Ливандагы толкундоолор: эйфориядан туңгуюкка

Anti-government protesters at al-Nour Square in Tripoli, Lebanon (20 October 2019)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ливанда бир жыл мурун ири демонстрациялар болгон

Ливандын эң жакыр деп саналган Триполи шаарынын "Нур" аянтында бир жыл мурун ири демонстрациялар болгон. Миңдегендер аянтка топтолуп, музыка жаңырып, "завра, завра, завра" же арабчадан которгондо ыңкылап деген чакырыктар болгон.

Жергиликтүүлөр жумуш орундарды, социалдык кызматтардын оңолушун жана коррупциянын деңгээлинин төмөндөшүн талап кылышкан.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

1px transparent line

Демонстранттар коомдун ар түрдүү катмарынан жана диний ишенимден эле. Ливанда диний жана коомдогу катмарлардын ажырымы көзгө урунат. Бирок ошол күнү саясий өзгөрүүнү каалаган жаштар бириккен эле.

Anti-government protesters at al-Nour Square in Tripoli, Lebanon (20 October 2019)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ливанда бир жыл мурун ири демонстрациялар болгон

Бул демонстрацияга өкмөт WhatsApp жана мессенджердеги чалууларга кошумча салык киргизем дегенден чыккан. Бирок чынында, жергиликтүүлөр коррупциядан тажап, көчөгө чыккан. Митингчилер өкмөт жөнөкөй эле шарттарды дагы түзүп бере албай, чабал иштеп жатат деп айыпташкан. Электр энергиясы жана таза суу үзгүлтүк менен берилип, Ливандын сырткы карызы ИДӨнун болжолу 150 пайызын түзгөн. Нааразылык билдиргендер, ошол эле маалда өлкөнүн премьер-министри Саад Харири түштүкафрикалык моделге 16 миллион доллар белек кылган деп дагы айыпташкан.

Өкмөт кошумча салыктан баш тартып, аткаминерлердин айлыктарын кыскартып, реформа жүргүзүү боюнча программа кабыл алган. Бирок бул кадам демонстранттарды тынчыткан эмес. Ошентип Ливан соңку 15 жыл ичинде боло элек массалык жүрүштүн кучагында калган.

Андан бери өлкөдөгү нааразылык акциялар токтой элек. Коронавирус пандемиясы түзгөн экономикалык каатчылыктан улам жарандар кыйынчылыкка туш болду. Жакында эле Ливандын Улуттук банкы ири "пирамида" схемасы аркылуу иш алып барганы аныкталып, өлкөнүн экономикасы кыйрады.

A man gestures to soldiers in front of a bank set on fire by protesters in Tripoli, Lebanon (28 April 2020)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Триполи шаарындагы банктар бутага алынган

Ал аз келгенсип, 4-августта баш калаа Бейруттун портунда жарылуу болгон. Көрсө, 2 750 тонна аммоний нитраты Бейруттагы портто алты жылдан бери сакталып турган экен, ошол эле маалда эч кандай коопсуздук шарттары сакталбаганы анык болгон. Аммоний нитраты же аммиак селитрасы (NH4NО3) азоттук жер семирткич жана жарылгыч заттарды өндүрүүдө колдонулат.

Жарылуудан 200 киши каза таап, алты миң киши ар кандай жаракат алган. Шаардын чоң бөлүгү талкаланган.

Ливандыктар бул трагедия үчүн бүтүндөй саясий элитаны айыптады. Ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан бийликтеги шалаакылык, коррупция, чабал кадр саясаты ушуга жеткирди дегени нааразылыктар күчөдү. Натыйжада Ливандын өкмөтү отставкага кетти.

File photo showing a man looks at the remains of Beirut's port following a huge explosion (11 August 2020)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бейрут портунда сакталган 2 750 тонна аммоний нитраттан улам жарылуу болду

Чоң реформаларга талап болуп жатканына карабастан, система эч өзгөргөн жок. Бир жыл мурун тутанган ири демонстрациялардан кийин иштен кеткен Саад Харири, эми кайра бийликке келиши ыктымал.

Бирок айрым тургундар абалдын өтө начар болгону, тескерисинче үмүт берип жатканын айтууда.

"Отуз жылдын ичинде коррупцияга баттык, түбүнө жеттик десек болот. Бир дагы таза саясатчы жок. Демек, жаштардын жоготууга эч нерсеси жок. Алар тынч тура бербейт, мурдагыдай оозун жаап калбайт",-дейт алтымыш жаштагы Лина Боубес.

Lebanese President Michel Aoun (L) speaks to former Prime Minister Saad Hariri (R) at the Baabda Palace (12 October 2020)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саад Харири (оң тарапта) бир жыл мурун болгон демонстрациялардан кийин кызматан кеткен

Бирок активист Лина Боубестин сөзүнө баары кошулбайт. Бир жыл мурунку эйфориядан кийин өлкө саясий жана экономикалык туңгуюкка кептелди.

Билимдүү жаштардын көбү өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөп турганын жашырышпайт. Ошол эле учурда эл аралык коомчулуктан жардам болбосо, Ливан таасирдүү коңшу мамлекеттерге көз карандысыздыгын жоготот деген дагы кооптонуулар айтылууда.