Испаниянын “тайманбас” командасы дүйнөнү багындырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Нил Джонстон
- Role, Би-Би-Си спорт кабарчысы
Даңазалуу жеңишке жеткенден кийин да Хорхе Вилданы жактырбаган кыйкырыктар угулуп жатты.
Анын оюнчулары Англияны биринчи жолу Дүйнө чемпиондугунда 1:0 эсебинде жеңип чыгып, майрамдап жаткан, ошол кезде Австралиядагы стадиондо Испаниянын ханышасы Летиция команданын тренерин куттуктоо үчүн чоң экранда пайда болгондо, чогулгандар жактырбаган үндөр менен коштоп турушту.
Бир нече убакыт мурун рефери Испанияны дүйнө чемпиону деп ырастап, беттешти токтоткондо, Вилда асманды карап, колдорун көтөрүп, кубанычтан кыйкырып жаткан болчу.
Бул турнирдин ар бир баскычында Вилданы талаш-тартыштар эрчип, жеңишке жеткенде да алардан кутула алган жок.
Бул аялдар арасындагы Дүйнө чемпионатынын тарыхындагы эң көрүнүктүү жеңиштердин бири болуп калат, Испания командасы баш аламандыктын фонунда, бир катар оюнчулар Вильдага нааразы болгон кезде турнирге кирди. Вилда оюнчулардын көтөрүлүш кылганына карабай ордун сактап калды.
Испаниянын футбол федерациясы (RFEF) билдирүү таратты, анда 15 оюнчу, эгер алардын "эмоционалдык абалы" жана "ден соолугуна" байланыштуу "олуттуу" тынчсыздануулар каралбаса, Вильданын кол алдында ойнобой тургандыктарын билдирген электрондук каттарды тапшырышкан.
"Лас 15" деп таанылып калган оюнчулар 42 жаштагы Вильданын кызматтан алынышын суранышкан деген дооматтарды четке кагышты, бирок машыгуу ыкмалары жана оюндун жетишсиз даярдыгы боюнча тынчсыздануулардан улам чыңалуу пайда болду.
Бирок Австралияда жана Жаңы Зеландияда анын оюнчулары үчүнчү Дүйнөлүк Чемпионатта дүйнөнү таасирдүү стилде багындыруу үчүн пикир келишпестиктерин четке кагып, Испаниянын расмий Твиттер аккаунтуна: 'VILDA IN' (Вилда биз менен) деп пост чыгарышкан.
"Кыздар түбөлүккө белгилүү болушту, алар көкүрөктөрүнө түбөлүккө жылдыз тагынды," - деп билдирди Вилда. "(Команданы башкаруу) абдан оңой болду"
"Биз үй-бүлөбүз, оюнчулар бир үй-бүлө болуп дүйнө чемпионатын жеңдик."

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Жөн гана күлкүлүү"
Испания командасын акыры майрамдай баштаганга чейин күтүүгө мажбур кылышты. 90 - мүнөттүн аягында 13 мүнөттүк тыныгуу берилгенден кийин, рефери финалга 105-мүнөттө гана чекит койду.
Испаниянын кээ бир оюнчулары канчалык чоң ийгиликке жете алгандыгына өздөрү ишене албай жатышты. Башкалары көзүнө жаш алды.
Оюнчулардын козголоңунан улам Испания турнирге эң мыкты таланттарын, анын ичинде Мапи Леон, Патри Гижарро жана Сандра Панос сыяктуу Барселонанын триумфалдык Чемпиондор Лигасынын бир нече мүчөлөрүн жоготту.
Тандалган 15тин үчөөсү нааразылык көрсөткөндөн кийин улуттук курамдан четтетилип кайра чакыртылып алынган, анын ичинде жарым коргоочу Айтана Бонмати жана коргоочу Она Батле, экөө тең Австралия менен Жаңы Зеландияда жети оюндун баарына катышышкан.
Испания акыркы тайпалык оюнда Японияга 4:0 эсебинде утулуп калганда, жеңиш аларга кол жеткистей көрүндү.
Ошондо, 31-июлда Веллингтондо утулуп калгандан кийин Вилда: "Эч ким үмүтүн үзбөшү керек" деди.
