Уулун ондогон жылдар бою батирде кармаган эне

Сүрөттүн булагы, EPA
Швециянын полициясы отуз жыл бою уулун батирде кармаган карыяны камакка алды. Ал кырк жашка чыгып калган уулун "майып болуп калганга чейин сабап, батирде абактагыдай эле кармады" деген дооматтарды четке кагууда.
Карыя ооруканага жатып калганда, жекшемби күнү үйгө анын жакындары келип, уулун көрүп калган.
Полиция Стокгольмдун түштүк тарабында жайгашкан батирде тинтүү иштерин жүргүзүп, окуяга күбө болгондорду издеп жатат.
Жетимишке барып калган аял тергөө учурунда камакта болот. Эгерде ал күнөөлүү деп табылса, он жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.
Карыянын уулу кантип табылды?
Карыя ооруп калып, бейтапканага жатканда анын кызы үйүнө барган. Кызы өспүрүм кезинде эле энеси менен тил табышпай, үйдөн көчүп кеткен экен.

Сүрөттүн булагы, EPA
Швециянын маалымат каражаттары карыянын кызы менен маек курду. Ал иниси 11 же 12 жашында жергиликтүү бийликке кайрылып, анын саламаттыгын текшерүүнү өтүнгөнүн айткан. Бирок жергиликтүү бийлик эч чара көргөн эмес.
Кызы үйгө кирип барганда батирдин ичи абдан кир, зара жыттанып турганын айткан. Ал эшиктен эле "салам" деп учурушканда эч ким жооп берген эмес. Бирок тамак даярдалчу бөлмөдөн үн чыккан. Ал жака кирип барганда, караңгы бөлмөдө тиши жок, денеси көгөргөн, араң сүйлөгөн киши бурчта жаткан. Эжесин көргөн киши көптөгөн жылдар өтсө дагы аны дароо таанып, атын токтобой кайталаган. Карыянын кызы тез жардамга байланышып, алар полицияны чакырган.
"Азырынча бир гана бул киши көп жылдар бою камакта отурду деп айта алабыз. Так канча жыл экенин дагы айта албайбыз, бул тергөө иштеринин бир бөлүгү.",-деди Стокгольмдун полиция өкүлү Ола Өстерлинг.
Эне менен баланын мамилеси?
Швециянын SVT басылмасы карыянын дагы бир тууганын маекке тартып, жетимиштеги аялдын жашы жетиле элек баласы чарчап калганын аныктаган.
Карыя кайра төрөп, уулун чарчап калган баласындай атаган. Карыя өтүп кеткен уулу кайтып келди деп ишенген экен. Ошондуктан аны "коргоп жатам" деп ойлогон.













