Arab News Иса пайгамбардын туулган күнүнө арнап атайын сан чыгарды

Сүрөттүн булагы, Arab news
Сауд Аравиясындагы англис тилдүү газета биринчи жолу Иса пайгамбардын туулган күнүнө арнап атайын сан чыгарды.
Arab News басылмасынын биринчи бетиндеги макала «Рождество бакыт-таалай алып келсин» деп аталып, Сауд Аравиясынын баш калаасы Эр-Рияддын асманында чана тартып бараткан бугулардын сүрөтү менен чыкты.
Биринчи беттеги макалада: "Саудилер Рождествонун духун мурда эч качан болуп көрбөгөндөй сезүүдө» деп айтылат.
Бул сөздун чындыгы бар. Анткени, соңку жылдары исламдан башка диндерди коомго алып чыгууга ачык айтылбаган тыюулар азайып калды. Королдукта мурда кийин айыпталып келген Хеллоуин же Ыйык Валентин күнү азыр майрамдалып калды.
Бул соңку жылдардагы социалдык жана маданий өзгөрүүлөрдүн натыйжасы экенинде шек жок. Бирок бул саясий талкуулар же пикирлер менен коштолгон жок. Активисттер мындай маселелерде мамлекеттик репрессия мурдагыдай эле күчүндө экенин айтууда. (КС)