"Биз буга чейин Испаниянын мынчалык мыкты командасын көрө элек болчубуз. Жеңилүүдөн жүрөгүбүз ооруп турат, оюнчулар ачууланып жатышат, бирок алар өзунө келет деп ишенип турам".
Командасы Дүйнө чемпионатын жеңгенден кийин Вилда Япониянын жеңилүүсүн "бурулуш учур" деп сыпаттады жана ал мындай деп кошумчалады: "Бул бизди аракет кылууга түрттү, команда өзгөрдү жана оюнчулар өз салымдарын көбөйтүштү. Психикалык жактан алар бир топ күчтүүрөөк болушту."
"Бул себептер финалга жетүүгө жана финалдан жеңип чыгууга жардам берди деп ишенем."
Чынында эле, Испания ал жеңилүүдөн кийин өзүнө келип, Швейцария, Нидерланды жана Швецияны жеңип, финалга чыкты.
Европа чемпиону Англияга каршы Ла Роха (Испан аялдар командасы) тактикалык мастер-класс көрсөттү. Капитан Ольга Кармонанын киргизген голунан кийин да алар топко узак ээлик кылып, дарбазага чабуулун улантып жатышты.
Англиянын мурдагы чабуулчусу Эллен Уайт Би-Би-Сиге берген маегинде: "Мен ошол оюнчулрга сый-урматымды билдирем" деди. "Дүйнөлүк чемпионатты жеңүү - бул укмуштуудай чоң ийгилик."
"Мындай оюн абдан чоң эрдикти, акылды, каалоону, талыкпаган эмгекти, биримдикти талап кылат. Испан командасынын бүгүнкү оюну эң сонун болду."
"Алардын топту жылдырганы жөн гана күлкүлүү болду."
"Кереметтүү прогресс"
23 оюнчудан турган команданын он жетиси Дүйнөлүк Чемпионатка биринчи жолу чыгышкан эле, алардын ичинде дарбазачы Ката Колл жана 19 жаштагы чабуулчу Сальма Параллуэло да бар.
Артынан ээрчиген талаш-тартыштарга карабастан, Вилда тайманбастык менен чечимдерди кабыл алуудан корккон эмес.
Япониядан жеңилгенден кийин, ал Коллга дебют жасоого шарт түздү, ал эми Параллуэло запастан чыгып, матчтарда катары менен гол киргизди. Ошентип, Испания Англияны татыктуу жеңип чыкканга чейин, плей-офф баскычтарында укмуштуудай оюн көрсөтүп жатты.
Испаниянын оюнчулары команда ичинде ызы-чуу болгонуна карабай талаада ойноп жатышты.
Жарым финалда Швецияны жеңгенге чейин, көптөн бери ойноп жаткан чабуулчу Женни Эрмосо 2012-жылы эл аралык дебют жасагандан берки аялдардын оюнундагы жетишкендиктерин эмоционалдуу түрдө айтып берди. Ал кезде Эрмосо эки жүз-үч жүз адамдын гана алдында ойночу.
Жекшемби күнү ал Сиднейде жетимиш беш миң кишинин алдында Дүйнө чемпионатын жеңгенин белгиледи.
Испания азыр 17 жашка жана 20 жашка чейинки кыздар арасындагы дүйнөлүк чемпион наамына ээ.
"Ипаниянын командасы, испан калкы акыркы эки жылда аялдар футболунда укмуштуудай ийгиликтерге жетише алышты", - деп кошумчалады Уайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Буларды эч ким токтото албайт"
2015-жылдан бери тренер болуп келе жаткан Вилдага Испаниянын Дүйнө чемпиондугун жеңгенден кийин башка жумушка орношобу же жокпу деген суроо берилди.
Анын улуттук курама менен тузүлгөн келишими 2024-жылы аяктайт.
"Азыр биз майрамдаганы жатабыз. Биз жакындарыбызды көрүү үчүн Испанияга кайтып барабыз, анан ошол жактан көрөбүз." - деди Вилда.
Ошол эле учурда, Кармона өзүнүн "жеңилгис" командасын да куттуктады.
"Акыркы 12 айдын ичинде биз көп азап тарттык. Бул бизди күчтүү команда кылды", - деди ал. "Биз бул тапшырманы эптей алабыз деп ойлогонбуз; бизди токтотуу мүмкүн эмес эле".












