Канар аралдарын Сахарадан келген кумдуу бороон каптады
Сахарадан келген кумдуу бороон Канар аралдарын каптап, туристтерге ыңгайсыздык жаратты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жекшембиде Канар аралдарына аба каттамдары токтотулуп, учактар башка аэропортко жөнөтүлгөн. Кечинде каттамдар кайра иштеп калды. Бирок Тенериф аралындагы аэропорт иштей элек.

Сүрөттүн булагы, NASA
Дем алыш күндөрү бийлик өкүлдөрү тургундарга үйүнөн сыртка чыкпоого кеңеш берди.
Испаниянын метеорология кызматы саатына 120 чакырымга чейин согуп жаткан шамал дүйшөмбүгө чейин улана турганын эскертти. Катуу шамал Сахара чөлүндөгү кумду кошо алып келди.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кумдуу бороон спутниктен алынган сүрөттөрдөн дагы көрүнөт. Бороон өтө кубаттуу болгондуктан жекшембиде 822 аба каттамы токтоду. Аралдагы температура жыл боюу 20 градус тегерегинде болот.

Сүрөттүн булагы, EPA
Акыркы күндөрү 30 градустан ашып, өрт чыгып, 500 киши коопсуз жайга эвакуацияланды.
*




