Путин Россия стратегиялык чабуул коюучу куралдар жөнүндө келишимди токтотуп турарын билдирди

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Россия стратегиялык чабуул коюучу куралдары жөнүндө келишимди токтотуп турарын президент Путин Федералдык жыйынга жылдык кайрылуусунда билдирди. Ал ошондой эле Коргоо министрлиги менен Росатомго өзөктү куралдарды сыноого даярдоону тапшырды.

Путин НАТО Россиядан стратегиялык чабуул коюучу куралдар жөнүндө келишимге кайтып келүүнү талап кылып, россиялык объектилерге батыш эксперттерин киргизиш керек деп жатканы азыркы шартта "абсурд театры" деп түшүндүрдү.

"Алар биздин коргонуу объектилерибизди карап чыккысы келет экен. Бул акылдан адашкандык, - деди Путин. - Бизге толук кандуу инспекция жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк бербей келатышат. Биздин өтүнүчтөр жоопсуз калууда же формалдуу шылтоо таап четке кагышууда. Биз ал тарапта эч нерсени текшере албайбыз".

Мындай шартта, деди Путин, Россия стратегиялык чабуул коюучу куралдар жөнүндө келишимге катышууну токтото турууга аргасыз.

"Келишимден чыгуу эмес, жок, токтото турабыз", - деп баса белгиледи.

стратегиялык чабуул коюучу куралдар

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER ZEMLIANICHENKO/AP/TASS

Эми Коргоо министрлиги менен Росатом россиялык өзөктүк куралдарды сыноого даярдоону камсыз кылышы керек. Путин ошол эле убакта "биз биринчи болуп баштабайбыз" деп убада берди.

"Бирок эгер АКШ сынаса, биз да сынайбыз", - деп опурулду орус президенти.

Эки саатка созулган бул билдирүүнү Путин "Чындык биз тарапта" деген сөздөр менен аяктады.

Путиндин парламентке кайрылуусу Россинын Украинага кол салышынын бир жылдыгына үч күн калганда болуп жатат. (КС)