ЕБ соту малды ток менен эсин оодарбай туруп мууздоого тыюу салды

File pic of halal slaughter of sheep in Belgium

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европанын мусулман менен жөөт коомчулугу өткөн жылы Бельгиянын чечимине арызданып, сотко кайрылган

Өткөн жылы Бельгиянын Фламанд аймагы малды алгач ток менен эсин оодарып туруп, адал же кошер жолу менен союу керек деген мыйзам кабыл алган. Мусулман жана жөөт коомчулугу Бельгиянын чечимине каршы Европа Биримдигинин сотуна арызданган.

Бир жылдан кийин Европанын соту диний топтордун жүйөөсүн четке кагып, малды ток менен эсин оодарбай туруп мууздоого тыюу салды.

Европанын соту биримдикке кирген мамлекеттер диний ишенимдин эркиндигин, ошол эле учурда жаныбарларга дагы кам көрүү керек экенин белгиледи. Башкача айтканда бул маселеде тең салмактуулук принциби зарыл экени айтылган.

Бельгияда бул мыйзамды кабыл алган Фламанд парламенти илимий изилдөөлөргө таянып, малды ток менен эсин оодарып союу эң ырайым жол экенин далилдеген. Малды ток менен эсин оодарганда, жаныбар тирүү калат. Демек, диний жөрөлгөлөргө дагы каршы келбейт, эс-учун жоготкон жаныбар кыйналбайт, деп билдирген эле депутаттар.

Европа Биримдигинин раввиндер кеңеши болсо, бул чечим жөөт коомчулугуна терс таасир этет деп айтууда. Мусулман топтору дагы Бельгияда мыйзамдын кабыл алуусуна каршылык көрсөтүп келген. Диний уюмдар эми Европанын Адам укуктары боюнча сотуна даттанарын айтууда.

Бирок жаныбарларды коргогон уюмдар Европа сотунун чечимин колдоп, "тарых жазылып" жатканын белгилешти. Гайа сыяктуу жаныбарларды коргоп келген уюм 25 жылдан бери ушул багытта иш алып барган.

Flemish Minister of Education and Animal Welfare and Sports Ben Weyts

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фламандиялык министр Бен Вейтс диний коомчулук менен байланышып, аларга "жаңы барак ачууга" түшүндүрмө иштери жүргүзүлөөрүн айтты

Жаңы эрежелерге ылайык, малды ток менен эсин оодаргандан кийин жаныбар тирүү кезинде мууздалат. Европа Биримдиги буга чейин эле малды ток менен эсин оодарып союу чечимин кабыл алган. Бирок мусулман менен жөөт коомчулугуна багытталган эт үчүн лицензиясы бар ишканаларга малды дароо мууздап салууга уруксат берген.