Багдаддын полициясы: “Балдарым өнүккөн өлкөдө жашашын каалайм”

- Author, Том Робертс
- Role, Би-Би-Синин Араб кызматы
Ирактын жаштарынын келечеги кандай болорун айтуу кыйын. Соңку жылдары өлкөдө согуш, улут аралык кастык, саясий башаламандык орноп, анын психологиялык кесепети оор болду. Учурда өкмөт сунуштаган социалдык кызматтар жокко эсе, өлкөнүн экономикасы болсо сазга батып элдин бийликке болгон ишеними эң төмөн чекке түштү.
Миңдеген кишилер көчөгө чыгып нааразылыгын билдиргенде, Ирактын бийлиги күч колдонуп, анын натыйжасында жүздөгөндөрү каза тапты. Мындай оор абалда полицияга эл арасында ишеним жоголду. Бирок майор Абдел Азиз Насер өзүнүн ачык маанайы менен башкалардын ишенимин табууда.
"Он миң киши жардамга кайрылды"
Майор Азиз Багдаддагы полиция кызматкеринин жаңы образы. Ал көйгөйдү жаңы көз караш менен карайт, коомдук медианы жана технологияны мыкты өздөштүргөн. Эң маанилүүсү ал бийликке же жетекчиликке эмес, коомго кызмат кылууга умтулат.
Майор Азиз полициянын коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы катары дайындалган. Учурда ага күнүнө он миң киши жардам сурап кайрылат экен. Майор Багдаддын полициясынын беделин көтөрүп, коопсуздук кызматкерлер менен коомдун ортосундагы ажырымды азайтууну көздөйт.

Бул оңой максат эмес. Саддам Хусейн бийликте болгондо, полиция оппозициянын оозун жабуу үчүн колдонулган. Ошол доордо Ирактын полициясы коррупция менен жөндөмсүздүктүн символуна айланган. Андан бери коопсуздук кызматкерлеринин аброю көтөрүлгөн жок.
Ага карабастан Майор Азиз оптимист бойдон калууда. Ал көйгөйлөр көп экенин мойнуна алат. Маселелерди ишти жогорку кесипкөйлүк менен аткарып жеңип алууга мүмкүн экенине ишенет.
Кароосуз калган балдар
Офицерди ээрчип жүргөндө Багдаддагы үрөй учурган окуяларга туш болосуң. Маселен, Майорду өзүн өлтүрүүгө аракеттенген төрт баланын энеси чакырды. Офицер этият болушу керек, себеби Иракта өз өмүрүнө кол салуу бүтүндөй үй-бүлөнүн беделине шек келтирүү катары саналат. Демек, аялдын өзүнө жакындары тарабынан коркунуч жаралышы ыктымал.
Бир нече сааттан кийин полиция кызматкери кароосуз калган беш балага кам көрүп калды. Балдардын эжеси дүкөнгө барып келейин деп кеткен, ошол бойдон кайткан жок. Офицер ачууланып, көзүнөн жаш агып, балдарды асырап алууга деле даяр экенин айтууда.

Иракта кароосуз калган балдардын саны өсүп жатат. Ирактыктардын көбү жаш балдарга кам көрө албай калды. Жыйырма жылдын ичинде иштеп акча тапкан үй-бүлө мүчөлөрү каза таап же жаракат алып, азык-түлүгү жок отургандар көп.
Офицердин иши мунун менен бүткөн жок. Ал адам өлтүрүүгө шектелген кишини суракка алды. Шектүү Германияда сүйгөн кызын өлтүрүп, кайра Иракка кайтып келген. Ал сүйгөн кызы ага күйөөгө чыкпай койгону үчүн намыстаныптыр. Эми кыздын үй-бүлөсү өч алууну көздөп турат. Бул эки уруунун ортосундагы кастыкка алып барышы ыктымал. Азырынча эки үй-бүлөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр уланууда.
Жума сайын офицер эки саатка коомго эшигин ачык коет. Бул учурда каалагандар келип, арызын айтып, жардам ала алышат. Майор Азиз жол кырсыгындагы талаштан тарта, киши өлтүрүү, уурулук сыяктуу кылмыштар боюнча арыздарды кабыл алат. Мыйзамды жакшы билген адам катары аларды иликтеп чыгат.

Популярдуулуктун куну
Майор Азиз өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп өлкө боюнча атак-даңкка бөлөндү. Ал полициянын аброюн иш аракет менен көтөрүүдө. Бирок бул аракетинен улам ага каршы чыккандарды дагы пайда болду. Айрым офицерлер Майор Азизди шылдыңдап, бут тосушат.
Жада калса өткөн сентябрь айында, аны кызматтан кетиришкен. Бирок коомчулук нааразы болгондуктан, аны кайра ишке алышкан.
Бюрократиялык согуш Багдаддагы чыныгы абалдын көрүнүшү. Аны жеңүүгө бел байлаган кызматкерлер бар экени миңдегендерге үмүт берүүдө. (AT)









