Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони дүйнөдөн кайтты

Берлускони в 2022 году

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони 87 жашында дүйнөдөн кайтканын Италиянын ЖМКлары кабарлашты.

ЖМКлардын билдирүүсүнө караганда, Берлускони Миландын "Сан-Раффаэле" ооруканасында үзүлдү.

Апрелде саясатчы өнөкөт лейкемия оорусуна байланыштуу өпкөсүнөн кагынып ооруканага жаткан.

2020-жылы Берлускони Сардинияда эс алууда жүргөндө коронавирусту жугузуп алып, пневмония болуп он бир күн ооруканада жаткан. Ошол убакытты ал "жашоосундагы эң оор сыноо" деп атаган.

Сильвио Берлускони - медиамагнат, Италиянын эң бай адамдарынын бири жана Италиянын саясатындагы эң узак жашаган, премьер-министр кызматында баарынан көп иштеген саясатчы.

Берлусконинин саясий жана бизнес карьерасында ар кандай жаңжалдар көп болду, кай бирде анын айткандары курч сынга кабылды. Италиянын ЖМКлары жазгандай, бул саясатчынын карама-каршылыктуу фигурасы италиялыктардын бир даарын сыймыктандырса, башкалары аны жек көрөт.

Берлускони Италияда биринчи жолу 1994-жылы, "Италия алга" партиясын негиздегенден эки айдан кийин эле өкмөт башчы болгон. Азыр анын партиясы башкаруучу коалицияга кирет, ал эми Берлускони өзү өткөн жылдын сентябрь айынан бери Сенатта отуруп келаткан. (КС)