Ирандын согуш кемеси ракетасын сыноодон өткөрүп жатып, башка кемени атып алды
Оман булуңундагы машыгуу учурунда ирандык "Жамаран" аскер кемеси жардамчы "Конарак" кемесин ракета менен атып алды. 19 аскер кызматкери каза таап, 15 киши жаракат алганы кабарланууда.
Ирандык медиа окуя согуш кемелерине каршы иштелип чыккан жаңы ракетаны сыноо маалында болгонун жазып чыкты. Андагы маалыматтарда, "Конарак" кемеси ракеталык аткылоо үчүн буталарды коюп жүргөн деп айтылат. Бир бутанын айланасынан жетиштүү аралыкта алыстай албай калганда, ракетага кабылган. Кемеде канча сандагы деңиз аскерлери болгону айтылган жок. Ирандык флот окуяны териштирип жатканын ырастады.
Ракета жаңылган кемени портко сүйрөп келишти. Idrib мамлекеттик каналы көрсөткөн кадрларда кемеден кара түтүн чыгып турат.
Бул окуя Ормуз кысыгынын аймагында болгон. Бул кысык аркылуу дүйнөдө керектелген мунайдын бештен бири өтүп турат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Иран армиясынын кол башчысы Абдулрахим Мусави менен Ислам революциясынын сакчылары корпусунун жетекчиси Хоссейн Салами каза тапкан аскер кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты.
Анализ
Жонатан Маркус, Би-Би-Си кабарчысы
Ирандын куралдуу күчтөрү буга чейин дагы бир нече жолу ушундай адашууларга барган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Январь айында эле ирандык Абадан коргонуу күчтөрү Украинанын жүргүнчү учагына адашып ракета атып алган. Учактын бортундагылардын баары көз жумду. Бул окуя АКШ менен Иран ортосундагы чатак ырбап турган учурда болду. Иран жооптуу ракеталык аткылоону күтүп турган.
Жекшембидеги окуя таптакыр башка жагдайда, пландалган машыгуу учурунда болуп жатат. Мунун өзү аскер жетекчилеринин оперативдүүлүгү, дегеле ирандык флоттун кесипкөйлүгү боюнча көптөгөн суроолорду жаратат.
Иран өзүнүн Аскер-деңиз күчтөрү аракеттенген аймактарды кеңейтип, флотун жаңы курал-жарак менен жабдыгысы келет. "Жамаран" согуш кемеси Иран өзү чыгарган жаңы үлгүдөгү саналып, ирандык флоттун өнүгүшүнүн жаңы багытын символдоштуруп турат. Ирандын Перс булуңундагы америкалык жана башка мунай ташыган танкерлерге тоскоолдук жаратуу аракеттерине көп учурда Ислам революциясынын сакчылары корпусунун кайгуул кемелери аралашкан учурлар көп. (AbA)













