Путинге жардам берген банкирлер соттолду

Russian President Vladimir Putin (L) gives an order to businessman and cellist Sergei Roldugin (R) during the state awarding ceremony at the Kremlin in Moscow, Russia, on September 22, 2016

Сүрөттүн булагы, Mikhail Svetlov/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиянын лидери аны убагында Александр Невский ордени менен сыйлаган
    • Author, Имоджен Фоулкс, Женева & Роберт Пламмер, Лондон
    • Role, BBC News

Владимир Путиндин досуна Швейцариянын банкына чоң суммадагы акчаларды салууга жардам берген төрт банкир жетиштүү текшербегендиги үчүн күнөөлүү деп табылды.

Газпромбанктын Цюрихтеги бөлүмүнүн мурдагы жетекчилери "Путиндин капчыгы" деген атка конгон музыкант Сергей Ролдугинге жардам бергени үчүн жети айга шарттуу түрдө өкүм кылынды.

Ролдугин 2014-2016-жылдары 30 миллион доллар (24 миллион фунт-стерлинг) акча салганы айтылууда. Ал мынча акча кайдан келгенин түзүктөп түшүндүргөн эмес.

Швейцариянын мыйзамдарына ылайык, банктар эгерде эсептин ээси же акчанын булагы жөнүндө шектүү ойдо болсо, акча салдырбай, эсепти жаап салууга милдеттүү.

Виолончелист Ролдугин Путиндин бала чагынан берки досу жана анын тун кызынын өкүл атасы катары белгилүү. "От первого лица" деп аталган китепте анын президент менен тааныштыгы жана жакын достугу жазылган. Россиянын лидери аны убагында Александр Невский ордени менен сыйлаган.

Соттолгон банкирлердин үчөө - россиялыктар, бирөө - швейцариялык. Швейцариянын маалымат берүүдөгү чектөөлөр боюнча мыйзамдарына ылайык, алардын аты-жөнү ачыкталбайт. Алар өз кезегинде соттун чечимин талашып апелляциялык арыз берген жатышат.

Орус музыканты миллиондорду алып жетип келгенде төрт банкир анын кайдан алынганы жөнүндө шектүү ойдо болгонун далилдей алышпады. Соттун чечиминде алар шектенүүгө тийиш болсо да эч кандай чара көрүшпөгөндүгү айтылат.

Сот бүт өлкөдөгү банкирлерге мыйзамдын талаптары тийиштүү деңгээлде аткарылышы керектигин эскертти.

2014-жылы музыкант New York Times гезитине өзүнүн эч кандай миллионер эмес экенин билдирген.

Цюрихтеги судья Ролдугин банкка салынган акчанын чыныгы ээси эмес экенине эч кандай күмөн жок деп билдирди.

Анын айтымында, банк эсебин ачып жаткан төрт банкир Ролдугиндин мынча көп акча тапкан бизнеси болбосо, анда анын каяктан келгенин сураш керек эле.

Банкирлер Ролдугиндин ачык кирешеси жок туруп, акча кайдан пайда болгонун тактабастан эсепти ачып, Швейцариянын тийиштүү экспертиза мыйзамдарын бузганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Аларга чыккан өкүм жумшак болсо да, бул иш чоң мааниге ээ. Миллиондор Ролдугинге таандык эмес болсо, анда кимдики?

Азыркы тапта Батыштын санкцияларына кабылган орус президентинин эбегейсиз байлыгы бар деген имиштер бар. Анын бир бөлүгү чет өлкөдө ишке салынган.

Швейцарияда мурда диктаторлор, мафиялык босстор жана баңгибарондор каалаган суммада акчасын банкка катып коюп жүргөн учурлар болгон. Соттун өкүмү андай эркиндиктин өткөн чак экенин көрсөтөт.

Sergei Roldugin
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сергей Ролдугин Путиндин тун кызынын өкүл атасы

Путиндин шектүү иштери жөнүндө документтер

Россиянын президенти менен Ролдугин мырзанын байланышы 2016-жылы "Панама документтери" деп дүң болуп, панамалык Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын миллиондогон акча операциялары ачыкка чыкканда белгилүү болгон.

Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму, анын ичинде BBC Panorama көп маалыматты таап чыккан. «Россия» коммерциялык банкы акчаларды адалдоо боюнча кыңыр иштерге пайдаланылып, ага орус президенти Владимир Путиндин жакын тааныштары катышкан болушу мүмкүн экендиги белгиленген.

ICIJ колуна тийген Mossack Fonseca панамалык юридикалык компаниянын материалдарына карап, ар кайсы өлкөлөрдүн 72 мурдакы жана азыркы башчыларынын аты, ошондой эле көптөгөн белгилүү компаниялар менен адамдардын аты бар экенин билдирген.

Документте Россияга тигил же бул жагынан тиешеси бар төрт компания аталган - Sonnette Overseas, International Media Overseas, Sunbarn жана Sandalwood Continental.

Бул компаниялардын баары офшордо катталган жана «Россия» банкы жана Россия президентинин жакын тааныштары менен байланышта деп айтылууда.

Бул компаниялардын баарын эксперттер карап чыгып, шектүү иштерге катышкан деген бүтүмгө келишкен.

Путиндун досу

2009-жылы тартылган сүрөттө Владимир Путиндун артында солдо Санкт-Петербург музыка үйүнүн азыркы көркөм жетекчиси Сергей Ролдугин.

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2009-жылы тартылган сүрөттө Владимир Путиндун артында солдо Санкт-Петербург музыка үйүнүн азыркы көркөм жетекчиси Сергей Ролдугин.

Акчаларды адалдоо менен байланыштуу иштер боюнча белгилүү британдык эксперт, королдук адвокат Эндрю Митчелл Би-Би-Синин «Панорама» программасындагы маегинде ICIJ тапкан документтерде жасалмалуулуктун белгилерин көргөнүн билдирген. Ал бул жерден кадыресе коммерциялык логиканы тапкан эмес.

Документтердин бирине караганда, Sandalwood Continental компаниясы бир долларга кандайдыр бир активдерди сатып алып, аны үч айдан кийин 133 миллион долларга саткан.

Sandalwood ошондой эле Россия мамлекетине таандык банктан 800 млн доллар ссуда алган. Документтерге караганда аталган компания ссудаларды төлөп бере алары жөнүндө боюнча эч кандай кепилдик берген эмес.

Финансы кылмыштары жана коопсуздук борборунан Том Китинг "Панорамага" бул транзакцияларда акчаны адалдоонун белгилери бар деп билдирди.

Документтерге караганда, International Media Overseas жана Sonnette Overseas расмий түрдө виолончелист Сергей Ролдугинге таандык.

ICIJ жарыялаган документтерге ылайык, эксперттер шектүү деп жаткан иштерден Ролдугиндин компаниясы бир нече миллион доллар киреше тапкан. Ошого карабастан, бул музыкант ээлик кылган компаниялардын биринин документтеринде анын акыркы ээсинин «ким экенин жана конфиденциалдуулугун» коргоо үчүн түзүлгөнү айтылат.

Виолончелист кабарчыларга өзүнүн ишкер эместигин айтып келген. Бирок офшордогу иштерге катышып калганы анын компаниясын кимдир бирөө өзүнүн иштерин бүткөрүш үчүн пайдаланган деген шек туудурууда. (КС)