Испания: Энесин өлтүрүп, этин жеген...

Альберто Санчез Гомез 2019-жылы кармалган

Сүрөттүн булагы, SPANISH POLICE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альберто Санчез Гомез 2019-жылы кармалган

28 жаштагы Альберто Санчез Гомез 2019-жылы анын үйүндө пластик контейнерлерге салынган адам сөөгүнүн калдыктары табылганда камакка алынган.

Санчездин кылмышты жасаган учурда психоз абалында болгону тууралуу айткандарын сот четке какты.

Ал киши өлтүргөнү үчүн 15 жылга жана сөөктү кескилегени үчүн кошумча беш айга абакка кесилди.

Ал ошондой эле бир тууганына 73 миң доллар компенсация төлөй турган болду.

2019-жылдын февраль айында алтымыштарга чыгып калган Мария Соледад Гомездин курбусу ал тууралуу коптонуусун билдирген соң, Мадриддин чыгыш жагындагы үйгө полиция келген.

Сот ал кезде 26 жашта болгон Гонзалес уруштан улам апасын муунтуп өлтүрүп салганын укту. Ал апасынын сөөгүн кескилеп эки жума бою өзү да жеген, итине да берип турган.

Испаниянын маалымат каражаттары билдиргендей, ал мурда да апасына кол көтөргөнү полицияга маалым болчу. Окуя болгон учурда ал полициянын чектөө талабын бузуп жүргөн.