Иракта ооруканадагы өрт элүү чакты адамдын өмүрүн жалмады

Сүрөттүн булагы, ASAAD NIAZI
Ирактын премьер-министри Насирия шаарындагы элүүдөн кем эмес адам өлгөн өрт кырсыгын иликтөөнү буйруду. Мустафа аль-Кадхеми ошондой эле Аль-Хуссейн ооруканасынын башчысы менен регионалдык саламаттык сактоо директорун кармоого да буйрук берди. Расмий адамдар өрт кычкылтек баллон жарылгандан болду деп болжоп атышат.
Кырсык болгон жерден келген сүрөттөргө караганда, Ковид менен ооругандар жаткан оорукана бүтүндөй өрткө чулганган, асманды көздөй чубалжыган коюу түтүн көрүнөт. Тез жардам бригадасы ооруканадан күйгөн денелерди алып чыгып атканын көргөнүн журналисттер билдиришти.
Расмий адамдар кырсык болгон жерде куткаруу издөө иштери жүрүп жатканын айтууда. Бирок көп оорулуулардын дайын дареги чыкпай атат.
Окуя болгон жердеги полиция өрт кычкылтек баллонунун жарылганынан болгон деп болжоп жатат. Мындай өрт Багдадда апрелде да болгон, туура эмес сакталбаган кычкылтек баллону жарылып, өрт чыккан. (КС)







