“Бул тозок”. Афган аялдарынын азап-тозогун көркөм чагылдырган сүрөтчү айым

The burnt body of a woman who holds her breasts with her face vered by a traditional Afghan veil

Сүрөттүн булагы, Shajia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Афган аялдарын азапка салган зордук-зомбулук менен теңсиздикти графикалык чагылдыруу
    • Author, Мажуба Новрузи
    • Role, Би-Би-Си афган кызматы

Афгандык сүрөтчү айым өзүнүн картиналарын талибдерден жашырып, сактап калуу аракетин көрүүдө.

«Мен кээ бир картиналарымды рамадан алып чыгып, рамаларын ыргытып, картиналарды катып салдым".

Шаджиа Талибандын өкмөттүк чиновниктери үйлөрдү кыдырып тинтүүгө алып жатканын уккан.

Кээ бир адамдар коркконунан үйүндөгү картиналар менен скульптураларды, музыкалык аспаптарды, керек болсо китептерге чейин ыргытып жок кылууда.

Бирок Шаджиа гүл менен табият тартылган эки картинасын дубалдан алган жок.

Талибдер бул картиналарга тийбейт деп ойлогон, бирок жаңылыптыр. Талибдер аны да алып кетишти.

Бул сүрөтчү айым Афганистандан кеткен жок, ошондуктан анын жашаган жерин биз коопсуздук чараларынан улам ачык айтпайбыз.

Шаджианын картиналары графика жанрында тартылып, афган аялдарынын жашоосун деталдуу көрсөтө алат.

Талибдер исламдын эрежелерин абдан катуу кармангандыктан, адамдын жүзүн тартууга болбойт, ошондуктан Шажиа өзүнүн искусство өнөрүн жашырганга аргасыз болууда.

Men covering the mouth and face of a woman with their hands

Сүрөттүн булагы, Shajia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Shajia is depicting the violence of men in silencing women

BBC News бул жөнүндө суроо бергенде, Кабулдун администрациясы икусство эмгектеринин чиновниктер алып кетишкенин моюнга алган жок.

"Бир нече ай мурун Герат провинциясында ушундай окуя тууралуу бир кабар келген",-дейт Адеп-ахлак министрлигинин өкүлү Мохамад Садик Акиф.

«Аллага даңк, биз афгандар 99% мусулманбыз. Биз адамдарга исламдын окуусун көрсөттүк, ошондуктан алар өздөрү чечти".

Талибдер музыкалык мектептерди жапты, бардык радио-теле каналдарга ырларды, мюзиклдарды же комедияларды диний поэзия же талибдердин саясатын колдогон кабарлар менен алмаштырууга буйрук беришти.

Алар "батыш" искусствосу арам жана коррупцияга алпара турган жол деп санашат. Бирок Адеп-ахлак министрлигинин өкүлү аларда 8-март эл аралык аялдар күнүндө аялдардын көркөм жана кол өнөрчүлүгүн майрамдай тургандыгын айтып, бир аз сабырдуу жооп берип жатты.

Шаджиа афган аялдарынын талибдер өкмөтүнүн учурундагы абалын "тозок" деп атады.

"Искусство - бул эмгектин сүйүүсү, ал сүрөтүнүн аң-сезиминде жана жүрөгүндө жаралат, формага ээ болот",-дейт ал.

"Мындай кооз сулуулукка бул өкмөттүн убагында бул өлкөдө орун жок".

Women with their faces covered with their hands holding in their screams

Сүрөттүн булагы, Shajia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согуштун эң биринчи курмандыгы болгон аялдардын ичке толуп буулуктурган арманы

Афгандык сүрөтчүлөр качан болбосун элдин жашоосунда үстөмдүк кылып, тумчуктурган патриархалдык салттарга каршы чыгып келишкен. Бирок Шаджианын эмгектери аябай эле курч жана көңүл чөгөрөт.

Жыйырма жылдай ичинде ал Афганистандын гүлдөгөн көркөм ой наркынын бир бөлүгү болуп келди, бул көркөм дүйнө 2021-жылы августта талибдер келгенде заматта токтоду.

Шаджиа Кабулдагы айымдардын искусство борборунда окуп, сүрөт тартып үйрөнүп, башка жаш сүрөтчүлөр менен карым-катышта болду. Азыр аялдардын бардык клубдары жабылган.

"Цензура болуп баарына тыюу салынып турганда сүрөтчүнүн көркөм ой чабыты өлөт, бул мен үчүн жана башка айым сүрөтчүлөр үчүн кырсык",-дейт ал.

Афган аялдарына азыр билим алууга жана көп жерлерде иштөөгө тыюу салынган, аларга коомдук жайларда үнүн чыгарууга жана үйүнөн эркектердин коштоосу жок чыгууга болбойт.

Курчуган экономикалык кризис шартында Шаджиа боек жана кыл калем алганга мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан ал өзүнүн көркөм эргүүсүн жашыруун түшүрүүдө.

A newborn baby lying on the scared body of a woman

Сүрөттүн булагы, Shajia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул узун караңгы туннелдин аягындагы бүлбүлдөгөн үмүттүн жарыгы

Азыр ал өзүнчө чоң максатка бел байлап турган учуру - аялдардын көйгөйүн көңүл чордонунда кармоо керек дейт.

«Сүрөтчүнүн милдети - коомдогу көйгөйдү, теңсиздикти жана адам укуктарынын тепселишин түшүнүү жана жеткиликтүү кылып айтып берүү», — дейт ал.

«Мен афган аялдарынын башынан өтүп жаткан азап-тозокту көрсөтүшүм керек".

«Биз мындай басмырлоодон тажап бүттүк".

Мындай кыйын шартта аны үй-бүлөсү менен күйөөсү колдоп турганы жакшы болду, болбосо бул афган коомунда сейрек көрүнүш.

"Менин атам, апам, эжелерим жана байкем мени дайыма колдоп сүрөп келишкен, эми күйөөм дагы мага чоң коргоочу болуп жатат",-дейт Шаджиа.

Талибандын өкмөтү искусствого каалагандай тыюу салып кое алат, бирок Шаджиа алар аялдардын каршылыгын документтештиргенге эч качан тоскоол боло албайт деп эсептейт.

Ал талибдердин билдирүүлөрүнө да ишенбейт.

«Эгер мен паранжыдагы аял менен Куранды тартсам, менин эмгектеримди алар көрсөтө коймок беле".

«Мен чыныгы эркиндик үчүн өзүмдүн картиналарым аркылуу күрөшүүнү улантам".(КС)