаңы чараларды көрүүдө

Мыйзам боюнча бардык мейманканаларда кызматкерлер намаз окуй турган намазкана болушу керек. Доктор Маусумдун айтымында, ал жерде намаз окуган туристтердин да саны өсүүдө.

"Көптөгөн пансионаттар бөлмөлөрүнүн бөлүнүшү, дизайны, ошондой эле ашканасы жагынан мусулмандарга ыңгайлуу шарттарды түзүшкөн,"- дейт ал.

Туризм өлкөнүн экономикалык өндүрүшүнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Өзгөрүүлөр

Көпчүлүк мусулман өлкөлөрү 2023-жылдагы дүйнөлүк мусулмандардын саякат индексинде алдыңкы орунда турушат. Биринчи орунду Индонезия менен Малайзия ээледи.

Тизмеге эки гана мусулман эмес өлкө кирген - Сингапур 11-орунда, Улуу Британия 20-орунда.

Landmark Hotel, London

Сүрөттүн булагы, Magdy Rustum

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондогу кээ бир отелдер мусулман майрамдарын тейлөө үчүн тейлөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизишти

Лондондогу беш жылдыздуу Landmark мейманканасы 1899-жылы ачылып, азыр халал эт сунуштайт. Ошондой эле мейманкана кызматкерлери Жакынкы Чыгыштын динин жана маданиятын түшүнүү боюнча окуу курстарынан өтүшкөн.

"Бизде алкоголдук ичимдиктер менен катар алкоголсуз суусундуктар да сатылат. Барга келип алкоголсуз коктейл ичсеңиз да болот, ал абдан популярдуу", - дейт Жакынкы Чыгыш боюнча директор Магди Рустам.

"Биздин эшигибиз экөө, мейманкананын түндүгүндө өзүнчө кирчү эшигибиз бар."

"Биздин Жакынкы Чыгыштагы үй-бүлөлөрдүн көбү, өзгөчө айымдар, элге көрүнгөндү жактырышпайт, ошондуктан алар түндүк эшиктен киришет".

"Ошондой эле атайын лифт бар, ал лифт түз эле бөлмөлөрүнө алып барат, андыктан аларды эч ким көрбөйт."

Zahra Rose

Сүрөттүн булагы, Zahra Rose

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Захра халал саякат убагында үчүн отуздан ашык өлкөнү кыдырды

Мейманкананын чоң залы үйлөнүү үлпөттөрү үчүн колдонулат жана аны ислам салтына ылайык эркек жана аял коноктор үчүн экиге бөлүүгө болот.

Бирок бул өзгөрүүлөрдүн баары кошумча чыгымды талап кылат - муну инфлюенсер Захра Роуз да моюндайт.

"Мен халал эс алуу кадимки эс алууга караганда кымбатыраак экенин билем," - дейт ал.

"Адамдар аралаш түшкөн бассейндери бар же жеке бассейни менен обочолонгон балкону жок эс алуу жайын заказ кылуу абдан оңой."

"Ооба, андыктан мен бааларында айырма бар деп айтаар элем." (DO)