Дүйнө чемпионаты 2022: ФИФАнын пиво үчүн болгон күрөшүнүн тарыхы

Fans at the Qatar World Cup with glasses of beer

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пиво бренддери дүйнөлүк чемпионаттардын ири спонсорлору болуп келатат

Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында пиво сатууга тыюу салынды. ФИФА пивонун стадиондо сатылышы үчүн чемпионатты уюштурган өлкөлөр менен далай жолу күрөшүп келатат. Аны өз кезегинде колониализмге айыпташып, күйөрмандардын коопсуздугу эмес. акчаны артык көрөт деп тилдегендер да болгон.

"Аябай өкүнүчтүү», — дейт Эквадордон келген күйөрман Хосе футбол боюнча чемпионатта стадиондо пивонун сатылбай калганына капа болуп.

"Мына эмесе деп алкоголсуз пивону алып алдым, жок дегенде даамын сезейин".«100%», — дейт сөзгө кошулган Эмилио. «Пиво деп кыйкырган адамдар болду».

Катардын стадиондорунда пиво сатылбасын деген чечим чемпионат болор алдында гана кабыл алынды. Бул пиводон чыккан биринчи талаш эмес, ФИФА алкоголдын стадиондордо сатылышы үчүн далай жолу күрөшүп келгени белгилүү.Мурда дагы чемпионаттар убагында футболдун жетекчилигин колониализмге айыптап, күйөрмандардын коопсуздугунан акчаны артык көрөт деп тилдеген учурлар да болгон.

ФИФАнын саясаты

A Budweiser in front of a Qatar World Cup logo

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катарда футбол чемпионаты учурунда пиво сатылбасын деген чечим дүйнөлүк мелдештер башталарга саналуу күн калганда кабыл алынды

2004-жылга чейин болгон ири мелдештердин эрежесинде уюштуруучуларга алкогол сатууга тыюу салынган жана ичимдик ичип келгендер стадиондон чыгарылат деп жазылган.

Бирок футболдун дүйнөлүк уюму бул эрежени өзгөртүүнү жактап, чемпионат учурунда алкогол ичимдиктерин сатылышы үчүн күрөшүп, мелдешти өткөрүп жаткан өлкөлөр менен кармашып келди.

Бразилияда тыюунун алынышы

Fans in Brazil shirts drink beer

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бразилияда 2014-жылкы дүйнө чемпионатында пиво сатууга уруксат берилген

2014-жылы болгон дүйнө чемпионатынын Бразилияда өткөрүү эң сонун чечим катары кабыл алынган. Футболду жанындай көргөн латынамерикалык өлкө дүйнөнүн беш жолу чемпиону болгон. Бул жакта пивону да аябай жакшы көрүшөт.

Бирок башка өлкөлөрдөй эле бразилиялык күйөрмандардын эмоциясы ашып-ташып, кээде чыр-чатак чыгып, мушташка айланып кетчү. Ошондуктан 2003-жылы Бразилияда футболдук мелдештерде алкогол ичимдиктерине тыюу салышкан.

Анткен менен ФИФАнын көптөн берки өнөктөшү Budweiser компаниясы турнирдин башкы спонсору болуп, ал өз кезегинде эрежени өзгөртүүнү талап кылган. ФИФАнын баш катчысы Вальке "биздин пиво сатууга укугубуз эрежеге кириши керек" деген болчу.

Бразилиянын саламаттык сактоо министри буга каршы болгон, ал эми президенттин кеңешчиси Марко Аурелио Гарсия Валькени "колонизатор", "бекерчи", "былжырак" деп атаган.

Ошого карабай, 2014-жылы Бразилия макул болуп, турнир убагында алкогол сатууга уруксат берген.

Мелдештер убагында атаандаш күйөрмандар ортосунда бир топ кагылышуулар болгон. Рио-де-Жанейродо Колумбия менен Уругвайдын оюнунда ызылдашкан күйөрмандардын ортосуна түшүп, мушташты басышккан.

Ошондо Вальке бразилиялык SporTV каналына: «Мен мас адамдардын көптүгүнө аябай таң калдым" деп айткан.

ФИФА саясатын кийин өзгөртүшү мүмкүнбү деген суроого ал: "Эгер биз көзөмөл зарыл десек, анда көзөмөлдөй алабыз" деп жооп берген.

Россияга болгон кысым

A fan holds a container with four glasses of Budweiser in it

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Будвайзер 2018-жылдагы дүйнө чемпионатында сатыкта болгон

2018-жылы Россияда болгон дүйнө чемпионатында ФИФАнын саясаты өзгөргөн эмес. Бразилия сыяктуу эле Россия дагы чоң маанилүү мелдештерде алкогол сатууга чектөө коюп келатат.2005-жылы өкмөт спорттук стадиондордо алкогол сатууга жана аны реклама кылууга тыюу салган. 2014-жылы Сочидеги Кышкы олимпиадалык оюндарда алкоголдук бренддер чоң спонсор болгон эмес, ал эми 2012-жылы Россия алкогол жарнамасына телекөрсөтүүдө, Интернетте жана гезит-журналдарда тыюу салынган.

Бирок кийинки жылы президент Владимир Путин дүйнөлүк чемпионатта алкогол сатууга уруксат берген жана пивону жарнама кылууга салынган чектөөнү убактылуу азайткан мыйзамга кол койгон.

Ростов областы өзүнчө жергиликтүү стадиондо алкоголь сатууну тыюуга аракет кылганда, аны соттук доо менен коркутуп жатып токтотушкан.

Диний каршылыктар

УЕФА Евро-2022 болгондо турнирдин спонсору болгон компаниянын Heineken пивосу столдо тургандыктан, басма сөз жыйынына катышуудан баш тарткан оюнчулар болгон.

Француз жарым коргоочусу Поль Погба бир жолку оюнда суроого жооп берерден мурда столдон пивонун бөтөлкөсүн алып таштаган.

Анын жердеши Карим Бензема, Погба сыяктуу эле мусулман болгондуктан журналисттер менен сүйлөшкөндө пивонун бөтөлкөлөрүн койдурткан эмес.

Катардагы тыюу

A man sips one of several beers he is carrying

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пиво Катардын сый меймандар зонасында сатылып жатат

Катардагы дүйнө чемпионатында оюндарды өткөрүп жаткан өлкөнүн диний каршылыгынан улам ФИФА стадиондо күйөрмандарга пиво сатылбасын деген тыюуга макул болду.Бирок VIP билети барларга мурдагыдай эле сыйлуу меймандар ложасында мелдештер убагында да, андан кийин да алкогол ичимдиктерин сатып алганга уруксат.

Пиво сатылбай калганы ФИФА менен Budweiser AB InBev компаниясынын ортосундагы мамилеге кандай таасир берет, азыр белгисиз.

Аталган компания 1980-жылдардан бери ири спонсор болуп, ар бир чемпионатка 75 миллион доллардан төлөп келатат. Budweiser брендинин мекени АКШ — 2026-жылы чемпионат өткөрө турган үч өлкөнүн бири, ошондуктан AB InBev эмки дүйнөлүк мелдеште башкача болот деп көңүл жубатып турса болот. (КС)